Журахон Рахмонов
Төрөлгөндөгү ысымы: |
Жўрахон Раҳмонбердиевич Раҳмонов |
---|---|
Туулган датасы: | |
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: |
Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири жана артисти, Өзбекстан эмгек сиңирген артисти |
Карьерасы: | |
Багыты: | |
Сыйлыктары: | Өзбекстан эмгек сиңирген артисти, Кыргыз ССР Жогорку Совети Президиумунун 2 жолу ардак грамоталары, IX беш жылдык ударниги медалы, Кыргыз ССРынын маданият министрлигинин ардак грамотасы, Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу катарында көптөгөн медалдар менен сыйланган. |
Журахон Рахмонбердиевич Рахмонов (өзб. Жўрахон Раҳмонов; (1917-1977), Ош шаары, Ош уезди, Түркстан - Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык театр жана кино артисти, театралдык ишмер, Өзбекстан эмгек сиңирген артисти (1974), Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери[1], ал Кыргызстандын жана Өзбекстандын маданиятын жана көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Журахон Рахмонов 18 август 1917 жылы Ош шаарында кызматчылардын үй-бүлөсундө туулган. Ал Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери. 1937 жылы Ош театрына артист болуп жумушка кирди. Ошондой эле Ош театрынын түзүүчүлөрү болуп анын атасы Рахмонберди Мадазимов (1914 жылдан) жана анын бир тууганы Уринбой Рахмонов (1927 жылдан) болуп саналат[2]. 1938 жылы Кызыл армиянын катарына чакырылган. Совет-фин согушунда, Ленинграддын курчоосун коргоосунда катышкан, 2-чи Белоруссия фронту 9-чи танк корпусу[3] 95-чи танк бригадасында[4] улук сержант болуп кызмат кылган[5]. Россияны, Украинаны, Белоруссияны, Польшаны, Германияны бошотууда, Берлинди жана Рейхстагты алууда катышкан. "Ата Мекендик согуштун" II даражадагы ордени (буйрук 9-ТК № 015/п 23 август 1943 жыл), ошондой эле көп сандаган медалдар менен сыйланган[6].
Согуш аяктагандан кийин Журахон Рахмонов Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрына жумушка кайтып келди жана өмүрүнүн аягына чейин ал жерде артист болуп иштеди, театрда жана кинода жүздөн ашык ролдорду ойноду. Театралдык жамаатынын жана Журахон Рахмоновдун чыгармачылыгын денгээлин көтөрүүда Ош театрынын сахнасында коюлган Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу", К. Яшин жана М. Мухамедовдун "Дилором", Шекспирдын "Отелло" чыгармалары чоң роль ойноду. Кийинки жылдары Журахон Рахмонов Шараф Рашидовдун "Кубаттуу толкун" , К. Тренёвдун "Любовь Яровая", "Кизил галстук", Шиллердин "Алдоо жана сүйүү", К. Гольдонинын "Эки мырзага малай", Александр Островскийдин "Добул", Насриддин Байтемировдун «Уркуя», "Той алдында дүрбөлөн", "Сүйүү, жаз жана шайтан" чыгармаларында роль ойногон.
14-25 октябрь 1958 жылы Журахон Рахмонов Ош өзбек драма театрынын жамааты менен бирге Москвада кыргыз искусствосу жана адабиятынын экинчи декадасында катышкан. 1961 жылы 20 февралында Кыргызстан театралдык коомунун I съездинде катышкан. 1967 жылы Ош өзбек драма театры Тажик ССРда гастрольда болчу. Гастролдор чоң ийгилик менен өтүү, жамаат Тажик ССР маданият министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды. 11-17 июль 1967 жылы Москвада Кыргызстандын маданият жана искусство Күндөрүндө катышкан. 4-14 сентябрь 1969 жылы Өзбек ССРда кыргыз адабияты жана искусство декадасында катышкан. 2-10 апрель 1970 жылы В.И. Ленин 100 жылдыгына арналган СССР элдеринин искусство майрамында катышкан[7].
