Норфолк аралы
Норфолк аралы | |||||
| |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Расмий тили | англис тили, норфолк тили | ||||
Борбор шаары | Кингстон (де юре) Бёрнт-Пайн (де факто) | ||||
Ири шаарлар | Бёрнт-Пайн | ||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия Австралиянын тышкы аймактар | ||||
Король Генерал-губернатор Аралдын администратору |
Чарльз III Дэвид Хёрли Гари Хардгрэив | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы |
226-орун - дүйнөдө 34,6 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы |
2188 адам (241-орун) 50,52 ад./км² | ||||
Акча бирдиги | Австралия доллары (AUD) | ||||
Домени | .nf | ||||
ISO коду | NF | ||||
Телефон коду | +6723 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +11:30 | ||||
Норфолк аралы, Норфолк аралдар аймагы Жаңы Зеландиядан түндүктө, Тынч океандын түштүк-батышында жайгашкан. Аянты 34,6 км2. Калкы 2,1 (2009). Борбору – Кингстон (калкы 1100). Климаты мелүүн деңиздик, субтропиктик климатка өтмө. Суу астындагы Норфолк кырка тоосундагы жанар тоонун чокусу аралдын бетине чыгып турат. Ал тоонун эки капталында Жаңы Каледония жана Түштүк-Фижи терең океан оёңдору созулуп жатат. Рельефи дөңсөөлүү келип, түзөң. Аралдын эң бийик жери Маунт Бейтс чокусу (бийиктиги 319 м). 1788-жылдан 1814-жылга чейин жана 825–55-жылдарда англиялыктар сүргүн жай катары пайдаланышкан. Питкерн аралынан 1856-жылыАКШга таандык «Баунти» кемесинин козголоңчулары келип отурукташкан. Норфолк аралы 1913-жылдан Австралиянын ээлиги жана анын «деңиздеги алыскы аймагы» статусуна ээ болгон. Аралдын башчысы кагаз жүзүндө Улуу Британия королевасы, бирок Австралия генерал-губернатору дайындаган администратор башкарат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
Австралиянын административдик-аймактык түзүлүшү | ||
---|---|---|
Штаттар | Виктория • Батыш Австралия • Квинсленд • Жаңы Түштүк Уэльс • Тасмания • Түштүк Австралия | |
Ички аймактар | Австралиянын борбордук аймагы • Австралиянын түндүк аймагы • Жервис-Бей аймагы | |
Тышкы аймактар | Антарктикадагы Австралиянын аймагы • Ашмор жана Картье аралдары • Коралл деңизи аралдары • Норфолк аралы • Херд аралы жана Макдональд аралдары | |
Атайын макамы жок алыскы аймактар | Лорд-Хау аралы • Маккуори аралы | |
Мурдагы аймактар |
Мурдагы ички аймактар: Борбордук Австралия (1927—1931) • Түндүк Австралия (1927—1931) | |
Австралиянын Инди океанындагы аймактары | Кокос аралдары (Киллинг) • Рождество аралы | |
Дагы окуңуз | Австралиянын аймактары жана штаттары |
Океания өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Австралия • Вануату • Жаңы Зеландия • Кирибати • Маршалл Аралдары • Микронезия Федеративдик Штаттары • Науру • Палау • Папуа-Жаңы Гвинея • Самоа • Соломон аралдары • Тонга • Тувалу • Фижи | |
Ассоциацияланган мамлекеттер | Кук аралдары • Ниуэ аралы | |
Көз каранды аймактар | АКШ тышкы кичи аралдары • Америка Самоасы • Гавайи • Гуам • Жаңы Каледония • Исла-де-Паскуа • Норфолк аралы • Питкэрн аралдары • Токелау • Түндүк Мариана аралдары • Уоллис жана Футуна • Француз Полинезиясы |