Мазмунга өтүү

Катар

Википедия дан

Катар мамлекетти
دولة قطر

Герб
Туу Герб
Гимн: «As Salam al Amiri»
Эгемендүүлүк күнү 3 сентябрь 1971

Улуу Британиядан)

Расмий тили Арабча
Борбор шаары Доха
Ири шаарлар Доха
Башкаруу формасы Абсолюттук монархия
Эмир
Премьер-министр
Тамим бин Хамад Аль Тани
Абдулла бин Нассер Аль Тани
Мам. дини ислам (Сунниттер)
Аянты
• Жалпы
158 - дүйнөдө
11 586 км²
Калкы
• Бааланган (2013)
Жыштыгы

1 904 934[1] адам (147)
146,7 ад./км²
Акча бирдиги Катар риалы (QAR)
Домени .qa
ISO коду QA
ЭОК коду QAT
Телефон коду +974
Убакыт аралыгы UTC +3

Катар, (ар. قطر‎ — Расмий Катар Мамлекети (ар. دولة قطرДа́влат Ка́тар) —Түштүк-Батыш Азиядагы өлкө. Араб жарым аралынын чыгыш бөлүгүн түзгөн Катар жарым аралынан орун алып, Перс булуңу менен чулганат. Түштүгүнөн Сауд Арабиясы менен чектешет. Аянты 11,52 миң км2. Калкы 928,4 миң (2008). Борбору – Доха. Расмий тили – араб тили. Акча бирдиги – катар риалы. Административдик-аймактык жактан 10 муниципалитетке (баладийятка) бөлүнөт.

Катар – БУУнун (1971), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1961), Араб өлкөлөр лигасынын (1971), ЭВФтин (1972), Ислам конференция уюмунун (1970), Перс булуңу араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин (1981), Бүткүл дүйнөлүк соодо уюмунун (1996) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катар – унитардык мамлекет. Конституциясы 2003-жылдын 29-апрелиндеги референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы – абсолюттук монархия. Мамлекет башчысы – эмир. Мыйзам чыгаруучу орган (мажлис аль-шура) 45 мүчөдөн турат (30ун Катар жарандары шайлайт. 15ин эмир дайындайт. Мажлистин бийлик мөөнөтү 4 жыл. Ал мыйзам долбоорлорун кабыл алат, бюджетти бекитет, ошондой эле өкмөт иштерин көзөмөлдөйт. Мажлис кабыл алган макулдугу менен күчүнө кирет. Аткаруу бийлиги эмирге жана өкмөткө таандык. Премьер-министр жетектеген өкмөт (Министрлер Кеңеши) эмир тарабынан дайындалат. Негизги укугу – шариат. Саясий партиялардын ишмердигине тыюу салынган.

Жээктери негизинен жапыз, түзөң, айрым жерлери булуң-буйткалуу; жээк сызыгынын узундугу 560 кмден ашык. Жээк бойлой жазылыгы 4 кмге жеткен шуру рифтүү тилке созулуп жатат. Катар жарым аралынын Түндүк бөлүгү – чөлдүү түздүк, ага көчмө кум дөбөлөрү мүнөздүү; Борбордук бөлүгүндө таштак чөл басымдуу. Түштүгүнө жапыз дөбөлөр (бийиктиги 103 мге чейин) мүнөздүү. Араб платформасынын чыгыш бөлүгүн ээлейт. Ири кендери: табигый газ (чалгындалган запасы боюнча дүйнөдө Россия, Ирандан кийинки 3-орунду ээлейт; 2005), нефть, ошондой эле цемент, курулуш акиташ теги, күкүрт, гипс жана башка Газ менен нефть негизинен шельфтерден казылып алынат. Климаты тропиктик континенттик, кургак. Январдын орточо температурасы 17–20°С, июль–августтуку 32–42°С; 50°Сге чейин ысыган мезгилдер да болот. Жаан-чачын аз (түндүгүндө жылына 125 ммге, түштүгүндө 50 ммге чейин), ноябрдан июнга чейин жаайт. Кумдуу жана чаңдуу бороон болуп турат. Туруктуу аккан дарыясы жок; кургак сайлар (вади) көп, эң ириси – Вади-Машриб. Жер астындагы суулары минералдашкан. Суу менен начар камсыз болгон (жылына ар бир адамга 583 м3 өлчөмдөгү суу туура келет). Тузсуздандырылган деңиз соода суусуна болгон муктаждык жылдан жылга күчөөдө; жыл сайын 99 млн м3 деңиз суусу тузсуздандырылат. Чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү; чыгыш бөлүгүндө ксерофиттик бадалдар жана бадалчалар (акация, тамариск, түлкү машак) кездешет. Оазистер аз. Жаныбарларынан чөлгө мүнөздүү майда сойлоочулар, кемирүүчүлөр кездешет. Араб жарым аралынан жейрен келет (Катарда сүт эмүүчүлөрдүн 11 түрү мекендейт). Перс булуңунун жээги балыкка бай. Табиятты коргоочу 9 аймак уюшулган; анын ичинде жейрен жана араб ориксин асыроочу жайы да бар.