Журахон Рахмонов кыргыз тилин мыкты билгени учун, ал С. Ибраимов атындагы Ош кыргыз академиялык драма театры (24 ноябрь 1972 жылы уюшулган, 1974 жылы курулду) ачылганга чейин кыргыз улуттук жазуучулардын классикалык жана заманбап чыгармаларын пропагандалады жана театр сахнасында коюда активдүү катышкан. Ал кыргыз авторлорунун чыгармаларын аткарууда ролдорду нукура кыргыз тилинде ойноду. 1957 жылы ал Кыргыз ССРынын маданият министрлигинин ардак грамотасы менен, ал эми 1976 жылы IX беш жылдык ударниги медалы менен сыйланган. Ташкентте гастролдор бүткөндөн кийин маданият жана искусство пропагандалоо жана өнүктүрүү учун кошкон зор салымы үчүн Журахон Рахмонов Өзбек ССР Жогорку Совети Президиумунун 5 июль 1974 жылдагы №164 Жарлыгы менен Өзбекстан эмгек сиңирген артисти (медаль № 877) ардак наам менен сыйланды[8]. Кыргызстан тарыхында эки артист гана бул ардактуу наам менен сыйланышкан.
Журахон Рахмонов күлкүлүү жана трагедиялуу ролдорду ойногон актёр болчу, жүздөн ашык ролдорду ойногон. Анын көпчүлүк күлкүлүү сүйлөөлөру жана кырдаалдары жазуучу Абдугани Абдугафуровдун күлкүлүү пьесаларында жана анын 2000 жылы чыгарылган "Оштун көрүнүктүү инсандары" китебинде, "Муштум" журналында жарыяланды. Драматург Абдугани Абдугафуровдун 2010 жылы чыгарылган "Ош академиялык театры" китебинде Бабур атындагы Ош театрынын чыгармачылык ишинде Журахон Рахмоновдун сиңирген эмгеги чагылдырылган.
Журахон Рахмоновдун Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүгүшүнө чоң салым кошкон сиңирген эмгеги Кыргыз ССРынын жетекчилиги тарабынан эске алынып, ал көп жолу сыйланды,[9] Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши Президиумунун (1968 жана 1974 жылдары) эки ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргызстан тарыхында бул ардак грамота менен эки жолу сыйланган бир нече көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлерлер гана бар[10].
Журахон Рахмонов 7 апрель 1977 жылы каза болду жана ал Ош шаарында көмүүлдү. Анын көмүү чарасында, Ош обком партиясынын биринчи катчысы Султан Ибраимов жана Ош шаардык аткаруу комитетинын жетекчилери катышты жана коштошуу сөздорун айтышты[11]. Эмгек сиңирген артист каза болгондон кийин, Ош шаардык аткаруу комитетинин жана Ош облусунун маданият башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан актёр туулуп өскөн Ош шаарындагы Алебастрова көчөсүн Журахон Рахмоновдун урматына кайра атоо демилгесин көтөрүшкөн[12][13][14].
Журахон Рахмонов Ош облусунун, Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун Кенештеринин депутаты болуп шайланган.
Фильмография
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жыл | Орусча аталышы | Нукура аталышы | Ролу |
---|---|---|---|
1971 | ru:Захар Беркут (фильм, 1971) | Захар Беркут | Эпизод |
1972 | ru:Улица (фильм, 1972) | Көчө | Короз оюнчу |
1964 | ru:Джура (фильм, 1964) | Жўра | Басмачы |
1939 | ru:Азамат (фильм, 1939) | Азамат | Эпизод |
Театрдагы чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Год | Название | Оригинальное название өзб. {{{1}}} | Автор |
---|---|---|---|
1937 | Обман и любовь | Макр ва муҳаббат | Фридрих Шиллер |
1937 | Фархад и Ширин | «Фархад менен Ширин» | Ш. Хуршид |
