Жогорку деңгээлдеги жалпы домен
Жогорку деңгээлдеги жалпы домен (англ. generic top-level domain, gTLD) — жогорку деңгээлдин домендеринин категорияларынын бири. IANA уюму тарабынан башкарылат жана интернеттин домен аталыштар системасында колдонулат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биринчи gTLD тибиндеги домендер 1985-жылдын январында ишке берилген. Ал учурда мындай домендерден 7 болчу:
- .com — коммерциялык сайттар үчүн;
- .edu — билим берүүчү сайттар үчүн;
- .gov — АКШнын мамлекеттик мекемелери үчүн;
- .mil — АКШнын аскердик сайттары үчүн;
- .net — интернет тармагына байланышы бар мекемелер жана уюмдар үчүн;
- .org — коммерциялык эмес сайттар үчүн;
- .int — эл аралык уюмдар үчүн.
Азыркы учурда gTLD домендеринин алтоосун каттоо үчүн кандайдыр бир чектөөлөр жок — .com, .net, .org, .info, .biz жана .name. Көрсөтүлгөн домендерди жеке жактар, мекемелер, уюмдар колдоно алышат[1].
Домендик аталыштарга жана IP-даректерге байланыштуу маселелерди жөнгө салуучу ICANN 2010-жылдын 25-июнунда, порнографиялык мазмундагы сайттар үчүн .xxx доменин колдонууга уруксат берген[2].
ICANNдын 2011-жылында 41-конференциясында өткөн конференциясында New gTLD программасы кабыл алынган жана gTLD домендерин юридикалык жактар, коммерциялык уюмдар, бийлик органдары, коммерциялык эмес уюмдар, мекемелер оздоруна каттата алышат[3].
Жиктештирүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Демөөрчүлөрсүз (негизги) жогорку баскычтагы домендер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- .com (commercial) — коммерциялык мекемелер үчүн
- .net (networks) — тармак провайдерлери үчүн
- .org (organizations) — коммерциялык эмес мекемелер үчүн
- .biz (business organizations) — коммерциялык гана мекемелер үчүн (чектөөлөр менен)
- .info (information) — баардык калоочулар үчүн
- .name (personal) — жеке сайттар үчүн (чектөөлөр менен)
- .pro (professionals) — айрым кесиптердин адистери үчүн (чектөөлөр менен)
Демөөрчүлүү жогорку баскычтагы домендер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- .asia — Азия-Тынч океан аймагынын жашоочулары үчүн
- .int — эл аралык уюмдар үчүн жогорку баскычтагы жалпы домен
- .aero — аэроиндустрия менен байланышкан уюмдар жана жеке жактар үчүн
- .cat — каталониялык лингвистикалык жана маданий коомчулуктардын өкүлдөрү үчүн
- .coop — кооперативдик уюмдар үчүн
- .eco — экологияга байланыштуу интернет-булактары үчүн
- .jobs — жумуш берүү менен байланышкан сайттар үчүн
- .mobi — ишмердүүлүгү уюлдук телефондорго багытталган сайттар үчүн
- .moe — моэруга байланышкан булактарды өнүктүрүү үчүн
- .museum — музейлер үчүн
- .post — почталар үчүн
- .space — космос менен байланышы бар уюмдар үчүн
- .tel — жеке жана корпоративдик байланыштарды сактоо жана иреттөө үчүн
- .travel — туристтик индустрия үчүн
- .xxx — 18+ менен байланыштагы маалыматтарды камтыган сайттар үчүн
- .yandex — Яндекстин сайттары үчүн (мисалы: taxi.yandex)
- .global — глобалдык деңгээлде иштеген уюмдар үчүн
Колдонууда чектөөлөрү бар домендер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- .edu (educational) — АКШнын билим берүү долбоорлору жана жогорку окуу жайлары үчүн
- .gov (US Government) — АКШнын өкмөтүнө бөлүнгөн
- .int (international organizations) — эл аралык уюмдар үчүн (.tpc.int кошпогондо )
- .mil (US Dept of Defense) — АКШнын аскердик уюмдары жана мекемелери үчүн
Интернет инфратүзүмү үчүн домендер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Резервдеги домендер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]RFC 2606 документтине ылайык, жогорку баскычтагы төрт домен глобалдык DNSте колдонулбашы үчүн резервделген:
- .example — мисалдардын үлгүлөрү үчүн резервделген
- .invalid — иштебеген даректердин мисалдарынын үлгүлөрү үчүн резервделген
- .localhost — күнүмдүк localhost колдонууда каталар келип чыкпашы үчүн резервделген
- .test — тестирлөө үчүн резервделген
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Альбитц П., Ли К. DNS жана BIND. — ISBN 5-93286-035-9
- ↑ ББСнин сайтындагы макала
- ↑ Нет.ком