Өлкөнүн калкынын 65,1%ин Катар арабдары түзөт; анын ичинде катарлыктар 31,1%, палестиналыктар 11,7%, ливандыктар 9,1%, сириялыктар 8,1%, египеттиктер 1,8, судандыктар 1,6%. ошондой эле фарсылар (16,8%), белуждар (1,8%), Түштүк жана түштүк-чыгыш азиялыктар жана башка улуттар да жашайт. Калктын жылдык өсүүсү 2,4%. Төрөлүүнүн саны 1000 адамга 15,6 бала, өлүм-житим 4,8 адам. Калкынын Орточо курагы 31,9 жыл. Курактык структурасында эмгекке жарамдуулардын (15–64 жаштагылардын) үлүшү зор, 72,9%; өспүрүмдөрдүкү (15 жашка чейинкилер) 23,1%, 65 жаштан ашкандар 4%; 100 аялга 185тен ашык эркек туура келет (негизинен чет элдик жумушчулардын эсебинен, миграциялык сальдосу 1000 13,1, 2007). Күтүлгөн орточо жашы 74,1 жыл (эркектердики 71,6, аялдардыкы 76,8 жыл). Калкынын Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 80,6 адам (2008). Шаар калкы 92%; анын 2/3 си өлкөнүн чыгышындагы 2 шаарда – Доха (калкы 339 миң; 2008) менен Эр-Райянда (258 миң) жашайт.