1938 | Слуга двух господ | Икки хўжайинга бир қул | К.Гольдони |
1938 | Сабля Узбекистана | Ўзбекистон қиличи | Сабир Абдулла |
1946 | Честь женщины | Аёл номуси | Мухтаров |
1947 | Весна | Навбаҳор | Уйгун |
1947 | Фархад и Ширин | «Фархад менен Ширин» | Хуршид |
1948 | Красный галстук | Қизил галстук | Константин Тренёв |
1948 | Песня жизни | Ҳаёт қўшиғи | Уйгун |
1948 | Алтынкуль | Олтинкўл | Уйгун |
1949 | Лепестки | Ғунчалар | Зиннат Фатхуллин |
1949 | Семург | Семурғ | Хамид Алимджан |
1950 | Адолат | Адолат | Исмоил Акрам |
1950 | Алпамыш | Алпомиш | Сабир Абдулла |
1951 | Токтогул | Тўқтағул | Ж. Бөкөнбаев |
1951 | Лейли и Меджнун | Лайли ва Мажнун | Хуршид |
1952 | Ёрилтош | Ёрилтош | Шукур Саъдулла |
1952 | Радость | Шодлик | Махмуд Рахмон |
1952 | Шёлковое сюзане | Шоҳи сўзана | Абдулла Каххар |
1953 | Алишер Навои | Алишер Навоий | Иззат Султан |
1953 | Наталка Полтавка | Наталка Полтавка | Н. Лысенко |
1953 | Нурхон | Нурхон | Комил Яшин |
1954 | Праздник на поле | Далада байрам | Шукур Саъдулла |
1954 | Сердечные секреты | Юрак сирлари | Бахром Рахмонов |
1955 | Офтобхон | Офтобхон | Комил Яшин |
1955 | Девушка реки Ганг | Ганг дарёсининг қизи | Рабиндранат Тагор |
1956 | Равшан и Зулхумор | Равшан ва Зулҳумор | Комил Яшин |
1956 | Любовь к Родине | Ватан ишқи | Зиннат Фатхуллин |
1956 | Сундук секретов | Сирли сандиқ | И. Ахмедов |
1957 | Алпамыш | Алпомиш | Сабир Абдулла |
1957 | Юлдуз | Юлдуз | Самед Вургун |
1958 | Ойгул и Бахтияр | Ойгул ва Бахтиёр | Хамид Алимджан |
1958 | Именем революции | Революция номи билан | М. Шатров |
1959 | Орзигул | Орзигул | Турсун Собиров |
1959 | Ашик Гариб и Шахсанам | Ошиқ Ғариб ва Шоҳсанам | Ахмад Бобожон |
1959 | Тайфун | Тайфун | Ахмад Бобожон |
1959 | Секреты паранджи | Паранжи сирлари | Хамза |
1960 | На высокой земле | Баланд ерда | Кубанычбек Маликов |
1960 | Ташбалта влюблён | Тошболта ошиқ | Хамид Гулям |
1960 | Принцесса Турандот | Малика Турандот | Карло Гоцци |
1961 | Если твоя голова кривая | Башаранг қийшиқ бўлса | Рихси Орифжонов |
1961 | Дилором | Дилором | Комил Яшин |
1962 | Два браслета | Икки билакузук | Шукур Саъдулла |
1962 | Судьба отца | Отанинг тақдири | Бексултан Жакиев |
1963 | Дитя | Фарзанд | Мухаммаджон Хайруллаев |
1963 | Голос из гроба | Тобутдан товуш | Абдулла Каххар |
1963 | Мели хоббон, Наби товон | Мели ҳаббону Наби товон | Яхёхон Маматхонов |
1964 | Трагедия поэмы | Ғазал фожиаси | Ахмад Бобожон |
1964 | Дорогие девушки | Жон қизлар | Байсеитов, Шангитбоев |
1964 | Отелло | Отелло | Уильям Шекспир |
1964 | Чертова девушка | Шайтон қиз | Касымалы Жантөшев |
1964 | Нимми | Нимми | Премчанд |
1965 | Гули сиёх | Гули сиёҳ | Сахиб Жамал |
1965 | Любовь в молодости | Ёшликда берган кўнгил | Зиннат Фатхуллин |
1965 | Горный беркут | Тоғ бургути | Касымалы Жантөшев |
1965 | Полёт беркута | Бургутнинг парвози | Иззат Султан |
1966 | Неизвестный человек | Номаълум киши | Иззат Султан |
1966 | Гул и Навруз | Гул ва Наврўз | Сабир Абдулла |
1966 | Материнское поле | Момо ер | Чыңгыз Айтматов |
1966 | Парвона | Парвона | Уйгун |
1967 | Дилором | Дилором | Алишер Навои |
1967 | Абдулла Набиев | Абдулла Набиев | Адхам Рахмат |
