Белиз

Википедия дан

Белиз - Борбордук Америкадагы мамлекет. Юкатан жарым аралынын түштүк-чыгышында жайгашкан. түндүк-батышынан Мексика, түштүк-батышынан Гватемала менен чектешет. Чыгышын Кариб деңизи чулгайт. Аянты 23,0 миң км2. Калкы 279,5 миң (2005). Борбору Бельмопан шаары Расмпй тили англис тили. Акча бирдиги белиз доллары. Админстративдик-аймактык жактан 6 округга бөлүнөт. БУУнун, Эл аралык валюта фондунун, Америка мамлекеттер уюмунун мүчөсү. Белиз унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1981-ж. 21-сентябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы парламенттик монархия. Мамлекет башчысы Улуу Британия королевасы (монарх), анын милдетин Белиз мамлекетинин жараны болгон генерал-губернатор аткарат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу Элдик чогулуш (Сенат жана Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Элдик биримдик партиясы, Бириккен демокр. партия. Аймагынын көп бөлүгүн оёң саздуу түздүк ээлейт. Түштүк-батышын Майя тоосу (бийиктиги 1122 мге чейин, Виктория чокусу) курчап жатат. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орточо температурасы 25°Сден 27°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 1300 ммден түшгүгүндө 4500 ммге чейин. Жеринин ¾ бөлүгүн баалуу дарактар өскөн, дайыма нымдуу тропик, түндүгүн жалбырагы күбүлмө тропик жана саванна токою ээлейт. Айрыкча өлкөнүн түштүк тарабындагы дөңсөө-тоолорун сейрек бадалдуу, жапыз өскөн тропик токою каптап жатат. Ири дарыялары: Белиз, Сибун жана Нью-Ривер (кеме жүрөт). Белизде жалпы аянты 912 миң га келген, коргоого алынган 36 аймагы бар, анын ичинен Чикубуль улуттук паркы, дүйнөдөгү жалгыз Бассейн-Кокскомб ягуарлар резерваты иштейт. Калкы негизинен белиздиктер (73,6%), орточо жыштыгы 1 км2 жерге 12,2 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 69,9, аялдарыныкы 73 жаш. Эли англис, ошондой эле испан тилдеринде, креоль диалектисинде да сүйлөшөт. Динге ишенгендер негизинен христиандар. Шаар калкы 47%. Ири шаары Бельмопан. Азыркы Белиз жайгашкан аймак байыртадан эле майя цивилизациясынын очокторунун бири болуп келген. Белиз 1502-ж. X. Колумб тарабынан ачылган. Борбордук Американын Испания тарабынан каратылышы менен (1509-24), Белиздин түндүгү Жаңы Испаниянын (азыркы Мексика), ал эми түштүгү Гватемаланын курамына кирген. 17 - кылымда Белизге англичандардын келиши менен алгачкы колониясы негизделип, бул аймак үчүн англичандар менен испандардын ортосундагы экономикалык тирешүүлөр башталган. 1763-ж. Париж келишими боюнча Белиз аймагында испандардын бийлиги сакталып, англичандар болсо токой чарбасын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Алар токой плантацияларында негр-кулдардын эмгегин пайдаланышкан. 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башында англичандар испандарды акырындык менен сүрүп чыгып, 1840-ж. расмий түрдө Белизди Британ Гондурасы деген ат менен өз колониясы деп жарыялаган. 1964-ж. гана Улуу Британия Белизге ички иштерин өзү башкаруу укугун берген. 1981-ж. чейин Белиз Америка континентиндеги британиялык акыркы колония болуп келген. 1981-ж. 21-сентябрда Б. көзкаранды эместигин жарыялап, БУУга мүчөлүккө кабыл алынган. 90-жылдары Белизде эки партиялуу система калыптанган. 1998 жана 2003-ж. парламенттик шайлоолордо Элдик биримдик партиясы (лидер Саид Муса, теги боюнча палестиналык) жеңишке жетишкен. Өлкөдөгү демократиялык институттардын бекемделгендигине карабастан, экономика жана социалдык маселелер чечилбеген бойдон калууда. Экономикасынын негизин 1960-ж. чейин токой чарбасы түзүп келсе, 1990-ж. 15 эсеге кыскаргандыктан учурда Белиз агрардык өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 1778 млн доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 6,5 миң доллардан (АКШ; 2005) туура келет. Ички дүң продукциядагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 68%, айыл ж-а балык чарбасынын үлүшү 13%, өнөржайыныкы 9%. Туризм өнүгүүдө (жылына 200 миңге жакын). 2002-ж. 117 млн кВт\с\ электр энергиясы өндүрүлгөн. Айыл чарбасынын негизин балкамыш түзөт. Цитрус өсүмдүктөрү (лимон, апельсин, мандарин ж. б.) ананас, банан, кокос плантациялары бар. Бодо мал, чочко багылат. Жыгаччылык өнүккөн, кариб жана кызыл карагайдан жана кампеш дарагынан жыгач даярдалат. Балык кармалат. Консерва өндүрүшү бар. Автомобиль жолунун узундугу 2,9 миң км. (а.и. 651 км асфальтталган). Ири деңиз порттору: Белиз, Дангрига. Ички суу жолунун узундугу 825 км. Сыртка кант, цитрус жемиштери, деңиз азыктары, булгаары жана булгаары-буткийим, жыгач буюмдары ж. б. чыгарылат. Сырттан азык-түлүк, дарыдармек, отун, машина, транспорт жабдуулары, тиричилик товарларын ж. б. алат. Негизги сырткы соода шериктештери: АКШ, Улуу Британия, Канада, Мексика. Мамлекеттин колониялык көзкарандылыгынын таасири улуттук мададанияттын, анын ичинен айрыкча адабият жана искусствонун өнүгүшүнө тоскоол болгон. Байыркы эстеликтери майя маданияты менен байланыштуу. Анын ичинен Алтун-Ха, Ламанай (майя аймагындагы эң чоң пирамида), Караколь ж. б. архитектуралык комплекстери сакталган. 16-кылымда колониалдуу стилдеги курулушгар пайда боло баштаган (мис., испандык миссионерлер тарабынан курулган байыркы Ламанай шаарындагы мечит), архитектура негизинен 19-20-к. Белиз жана Бельмопан шаарында өнүккөн. 6-14 жашка чейин баштапкы билим берүү милдеттүү жана акысыз жүргүзүлгөн. Бардык шаарларында мектептер бар. Техникалык, педагогикалык, айыл чарба, жаштарды өстүрүү борбору, профессионалдык окуу борбору, чоңдор үчүн үзгүлтүксүз билим берүү мектептери орун алган. Калктын сабаттуулугу 80% ти түзөт. Улуттук университет, китепканалары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4