Катар жарым аралын адамдар биздин заманга чейинки 4–2-миң жылдыктан мекендеген. Катар жөнүндө алгач биздин замандын 1-кылымында рим тарыхчысы Плиний Улуу тарабынан эскерилет. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын аягынан Катарга араб уруулары отурукташа баштап, анын аймагы биринчи араб мамлекеттеринин бири – Харакены мамлекетине кирген. Харакены мамлекети ыдырагандан кийин Катар сасаниддик Ирандын бийлигинде болгон (4-кылым), 7-кылымда Араб халифатына кошулуп, ислам динин кабыл алган. Омейяддардын учурунда Катар порт шаарлары – Эль-Бида, Эз-Зубара жана башка менен араб соода борборлорунун бирине айланган. 10–11-кылымдарда Катар карматтар мамлекетинин курамына кирген. 13-кылымда Оманга көз каранды болгон. 1320-жылы Катарды жана Перс булуңунун Түштүк жээгиндеги эмирликтерди Ормуза шейх басып алып, 15-кылымдын 2-жарымынан алар Осмон империясына баш ийген. 16-кылымдын башында португалдар ээлеген, бирок 1536-жылы аларды осмон түрктөрү сүрүп чыккан. 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын башында Ормуз кысыгынын жээктери англичандардын көзөмөлүнө өткөн. Перс булуңунун тегерегиндеги англис экспансиясынан чочулаган Осмон империясы Катар, Нежд жана ага жакын жерлерди расмий түрдө Осмон империясынын ээликтери деп жарыялаган. Бирок Катарда Осмон империясы жүргүзгөн бийлик номиналдуу болгон. 18-кылымда ошол чөлкөмдөгү күчтүү мамлекетке айланган Омандын Перс булуңундагы ээликтерге жана Катарга таасири күчтүү болгон. 1720-жылдары Оман династиясынын башкаруучулары Ярубиддер Түштүк-Чыгыш жана Чыгыш Арабияны (анын ичинде Катарды) толугу менен өзүнө караткан. 18-кылымдын аягына чейин Оман имаматы европалыктардын Чыгыш Арабияга киришине тоскоол болгон. Бирок анын экиге (Ички Оман жана Маскат) бөлүнүшү, ошондой эле Иран жана Осмон империясынын начарлашынан улам Улуу Британия бул аймакта өзүнүн бийлигин чыңдаган. 1766-жылы Катарга Кувейттен бану атбан уруулары көчүп келген. Перс булуңунан англистерди кубалоо үчүн бану атбандар ваххабиттер менен келишим түзүп, англистердин кемелерине каракчылык менен кол салышкан. Чыгыш Арабиянын жээги британ тарыхый булактарында «Каракчы жээги» деп аталган. 1803-жылы ваххабиттер Катар, Бахрейн, Кувейт жана чыгыш арабиялык ээликтерге үстөмдүк жүргүзүшкөн. 1818–19-жылдары англистер ваххабит ээликтерин талкалап, Осмондордун бийлигин калыбына келтирбеш үчүн британ өкмөтү Перс булуңуна аскер эскадрасын киргизген. 1820-жылы Улуу Британия чыгыш арабиялык шейхтер менен «Тынчтык жөнүндө Генералдык келишим» түзүп, ал боюнча Перс булуңундагы ээликтер Англиянын колониясына айланган. 18-кылымдын 2жарымында Катарда Тани династиясынын шейхи Касем бен Мухаммад Аль-Тани негиздеген чакан ээлик түзүлүп, ал 19-кылымдын аягында бүткүл Катарды бириктирген. 1871-жылы Катарды түрктөр кайрадан басып алып, 1914-жылга чейин бийлик кылган. 1-дүйнөлүк согуш жылдарында АльТани династиясынын жүргүзгөн бийлигине элдин нааразычылыгы Катарда ички саясий кырдаалды курчуткан. Өзүнүн позициясын чыңдоо максатында 1916-жылы 3-ноябрда Абдалла бен Касем Аль-Тани шейх (1913–49) Улуу Британия менен келишим түзгөн. Келишим боюнча Катар Улуу Британия протекторатына айланган. 2-дүйнөлүк согуш жылдарында Катардын борбору – Дохага британиялык аскерлер жайгашып, аскер имараттары курулган. Согуш бүткөндөн кийин Катарда ички саясий кризис башталып, династиялык талаш-тартыштарга алып келген. Аль Тани династиясынын үч кланынын өкүлдөрү (Бани Хамад, Бани Али жана Бани Халед) бийлик талашкан. 1949-жылы Бани Хамад кланынын өкүлү Халифа бен Хамад Аль Тани шейх мурасчы болуп шайланган. Бани Али кланынан Али бен Абдалла Аль Тани шейх регент болуп дайындалып, 1960-жылга чейин башкарган. 1950-жылдары өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программасы ишке ашырыла баштаган. Кулчулук жана кул сатууга тыюу салуу жөнүндө декрет кабыл алынган, алгачкы башталгыч мектептер ачылып, дарылоо мекемелери көбөйүп жана башка демократиялык реформалар жүргүзүлгөн. 1970-жылы 2-апрелде Катардын убактылуу Конституциясы кабыл алынып, Аль Тани үй-бүлөсүнүн бийлигин бекемдеген. Мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги эмирдин жана ал дайындаган Министрлер кеңешинин колунда болгон. Саясий партия, коомдук уюмдарды (профсоюз) түзүүгө тыюу салынган. 1970-жылы 28-майда уюшулган Министрлер кабинетин Халифа шейх жетектеген. 1971-жылы 28-июнда ал англичандар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп, Улуу Британия менен 1916-жылдагы макулдашуу Достук жөнүндө келишимге алмаштырылып, 1971-жылы 3-сентябрда Катар көз карандысыз мамлекетке айланган. 1972-жылы 22февралда ак сакалдар кеңешинин колдоосу менен Халифа шейх өзүн эмир деп жарыялаган. Анын бийлигинин мезгилинде өлкөнүн экономикасы жогорулап, нефть өндүрүү өнөр жай жаңыртылган. Жаңы жерлер өздөштүрүлүп, мал чарбасы өнүккөн. 1970–80-жылдарда жаңы өнөр жай ишканалары курулган. 1980-жылдардын 1-жарымынан банк сектору тез өнүгө баштаган. 1981-жылы Катар Перс булуңу араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине кирип, кошуна эмираттар менен болгон чек ара маселесин чечкен. 1990-жылдардын башында гезит, журналдар цензурага алынып, Катарга чет элдик басылыштар киргиздирилбей, окутуу программалары кайра каралып чыгып, ислам динине багытталган сабактардын сааттары көбөйтүлгөн. 1995-жылы бийликке келген Хамад бен Халиф Аль Тани демократиялык өзгөртүүлөрдү жүргүзгөн цензура алынып, 1996-жылы «Аль Жазира» улуттук маалымат компаниясы түзүлгөн. 2003-жылы жаңы кабыл алынган Конституция (2005-жылы күчүнө кирген) боюнча аялдар шайлоого, парламентке шайланууга жана мамлекеттик кызматтарда иштөөгө укук алышкан. Бирок саясий партиялар менен коомдук уюмдардын ишине тыюу салынган. 21-кылымдын башынан Катардын тышкы саясаты Перс булуңундагы коопсуздукту чыңдоого багытталган. Бул маселе боюнча Катар АКШ менен тыгыз кызматташат. 2002-жылы декабрда ЭльУдайд булуңунда АКШ аскер базасы курулган. 2003-жылы Иракты оккупациялоодо эмират АКШ баш болгон батыш мамлекеттеринин негизги таяныч пункту болгон.

