Кокос аралдары
Кокос аралдары (Килинг) | |||||
| |||||
Урааны: ««мал. Maju pulu kita» «Биздин алдыңкы арал»» | |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Расмий тили | англис тили | ||||
Борбор шаары | Уэст-Айленд | ||||
Ири шаарлар | Бантам | ||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия Австралиянын тышкы аймагы | ||||
Король Администратор Премьер-министр |
Чарльз III Брайан Лэйси Эйндил Минком | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы |
241-орун - дүйнөдө 14 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы |
544 адам (237-орун) 38,86 ад./км² | ||||
Акча бирдиги | Австралия доллары (AUD) | ||||
Домени | .cc | ||||
ISO коду | CC | ||||
Телефон коду | +61 891 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +06:00 | ||||
Кокос аралдары, Килинг — Инди океанынын чыгыш бөлүгүндө, Суматра аралынан түштүктө жайгашкан аралдар тобу. Австралиянын тышкы аймагы. Аянты 14,2 км2. К. а. 26 аралдан турат. Бул аралдардын үчөөндө гана эл бар. Калкы 629 (2009); негизинен малайзиялыктар (Хом аралында), ошондой эле европалыктар да жашайт.
Жайгашуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкынын 80%ке жакыны мусулман-сүннөттөр, калгандары христиандар жана башка диндердин өкүлдөрү да кездешет. Эл аралык аэропорту бар (Уэст-Айленд аралында; негизинен Австралия жана Түштүк-Чыгыш Азия менен байланышат).
Административдик борбору — Уэст-Айленд (калкы 200гө чукул, 2008; аталышы ушундай аралда жайгашкан). Бантам посёлкасынын калкы 400гө жакын (Хом аралында). Расмий тили — англис тили. Акча бирдиги — австралия доллары. Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу. орточо температурасы 23-30°С; жаан чачыны 2000 мм (негизинен январдан сентябрга чейин жаайт). Кокос пальмасы, бадал өсөт. Түндүк атоллу чектеш жаткан акваториялары менен Пулу-Килинг улуттук паркынын аймагына туура келет.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралдарды 1609-ж. капитан У. Киллинг ачкан. 1825-ж. 6-декабрда капитан Ж. Клюнис Росс башкарган экспедиция аралга келгенетикалык Ал 1827-ж.
Түштүк атоллдун аралдарынын биринде посёлка негиздеп, суматралыктар менен явалыктарды алып келип отурукташтырган. Алар дыйканчылык менен алектенишкен. Росс 1831-ж. эки атоллго тең ээлик кылып, аралды үй-бүлөнүн менчиги деп жарыялаган. Аралга 1836-ж. апрелде атактуу табият таануучу Чарльз Дарвин келгенетикалык 1857-ж. Улуу Британия тарабынан аннекцияланып, 1878-ж. Цейлондун британиялык губернаторунун бийлигине баш ийдирилгенетикалык 1886-ж. Британия колониясы Стрейтс-Сетлментстин курамына киргизилип, мөөнөтсүз пайдаланууга Клюнис-Росстун үй-бүлөсүнө кайтарылган. 1955-ж. Австралияга берилген, бирок Клюнис-Росстун тукумдары ээлик кылып келгенетикалык Австралия өкмөтү 1978-86-ж. гана Клюнис-Росстордон сатып алган. 1984-ж. 4-апрелде аралдын жашоочулары Австралиянын курамына киргенге макулдугун берип, добуш беришкен. Аралдын экономикасынын негизин кокос өстүрүү жана туризм түзөт. Балык кармалат. Калкы негизинен портто эмгектенет. Автомобиль жолунун узундугу 22 км (анын 10 кми асфальтталган). Түштүк атоллдун борбордук лагунасында деңиз кемелери туруучу якорлуу жай салынган. Сыртка копра, кокос жаңгагы чыгарылат. Сырттан азык-түлүк жана башкалар керектүү товарларды алат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Австралиянын административдик-аймактык түзүлүшү | ||
---|---|---|
Штаттар | Виктория • Батыш Австралия • Квинсленд • Жаңы Түштүк Уэльс • Тасмания • Түштүк Австралия | |
Ички аймактар | Австралиянын борбордук аймагы • Австралиянын түндүк аймагы • Жервис-Бей аймагы | |
Тышкы аймактар | Антарктикадагы Австралиянын аймагы • Ашмор жана Картье аралдары • Коралл деңизи аралдары • Норфолк аралы • Херд аралы жана Макдональд аралдары | |
Атайын макамы жок алыскы аймактар | Лорд-Хау аралы • Маккуори аралы | |
Мурдагы аймактар |
Мурдагы ички аймактар: Борбордук Австралия (1927—1931) • Түндүк Австралия (1927—1931) | |
Австралиянын Инди океанындагы аймактары | Кокос аралдары (Киллинг) • Рождество аралы | |
Дагы окуңуз | Австралиянын аймактары жана штаттары |
Океания өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Австралия • Вануату • Жаңы Зеландия • Кирибати • Маршалл Аралдары • Микронезия Федеративдик Штаттары • Науру • Палау • Папуа-Жаңы Гвинея • Самоа • Соломон аралдары • Тонга • Тувалу • Фижи | |
Ассоциацияланган мамлекеттер | Кук аралдары • Ниуэ аралы | |
Көз каранды аймактар | АКШ тышкы кичи аралдары • Америка Самоасы • Гавайи • Гуам • Жаңы Каледония • Исла-де-Паскуа • Норфолк аралы • Питкэрн аралдары • Токелау • Түндүк Мариана аралдары • Уоллис жана Футуна • Француз Полинезиясы |