Жогорку деңгээлдеги жалпы домен

Википедия дан

Жогорку деңгээлдеги жалпы домен (англ. generic top-level domain, gTLD) — жогорку деңгээлдин домендеринин категорияларынын бири. IANA уюму тарабынан башкарылат жана интернеттин домен аталыштар системасында колдонулат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи gTLD тибиндеги домендер 1985-жылдын январында ишке берилген. Ал учурда мындай домендерден 7 болчу:

  • .com — коммерциялык сайттар үчүн;
  • .edu — билим берүүчү сайттар үчүн;
  • .gov — АКШнын мамлекеттик мекемелери үчүн;
  • .mil — АКШнын аскердик сайттары үчүн;
  • .net — интернет тармагына байланышы бар мекемелер жана уюмдар үчүн;
  • .org — коммерциялык эмес сайттар үчүн;
  • .int — эл аралык уюмдар үчүн.

Азыркы учурда gTLD домендеринин алтоосун каттоо үчүн кандайдыр бир чектөөлөр жок — .com, .net, .org, .info, .biz жана .name. Көрсөтүлгөн домендерди жеке жактар, мекемелер, уюмдар колдоно алышат[1].

Домендик аталыштарга жана IP-даректерге байланыштуу маселелерди жөнгө салуучу ICANN 2010-жылдын 25-июнунда, порнографиялык мазмундагы сайттар үчүн .xxx доменин колдонууга уруксат берген[2].

ICANNдын 2011-жылында 41-конференциясында өткөн конференциясында New gTLD программасы кабыл алынган жана gTLD домендерин юридикалык жактар, коммерциялык уюмдар, бийлик органдары, коммерциялык эмес уюмдар, мекемелер оздоруна каттата алышат[3].

Жиктештирүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Демөөрчүлөрсүз (негизги) жогорку баскычтагы домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • .com (commercial) — коммерциялык мекемелер үчүн
  • .net (networks) — тармак провайдерлери үчүн
  • .org (organizations) — коммерциялык эмес мекемелер үчүн
  • .biz (business organizations) — коммерциялык гана мекемелер үчүн (чектөөлөр менен)
  • .info (information) — баардык калоочулар үчүн
  • .name (personal) — жеке сайттар үчүн (чектөөлөр менен)
  • .pro (professionals) — айрым кесиптердин адистери үчүн (чектөөлөр менен)

Демөөрчүлүү жогорку баскычтагы домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • .asia — Азия-Тынч океан аймагынын жашоочулары үчүн
  • .int — эл аралык уюмдар үчүн жогорку баскычтагы жалпы домен
  • .aeroаэроиндустрия менен байланышкан уюмдар жана жеке жактар үчүн
  • .cat — каталониялык лингвистикалык жана маданий коомчулуктардын өкүлдөрү үчүн
  • .coop — кооперативдик уюмдар үчүн
  • .ecoэкологияга байланыштуу интернет-булактары үчүн
  • .jobs — жумуш берүү менен байланышкан сайттар үчүн
  • .mobi — ишмердүүлүгү уюлдук телефондорго багытталган сайттар үчүн
  • .moeмоэруга байланышкан булактарды өнүктүрүү үчүн
  • .museumмузейлер үчүн
  • .postпочталар үчүн
  • .spaceкосмос менен байланышы бар уюмдар үчүн
  • .tel — жеке жана корпоративдик байланыштарды сактоо жана иреттөө үчүн
  • .travelтуристтик индустрия үчүн
  • .xxx — 18+ менен байланыштагы маалыматтарды камтыган сайттар үчүн
  • .yandexЯндекстин сайттары үчүн (мисалы: taxi.yandex)
  • .global — глобалдык деңгээлде иштеген уюмдар үчүн
Колдонууда чектөөлөрү бар домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • .edu (educational) — АКШнын билим берүү долбоорлору жана жогорку окуу жайлары үчүн
  • .gov (US Government) — АКШнын өкмөтүнө бөлүнгөн
  • .int (international organizations) — эл аралык уюмдар үчүн (.tpc.int кошпогондо )
  • .mil (US Dept of Defense) — АКШнын аскердик уюмдары жана мекемелери үчүн

Интернет инфратүзүмү үчүн домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Резервдеги домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

RFC 2606 документтине ылайык, жогорку баскычтагы төрт домен глобалдык DNSте колдонулбашы үчүн резервделген:

  • .example — мисалдардын үлгүлөрү үчүн резервделген
  • .invalid — иштебеген даректердин мисалдарынын үлгүлөрү үчүн резервделген
  • .localhost — күнүмдүк localhost колдонууда каталар келип чыкпашы үчүн резервделген
  • .test — тестирлөө үчүн резервделген

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Альбитц П., Ли К. DNS жана BIND. —  ISBN 5-93286-035-9
  2. ББСнин сайтындагы макала
  3. Нет.ком

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]