21-кылымдын башталышынан Катардын экономикасынын негизин углеводород сырьёлорун өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо түзөт. ИДПнин көлөмү 68,9 млрд доллар; аны киши башына бөлүштүргөндө 74,2 миң доллардан туура келет (дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт); ИДПнин көлөмүнүн динамикасы толугу менен дүйнөлүк рынокто энергия сырьёсу боюнча түзүлгөн кырдаалга байланыштуу. Адам өнүгүүсүнүн индекси 0,875 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 35-орунда). Нефть кендерин иштетүүгө чейин Катардын чарбасынын негизги тармагы – балык кармоо жана бермет чогултуу болгон. 1990–2000-жылдары нефть-химия комплекси жана чет элдик туризм өнүгө баштады. Катарга келген туристтердин саны жылдан жылга өсүүдө (2006-жылы 900 миң турист келген); заманбап мейманкана структурасы түзүлүүдө; мамлекеттик, эл аралык жана коммерциялык банктар, улуттук жана чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниялары иштейт. ИДП структурасында өнөр жайдын үлүшү 73,5% (анын ичинде нефть-газ өндүрүү 62%), тейлөө чөйрөсүнүкү 26,4%, айыл чарбасыныкы 0,1%.

Нефть өндүрүүнү мамлекеттик «Qatar Petroleum» компаниясы көзөмөлдөйт (2006-жылы суткасына 1,1 млн баррель өндүрүлгөн; 80%и экспорттолот). Өлкө боюнча өндүрүлгөн нефтинин жарымына жакыны Духан кенине туура келет; анда нефть менен кошо газ жана газ конденсаты да алынат; нефть кууру аркылуу нефть экспорттоочу Умм-Саид порту менен туташат. Нефть, ошондой эле өлкөнүн чыгышында, Перс булуңунун шельфинен өндүрүлөт. Перс булуңундагы кендердин нефтиси Халула аралындагы нефть терминалы аркылуу экспорттолот. 2005-жылы 43,9 млрд м3 газ өндүрүлгөн; эң ири кени – Түндүк кени (айрым жерлери, мисалы, Түштүк Парс Иранга таандык). 2005-жылы 13,5 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; тиричиликте керектелүүчү электр энергиясы калкка акысыз берилет. Курулуш сектору (ИДПнин 5%тейи) өлкөнүн экономикасында мааниси боюнча отун-энергетикадан кийинки 2-орунда; аны менен өнүккөн цемент өндүрүшү тыгыз байланышта. Өнөр жай ишканаларынын басымдуу бөлүгү Умм-Саид (жер семирткич чыгаруучу, болот куюу заводдору жана башка), Рас-Лаффан (негизинен газ иштетүүчү ишканалар) жана Доха шаарынын тегерегинде түзүлгөн индустриялуу зоналарда топтолгон.