1967 | Сваты | Қудалар | Уткир Рашид |
1967 | Девушка с усами | Мўйловли қиз | Касымалы Жантөшев |
1968 | Скорпион из алтаря | Меҳробдан чаён | Абдулла Кадыри |
1968 | Стряпуха замужем | Пазанда куёвга чиқди | Анатолий Софронов |
1968 | Новая невеста | Янги келин | Мырзабек Тойбаев |
1968 | Меж двух огней | Икки ўт орасида | Бекниёзов, Исмаилов |
1968 | Сожаление | Пушаймон | Абдугани Абдугафуров |
1969 | Женитьба | Уйланиш | Н. В. Гоголь |
1969 | Странные вещи | Ажаб савдолар | Хамид Гулям |
1969 | Могучая волна | Қудратли тўлқин | Шараф Рашидов |
1969 | Когда заря взойдёт над Ферганой | Фарғонада тонг отгунча | Мирзакалон Исмоилий |
1970 | Кто смеётся последним | Йиқилган тойганга кулар | Т. Абдумомунов |
1970 | Невеста за 5 сом | Беш сўмлик келин | Мамед Саид Ордубади |
1970 | Дешёвый жених | Арзон куёв | Шухрат |
1970 | Требуется лжец | Ёлғончи даркор | Димитрис Псафас |
1971 | Приключения Чанду | Чандунинг саргузаштлари | А.Д. Иловайский |
1971 | Обман по шариату | Ҳийлаи шаръий | Решат Нури Гүнтекин |
1971 | Рустам | Рустам | Умаржон Исмаилов |
1971 | Перед рассветом | Тонг олдидан | Суорун Омоллоон |
1972 | Чертовое поколение | Шайтон авлод | Мухтаров |
1972 | Девушка Атабека | Отабекнинг қизи | Токтоболот Абдумомунов |
1972 | Зло от аппетита | Балойи нафс | А. Абдугафуров |
1973 | Начало жизни | Ҳаётнинг бошланиши | Абдукаххор Маннонов |
1973 | Гроза | Момақалдироқ | Александр Островский |
1973 | Ташбалта влюблён | Тошболта ошиқ | Хамид Гулям |
1973 | Горная красавица | Тоғ гўзали | Саидмуродов |
1974 | Куйдирмаган кундош | Куйдирмаган кундош | А. Абдугафуров |
1974 | Красавица | Соҳибжамол | Жура Махмудов |
1974 | Аширбой | Аширбой | Аалы Токомбаев |
1974 | Преступление без наказания | Жазосиз жиноят | Рихси Орифжонов |
1974 | Бунт невесток | Келинлар қўзғолони | Саид Ахмад |
1975 | Орзигул | Орзигул | Турсун Собиров |
1975 | Ревизор | Ревизор | Н.В. Гоголь |
1975 | Человек издалека | Узоқдаги одам | Умарахунов |
1975 | Старики с молодыми душами | Кўнгли ёш қариялар | Хутаев |
1975 | Адолат | Адолат | Исмаил Акрам |
1976 | Рука друга | Дўстим қўли | Мехрибон Назаров |
1976 | Никому не говори | Ҳеч кимга айтма | Т. Абдумомунов |
1976 | Шутник Али | Масхарабоз Али | Бабаханов |
1976 | Сундук секретов | Сирли сандиқ | Ахмедов |
1977 | Переполох перед свадьбой | Тўй олдидан тўполон | Папаян |
1977 | Уркуя | Урқуя | Насридин Байтемиров |
1977 | Наследство отцов | Оталар мероси | А. Абдугафуров |
1977 | Жалость к животному | Армонли жонивор | Аалы Токомбаев |
- 1937 жыл - Шиллер «Алдоо жана сүйүү», Ш.Хуршид «Фархад менен Ширин».
- 1938 жыл - К.Гольдони «Эки мырзанын малайы», Сабир Абдулла «Өзбекстан кылычы».
- 1946 жыл - Мухтаров «Аялдын абийири».
- 1947 жыл - Уйгун «Жаз», Хуршид «Фархад менен Ширин».
- 1948 жыл - К.Тренёв «Кызыл галстук», Уйгун «Жашоо ыры», Уйгун «Алтынкуль».
- 1949 жыл - З.Фатхуллин «Желекчелер», Хамид Алимджан «Семург».
- 1950 жыл - Исмоил Акрам «Адилеттүүлүк», Сабир Абдулла "Алпамыш".
- 1951 жыл - Ж.Бөкөнбаев «Токтогул», Хуршид «Лейли менен Меджнун».
- 1952 жыл - Шукур Саъдулла «Ёрилтош», Махмуд Рахмон «Кубаныч», Абдулла Каххар «Жибек сузана».
