Түштүк Америка өлкөлөрүнүн жана көз каранды аймактарынын тизмеси
Түштүк Америкада 12 эгемендүү мамлекет жана 3 көз каранды аймак жайгашкан. Батышынан Тынч океанынын түндүгүнөн жана чыгышынан Атлантика океанынын суулары менен чулганып турат, түндүк-батышында Түндүк Америка жана Кариб деңизи орун алган.
Түштүк Американын аянты болжол менен 17,840,000 чарчы километр (6,890,000 чарчы миль) же жер бетинин дээрлик 3,5% түзөт.
2018-жылга карата алынган маалыматтардын негизинде калкынын саны 430 миллион адамдан ашкан. Түштүк Америка аянты боюнча бардык континенттердин ичинен төртүнчү орунда (Азия, Африка жана Түндүк Америкадан кийин) жана калкы боюнча бешинчи орунда (Азия, Африка, Европа жана Түндүк Америкадан кийин) турат.
Түндүк менен Түштүк Американын чек арасы географиялык жактан Панама мойногу аркылуу өтөт, бирок атластарда жана башка булактарда эң көп кездешкен маалыматтарга ылайык Колумбия жана Панаманын чек арасы боюнча бөлүнгөн, дээрлик бардык атластарда Панама толугу менен Түндүк Америкага жана/же Борбордук Америкага кирген мамлекет катары көрсөтүлгөн.
Эгемендүү мамлекеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Желеги | Аталышы | Расмий аталышы | ISO | Борбору | Аянты/Орду | Калкы/жыштыгы адам/км² | Тили | Акча бирдиги | Карта | ||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Аргентина | Аргентина Республикасы | ARG | Буэнос-Айрес | 2,780,400 км2[1] | 82[1] | 45,276,780[2] | 16,8 | Испанча | Аргентина песосу | ||
Боливия | Көп улуттуу Боливия мамлекети | BOL | Ла-Пас, Сукре | 1,098,581 км2[1] | 272[1] | 12,079,472[2] | 11,1 | Испанча, кечуача, аймарача, гуараниче ж.б. 33 тилде | Боливия боливианосу | ||
Бразилия | Бразил Федеративдик Республикасы | BRA | Бразилиа | 8,514,877 км22[1] | 52[1] | 214,326,223[2] | 25,7 | Португалча | Бразилия реалы | ||
Чили | Чили Республикасы | CHL | Сантьяго | 756,102 км22[1] | 372[1] | 19,493,184[2] | 24,5 | Испанча | Чили песосу | ||
Колумбия | Колумбия Республикасы | COL | Богота | 1,138,910 км22[1] | 252[1] | 51,516,562[2] | 43,3 | Испанча | Колумбия песосу | ||
Эквадор | Эквадор Республикасы | ECU | Кито | 283,561 км22[1] | 732[1] | 17,797,737[2] | 61,7 | Испанча | АКШ доллары | ||
Гайана | Кооперативдик Гайана Республикасы | GUY | Жоржтаун | 214,969 км22[1] | 852[1] | 804,567[2] | 3,7 | Англисче | Гайана доллары | ||
Парагвай | Парагвай Республикасы | PRY | Асунсьон | 406,752 км22[1] | 582[1] | 6,703,799[2] | 18,3 | Испанча, гуараниче | Парагвай гуараниси | ||
Перу | Перу Республикасы | PER | Лима | 1,285,216 км22[1] | 192[1] | 33,715,471[2] | 25,2 | Испанча, кечуача, аймарача | Перу солу | ||
Суринам | Суринам Республикасы | SUR | Парамарибо | 163,820 км22[1] | 902[1] | 612,985[2] | 3,9 | Нидерландча | Суринам доллары | ||
Уругвай | Чыгыш Уругвай Республикасы | URY | Монтевидео | 176,215 км22[1] | 882[1] | 3,426,260[2] | 19,4 | Испанча | Уругвай песосу | ||
Венесуэла | Боливариана Венесуэла Республикасы | VEN | Каракас | 912,050 км22[1] | 322[1] | 28,199,867[2] | 33,5 | Испанча | Венесуэла боливары |
Көз каранды аймактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Желеги | Аталышы | ISO | Борбору | Кайсы мамлекетке баш ийет | Аянты | Калкы | Тили | Карта |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Гвиана | GUF | Кайенна | Франция | 83,534 км2[1] | 294,071 | Французча | ||
Фолкленд аралдары | FLK | Порт-Стэнли | Улуу Британия | 12,173 км2[1] | 3,398 | Англисче | ||
Түштүк Георгия жана Сандвич аралдары | SGS | Кинг-Эдуард-Пойнт | Улуу Британия | 3,903 км2[1] | Туруктуу жашаган калкы жок[3] | Англисче |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.00 1.01 1.02 1.03 1.04 1.05 1.06 1.07 1.08 1.09 1.10 1.11 1.12 1.13 1.14 1.15 1.16 1.17 1.18 1.19 1.20 1.21 1.22 1.23 1.24 1.25 1.26 The World Factbook. Мамлекеттер, жер жана суу аянттарынын маалыматтары (англ.)
- ↑ 2.00 2.01 2.02 2.03 2.04 2.05 2.06 2.07 2.08 2.09 2.10 2.11 БУУ. Department of Economic and Social Affairs Population Division. 2022 Revision of World Population Prospects (англ.)
- ↑ Түштүк Георгия жана Сандвич аралдарынын Өкмөтү (англ.)
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Дүйнө боюнча калктын жыштыгы (англ.)
Дүйнө макроаймактары | |
---|---|
Европа | Батыш • Чыгыш • Түштүк-Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Батыш • Батыш • Түндүк-Батыш • Борбордук |
Азия | Түндүк • Сибирь • Түштүк-Батыш • Жакынкы Чыгыш • Ортоңку Чыгыш • Түштүк Кавказ (жарым-жартылай) • Борбордук • Орто Азия • Чыгыш • Ыраакы Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Чыгыш |
Африка | Түндүк • Батыш • Борбордук • Чыгыш • Түштүк |
Америка | Түндүк • Вест-Индия • Латын • Борбордук • Түштүк |
Океания | Австралия жана Океания • Меланезия • Микронезия • Полинезия |
Полярдык аймактар | Арктика • Антарктика |
Океандар | Атлантика океаны • Инди • Түндүк Муз • Тынч • Түштүк |
Түштүк Америка мамлекеттери | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Аргентина • Боливия • Бразилия • Венесуэла • Гайана • Колумбия • Парагвай • Перу • Суринам • Уругвай • Чили • Эквадор | |
Көз каранды аймактар | Франция (Гвиана департаменти) • Фолкленд аралдары • Түштүк Георгия жана Сандвич аралдары |