Катардын айыл чарбасынын өнүгүүсүнө анын катаал климаттык шарты, чөл жана жарым чөлдүү аймактардын басымдуулук кылышы тоскоолдук кылат (өлкөнүн аймагынын 3%ке жакын жери гана айыл чарбасында пайдаланылат). Мамлекеттен субсидия алган чакан айыл чарба ишканалары гана бар. Айыл чарба өндүрүшү элдин азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 10%ин гана канааттандырат; азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн сырттан сатып алат. Жүгөрү жана таруу аз өлчөмдө гана жыйналат. Оазистерде мөмө-жемиш, курма пальмасы, жашылча өстүрүлөт. Эчки, төө, кой, жылкы асыралат; куш чарбасы өнүккөн. Балык кармоонун жана бермет чогултуунун мааниси зор.

Автомобиль жолунун жалпы узундугу 1230 км; анын негизги тармактары: Доха – Эр-Райян – Духан, Доха – Эль-Хаур – Эр-Рувайс, Доха – Эль-Киръана – Эль-Хуфуф (Сауд-Арабиясы). Жүктүн басымдуу бөлүгү деңиз транспорту менен ташылат. Негизги деңиз порту – Доха. Беш аэропорттун бирөө эл аралык аэропорт (Дохадагы). Куур транспортунун узундугу 2164 км, анын ичинде газ проводунуку 1024 км, нефть проводунуку 844 км (2006).

Сырткы соода товар айлануусунун көлөмү 48,6 млрд доллар (2007), анын 33,5 млрд доллары экспорттук, 15,3 млн доллары импорттук товарлар. Экспортунун 70%ке жакынын нефть, нефть продуктулары жана суюлтулган газ түзөт; ошондой эле сыртка металл арматурасын, жер семирткич жана башка да чыгарат. Экспорттук негизги соода шериктери: Япония, Корей Республикасы, Сингапур, Таиланд. Машина жана жабдууларды, эл керектөөчү товарларды, азык-түлүктү Франция, Япония, АКШ, Италия, Германия, Улуу Британия, Сауд Арабиясы, Корей Республикасынан сатып алат.

Катарда мектепке чейинки мекемеден университетке чейин үзгүлтүксүз билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган «К-12» билим берүү реформасы 2002-жылдан жүзөгө ашырылууда. Билим берүү мекемелерине билим берүү Министрлиги (1957), билим берүү маселелери боюнча Жогорку Кеңеш жана Билим берүү институту (2002) жетекчилик кылат. Билим берүү системасы мектепке чейинки (3төн 6 жашка чейин), милдеттүү башталгыч (6 жылдык), толук эмес орто (3 жылдык), толук орто (3 жылдык), кесиптик орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Мамлекеттик, менчик жана көз каранды эмес мектептер (2002) бар. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 89%ти түзөт (2004). Жогорку окуу жайлар, илимий мекемелер, китепканалар жана музейлер негизинен Дохада жайгашкан. Жетекчи кадрлардын Катар академиясы (2005) бар. Илимий мекемелер (баары Дохада) жана башка иштейт.

Эмирдин жарлыктарын жана мыйзам чыгаруу актыларын чагылдыруучу алгачкы гезит 1961-жылы негизделген. 1969-жылы Маалымат департаменти негизделип (1998-жылы жоюлган), «Доха» журналын чыгара баштаган. 1970-жылдары апталык менчик журналдар, гезиттер чыга баштаган. 2002-жылы күн сайын «Ар-Райя» «Аш-Шарк», «Аль-Ватан», «The Peninsula» гезиттери, «Катар аль-Хайр», «Ад-Доха лиль-Джамиа» журналдары (араб жана англис тилинде) чыгып турган. Радио уктуруусу 1968-жылдан (алгач араб, 1971-жылдан англис, 1980-жылдан урду, 1985-жылдан француз тилдеринде), телекөрсөтүү 1970-жылдан (алгач араб, 1982-жылдан англис тилинде) иштейт. 1996-жылдан «Аль-Жазира ТВ» спутник каналы, 1993-жылдан кабелдик телекөрсөтүү иштей баштаган. 1975-жылы The Qatar News Agency – Улуттук маалымат агенттиги негизделген.

Катар калкы миңдеген жылдар бою чатырларда жашаган. Курулуштар Осмон империясынын учурунда пайда болгон. 19-кылымда Катарда аль-Бида форту, азыр Амири-Диван өкмөт үйү, Эз-Зубар, Эль-Хаурдагы жана Эль-Вакра шаарчасындагы форттор, 20-кылымдагы Умм-Салаль-Мухаммад форту, Абдалла бен Касем Аль Тани шейх үчүн курулган сарай жана башка белгилүү. Форттор жана башка курулуштардын дубалы таш же кыштан тургузулуп, чопо же гипс менен шыбалган. Терезе, эшиктери Индия жана Чыгыш Африкадан алынып келген жыгачтан жасалган. Имараттардын үстүңкү бөлүгүнө желдеткич мунаралар салынган. 1960-жылдан Катарда араб үлгүсүндөгү архитектуралык курулуштар пайда боло баштаган. Дохада Улуттук театр, Маалымат жана маданият министрлиги (1982, архитектор Ахмад Шайха, Ж. Коннелл жана башка), Ан-Насер мечити (1986, архитектор Анвар Атта), Аль-Кубиб мечити (1998) 1975-жылы Катар университет комплекси (архитектор египеттик Камаль аль-Кафрави), 2000-жылдары Ислам маданий борбору, Барзан мунарасы, Ислам искусство музейи, Улуттук китепкана, Сүрөт музейи, Улуттук костюм жана текстиль музейи жана башка курулган. 1980-жылдардын башында Египет, Ирак, Франция, Италия жана АКШдан билим алып келген сүрөтчүлөр Катарда сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон. 1980-жылы Дохада Сүрөт өнөрүнүн Катар коому жана Эркин устакана түзүлгөн. 20-кылымдын аягындагы белгилүү сүрөтчүлөр: Эркин устакананын негиздөөчүсү – Жасем Зайни, Султан Алсилайты жана башка мектептерде көркөм кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу чеберчилиги жана башка үйрөтүлөт.

Катардын музыкалык-бий маданияты араб, перс, инди, африка жана башка элдердин салттуу үлгүлөрүн жана жанрларын камтыйт. Бедуиндердин ар тармактуу ыр жанрлары бар. Салттык перс-араб музыкалык аспаптарын – най флейтасы, канун цитрасы, уд лютнясы жана башка колдонушат. Жергиликтүү калктын салттуу ыр, бийлери да бар.

Борбор шаары Доха

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Негизги макала: Доха
Доха.
Доха.

Доха шаарындагы аэропортко келип түшкөндө эле бул мамлекетте көп жумуштарды чет элдиктер жасаарын түшүнүүгө болот. Аэропортто паспорт көзөмөлүндө отурганы да, сатуучусу да, пол жууганы да,Аэропорт алдында Тойота Камри унаасын айдаган таксисттери да чет элдиктер. Бул жакка дүйнөнүн бардык жагынан келип иштешет. Эӊ көп мигрант жиберген өлкөлөр Пакистан, Индия, Филиппин, Непал. Ошондой эле Европадан, Америкадан атайын чакырылган жогорку билимдүү адистер катарлыктардын керегине жарап келет. Катарды «бренд» катары таанытууда, шаарларды заманбап стилде куруп чыгууда чет элдик долбоорчулардын, инженерлердин жана күрөк кармаган кара жумушчулардын эмгеги чоӊ. Жерге жана байлыкка ээ арабдар болсо селдесин оронуп, теспесин кармап алып үстүртөн текшерүү менен гана алек. Алар мээни жана акчасын иштетип, чет элдиктердин колу менен чоӊ жумуш аткарышат.

Таӊ калтырганы Доха шаарында эл ташыган метронун, автобустун жокжоктугу. Андыктан туристтер аэропорттон түшкөн соӊ такси кызматын пайдаланууга туура келет. 1 долларга 3-4 литр бензин куюп алганга мүмкүн болгон өлкөдө такси кызматы арзан эмес. Таксист 25 риал сураса, демек, соодалашып 15-20 риал менен керектүү жерге жетүүгө мүмкүн. Ал эми соодалашуунун эӊ жогорку чегин базарда көрүүгө болот. Туристтерге бааны асмандатып, 20 риал турган буюмду 40 риалга сата алышат. Жемин жедирбөөгө аракет кылган туристтер, албетте, аларга жага бербейт. Кызыгы, базарда кайыр сурагандарды көрө албайсыӊ. Бирок ырдап, жанына бош идиш коюп койгондор жолугуп турат.

Кечки Доха өтө кооз көрүнөт. Кечке жуук сууну жээктеп чуркагандарды, балдарын ойнотконго чыккан үй-бүлөлөрдү, сейилдеген жаштарды көрүүгө болот. Араб улутундагылар дароо байкалат, алардын эркектери да, аялдары да толук бойдон жамынып жүрүшөт. Суу жээгиндеги аллеяда уюлдук телефонду кубаттай турган жайлар, машыга турган жайлар жана отургучтар жайгашкан. Шаар ичинде күндүзү да, түнкүсүн да жалгыз жүрүү кооптуу эмес. Себеби мыйзам катуу иштеген өлкөдө камерасы жок эле жарандардын коопсуздугу сакталат.

Арабия жарым аралынын түндүк-чыгышындагы Катар жарым аралында жайгашкан бул өлкө түштүгүнөн Сауд Арабиясы менен чектешет. Нефть иштеткенге чейин бермет чогулткан жарды мамлекет менен азыркы Катардын айырмасы чоӊ. Учурда бул мамлекет табигый газдын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлейт. Табигый газ менен нефть экспорттоодо да алдыӊкы мамлекеттердин катарында турат. Өлкөнү башкарып, өнүгүү жолуна салгандар кезинде Европанын беделдүү жогорку окуу жайларын бүткөн муундун өкүлдөрү. Алар элди эгемендүүлүгүнө 50 жыл толо электе таанылгыс кылып өзгөрттү. Эми эгемендүүлүгүнө 100 жыл толсо жери таанылгыс болуп өзгөрчүдөй. Себеби катарлыктар башка араб өлкөлөрүндөй эле көк тиреген мунараларды тургузууга өтүштү.

Катар мамлекетинде көп сандагы стадиондор курулуп, оӊдолуп жатат. Эл аралык футбол федерациясынын талабы боюнча катарлыктар 7 шаарда 12 стадионду даярдап, эл аралык стандартка тууралашы керек. Мунун шылтоосу менен Катар шаарларды байланыштырган унаа жолдорун куруп, шаарлардын ичинде коомдук транспорт жүрүп калат.

Негизи эле Катар акырындык менен спорттук өлкөгө айланууну максат кылат. Бул жакта теннис, бокс, крикет сыяктуу спорт түрлөрүнөн ири мелдештер уюштурулат. Мамлекет Олимпиада оюндарына 1984-жылдан бери катышып келет жана бүгүнкү күндө эсебинде 4 коло медаль бар. 12 кабат келген Олимпиада комитетинин имаратында кызматкерлер көбөйүп, кийинки оюндарда алтын менен күмүш медалдарды алуу аракети жүрүп жатат.

Кызыктуу маалыматтар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Катарда жарандык алуу үчүн араб болуп төрөлүүдөн башка жол жок;
  • Жол чырактарда дайыма жашыл күйүп турат, жөө жүргүнчү кызыл жарыкты өзү күйгүзүп, анан жолду кесип өтөт;
  • Бул өлкөдө Сауд Арабиясы менен такталбаган аймактары болгону менен, чек ара чырлары дээрлик жок;
  • Колунда бар арабдар таза кандуу аргымак, төө багып, жарыштыргандан тышкары кымбат баалуу суперкар, гелендваген унааларына ээлик кылышат;
  • Бензин арзан болгондуктан, 100 чакырымга канча литр бензин сарпталарын деле билишпейт;
  • Өлкөнүн дээрлик бардык аймагы таштуу чөл, деӊиз деӊгээлинен эӊ бийик турган жери 40 метрди түзөт.
  • Акча бирдиги – Риал (1 риал 20 сомго барабар)