- 1953 жыл - Иззат Султан «Алишер Навои», Н. Лысенко «Наталка Полтавка», Комил Яшин «Нурхон».
- 1954 жыл - Шукур Саъдулла «Талаада майрам», Бахром Рахмонов «Жүрөк сыры».
- 1955 жыл - Комил Яшин «Офтобхон», Рабиндранат Тагор «Ганг дарыясынын кызы».
- 1956 жыл - Комил Яшин «Равшан жана Зулхумор», З.Фатхуллин «Ата-Мекенди сүйүү», И.Ахмедов «Сырлар сандыгы».
- 1957 жыл - Сабир Абдулла "Алпамыш", Самад Вургун «Юлдуз».
- 1958 жыл - Хамид Алимджан «Ойгул жана Бахтиёр», М.Шатров «Революция аты менен».
- 1959 жыл - Турсун Собиров «Орзигул», Ахмад Бобожон «Ашик Гариб менен Шахсанам», А.Бобожон «Тайфун», Хамза «Паранжы сырлары».
- 1960 жыл - Кубанычбек Маликов «Бийик жерде», Хамид Гулям «Ташбалта ашык», Карло Гоцци «Каныша Турандот».
- 1961 жыл - Рихси Орифжонов «Эгерде башы кыйшык болсо», Комил Яшин «Дилором».
- 1962 жыл - Шукур Саъдулла «Эки билерик», Бексултан Жакиев «Атанын тагдыры».
- 1963 жыл - Мухаммаджон Хайруллаев «Бала», Абдулла Каххар «Табыттан добуш», Яхёхон Маматхонов «Мели хоббон, Наби товон».
- 1964 жыл - Ахмад Бобожон «Поэма трагедиясы», Байсеитов, Шаңгытбаев «Бали, бали, кыздар ай», Шекспир «Отелло», Касымали Жантөшев «Шайтан кыз», Премчанд «Нимми».
- 1965 жыл - Сахиб Жамал «Гули сиёх», З.Фатхуллин «Жаштыктагы сүйүү», Касымали Жантөшев «Тоо бүркүтү», Иззат Султан «Бүркүт учушу».
- 1966 жыл - Иззат Султан «Белгисиз киши», Сабир Абдулла «Гул менен Нооруз», Чыңгыз Айтматов «Саманчынын жолу», Уйгун «Парвона».
- 1967 жыл - Алишер Навои «Дилором», Адхам Рахмат «Абдулла Набиев», Уткир Рашид «Жуучу», Касымали Жантөшев «Кыз муруту менен».
- 1968 жыл - Абдулла Кадыри «Төркүнөн чаян», Анатолий Софронов «Ашпозчу аял эрге тийди», Мирзабек Тойбаев «Жаңы келин», Ж.Бекниязов, Исмаилов «Эки от ортосунда», Абдугани Абдугафуров «Өкүнүч».
- 1969 жыл - Н.В. Гоголь "Үйлөнүү", Хамид Гулям «Укмуштуу нерсе», Шараф Рашидов «Кубаттуу толкун», Мирзакалон Исмоилий «Ферганада таң чыкты".
- 1970 жыл - Токтоболот Абдумомунов «Жыгылган оогонго күлөт», Мамед Саид Ордубади «5 сомдук келин», Шухрат «Арзан куйөө», Димитрас Псафас «Жалганчы керек».
- 1971 жыл - А.Д. Иловайский «Чандунун укмуштуу окуясы», Гүнтекин «Шариат менен алдоо», Умаржон Исмаилов «Рустам», Суорун Омоллоон «Таң алдында».
- 1972 жыл - Мухтаров «Шайтан муун», Токтоболот Абдумомунов «Атабектын кызы», А. Абдугафуров «Балойи нафс».
- 1973 жыл - Абдукаххор Маннонов «Жашоонун башталышы», Александр Островский "Добул", Хамид Гулям «Ташбалта ашык», Саидмуродов «Тоо сулуусу».
- 1974 жыл - А. Абдугафуров «Куйдирмаган кундош», Жура Махмудов «Сулуу», Аалы Токомбаев «Ашырбай», Рихси Орифжонов «Жазасы жок кылмыш», Саид Ахмад «Келиндер козголоңу».
- 1975 жыл - Турсун Сабиров «Орзигул», Н.В. Гоголь "Текшерүчү", Умарахунов «Алыстагы адам», Хутаев «Карыялар жаш жаны менен», Исмаил Акрам «Адилеттүүлүк».
- 1976 жыл - Мехрибон Назаров "Достун колу", Т. Абдумомунов «Эч кимге айтпа», Бабаханов «Тамашакөй Али», Ахмедов «Сырлар сандыгы».
- 1977 жыл - Папаян «Той алдында дүрбөлөн", Насриддин Байтемиров «Уркуя», А. Абдугафуров «Аталардын мурасы», Аалы Токомбаев «Жаныбарга боор ооруу».
Мындан тышкары, ал көп сандагы концерттик программаларда катышкан[15]
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- (23 август 1943 жыл)
- Өзбекстан эмгек сиңирген артисти (5 июль 1974 жыл)
- Кыргыз ССР Жогорку Совети Президиумунун ардак грамотасы (10 февраль 1968 жыл)
- IX беш жылдык ударниги медалы (28 январь 1976 жыл)
- Кыргыз ССР Кыргыз ССР Жогорку Совети Президиумунун ардак грамотасы (28 август 1974 жыл)
- Кыргыз ССРынын маданият министрлигинин ардак грамотасы (1957 жыл)
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу катарында көптөгөн медалдар менен сыйланган.
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Атасы - Рахмонберди ажы Мадазимов (1875-1933) - Кыргызстандын театралдык кыймылын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын негиздөөчүсү, биринчи директору, көркөм жетекчиси, башкы режиссёру, кыргызстандык артист жана жазуучу.
- Энеси - Бибихон (1884-1922) Уратепа шаарында төрөлгөн.
- Жубайы - Ойимхон (1929—1997) Отуз-Адыр айылында төрөлгөн
- Балдары: Мамир Жураев (29.05.1949), Анзиратхон (1951-2015), Муяссархон (1955), Санжарбек ажы (1959—2012), Минурахон (1962), Муаззамхон (1964), Анвар (1969—2004).
- Жээндери: Азизулло Иззатуллаев, Анвар Косимов, ырчы Мухаммадкарим Соипов.
- Туугандары: Хужаназар Хувайдо, Хабиб Абдуллаев
- Кудалары тарабынан туугандары: Султан жана Кудрат Таирбаевдер[16][17], Балтакожо Султанов, Иззат Султан, Мухтар Султанов, Мамадали Курбанов, Махмуд Косимов, Алишер Отабоев, Кодир Рахматович Парпиев, Зироатхон (Ойхон) Хошимова, Эркин Комилов, Мурод Зайнобиддинович Салохиддинов - "Узвторцветмет" ААК мурдагы төрагасы, Ахмаджон Давидов - Ош шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Энциклопедия Ошской области, Раздел "Театральная жизнь" / гл. ред. Орузбаева Б.О. Академия Наук Киргизской ССР. — Фрунзе (Бишкек): Глав. ред. Киргизской сов. энциклопедии, 1987. — С. 110. — 445 с. ББК 92я2. (рус.)
- Таджихон Хасанова: Нар. артистка Киргиз. ССР / Ф.А. Литвинская. — Фрунзе: Киргизгосиздат, 1958. -20 с.: ил.; 20 см.
- Журнал "Театр", выпуски 7-12 / Союз писателей СССР, Министерство культуры СССР, Комитет по делам искусств СССР. — Москва: Искусство, 1964. — С. 169..
- "Ошский узбекский музыкальный драматический театр" / А. Абдугафуров. — Фрунзе: Кыргызстан, 1980. — С. 16, 23, 33, 35, 39. — 59 с. 21 см, ББК 85.4. (узб.), (рус.) и (кирг.)
- "Видные сыновья Оша" / А. Абдугафуров. — Ош: Ошская областная типография, 2000. — С. 129-130. — 176 с. (узб.) и (рус.)
- "Ошский академический театр" / А. Абдугафуров. — Ош: "Азия Принт", 2010. — С. 6, 41, 45. — 52 с. (узб.)
- "Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн" энциклопедиясы "Во имя процветания Кыргызстана" Энциклопедическое издание о выдающихся узбеках Кыргызстана / Под рук. Жураева Б.Ж. (А. Абдугафуров, Рахманов Д.Д. и др.). — Ош: "Ризван", 2017. — С. 30. — 336 с. — ISBN 978-9967-18-344-5. УДК 351/354. ББК 66,3(2Ки). (узб.), (рус.) и (кирг.)
Тиркемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Люди, которые меняли мир
- ↑ Они стояли у истоков. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015.
- ↑ 9-й танковый корпус
- ↑ 95-я танковая бригада
- ↑ Архивные документы старшего сержанта Рахманова Журахона в ЦАМО
- ↑ Бессмертный полк гвардии старший сержант Рахмонов Журахон. Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2018. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2017.
- ↑ Cоветские актеры кино и театра мужчины
- ↑ Актёрская династия. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015.
- ↑ Даже из Голливуда! Зарубежные кинозвезды, работавшие в Кыргызстане
- ↑ Биографии знаменитостей
- ↑ Центразия Персоны
- ↑ В историческом центре Оша появится туристический квартал. Текшерилген күнү 26 Апрель 2020. Түп булактан архивделген күнү 23 -февраль (бирдин айы) 2020.
- ↑ В Оше появится квартал ремесленников
- ↑ Есть идея, или Как воссоздать в Оше старинный квартал. Текшерилген күнү 26 Апрель 2020. Түп булактан архивделген күнү 23 -февраль (бирдин айы) 2020.
- ↑ В кинотеатре «Мир» прошли Дни кыргызского кино. Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2018. Түп булактан архивделген күнү 26 -август (баш оона) 2018.
- ↑ Памирские письма капитана Зайцова. Текшерилген күнү 25 -декабрь (бештин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2020.
- ↑ Тоирбоев Султон мингбоши
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Актёрская династия
- Они стояли у истоков
- Центразия Персоны
- Люди, которые меняли мир
- Люди, которые меняли мир
- Люди, которые меняли мир
- 27 марта – Всемирный день театра
- К 100 летию старейшего театра Кыргызстана
- Старейшему театру Кыргызстана — 100 лет Archived 2018-04-26 at the Wayback Machine
- Из истории старейшего театра страны Archived 2018-08-10 at the Wayback Machine
- Марказий Осиёдаги энг кекса профессионал театр 100 ёшга тўлди
- Биографии знаменитостей
- Советские актеры кино и театра мужчины
- Архивные документы старшего сержанта Рахманова Журахона в ЦАМО
- Бессмертный полк гвардии старший сержант Рахмонов Журахон
- Журахон Рахмонов Archived 2017-08-10 at the Wayback Machine
- В кинотеатре «Мир» прошли Дни кыргызского кино Archived 2018-08-26 at the Wayback Machine
- Даже из Голливуда! Зарубежные кинозвёзды, работавшие в Кыргызстане
- 10 современных кыргызских фильмов, которые нужно посмотреть Archived 2018-08-26 at the Wayback Machine
- Топ-10 современных кыргызских фильмов, которые нужно посмотреть
- Биографии знаменитых людей
- Реферат
- Журахон Рахмонов в журнале "Муштум"
- История театра
- Театр имени Бабура г. Ош Archived 2019-06-16 at the Wayback Machine
- "Мозийға қараб иш кўрмоғлиқ хайрлидир"
- В историческом центре Оша появится туристический квартал Archived 2020-02-23 at the Wayback Machine
- Журахон Рахмонов - Ош академик өзбек театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, театр жана кино артисти, Өзбекстан эмгек сиңирген артисти
- Арип боюнча инсандар
- Туулгандар 1917-жылы
- Өлгөндөр 1977-жылы
- 1-даражадгы Ата мекендик согуш орденинин кавалерлери
- Уикипедия:Портрети жок кинематографдар макалалары
- Webarchive template wayback links
- Инсандар
- Кыргызстан
- Ош облусу
- Ош шаары
- Актерлор
- Кыргыз обончулары
- Чөлкөм таануу
- Кыргыз тарыхы
- Көркөм өнөр
- Музыка
- Кыргыз таануу
- Искусство
- Маданият
- Кыргыз маданияты
- Кыргыз акындары
- Кыргыз ырчылары
- Кыргыз театры
- Ош шаарынын Бабур театры
- Маданият ишмерлер
- Кыргызстанда театралдык кыймылдын негиздөөчүлөрү
- Кыргызстанда театралдык кыймылдын уюштуруучулөру
- Эмгек сиңирген артисттер
- Кыргыз киносу
- Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу