Нигерия

Википедия дан
Нигерия.

Нигерия, Нигерия Федерация Республикасы – Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Нигер, түндүк-чыгыштан Чад, чыгышынан Камерун, батышынан Бенин мененчектешет. Түштүгүнөн Атлантика океанынын Гвинея булуңу чулгайт. Аянты 923,8 миң км2. Калкы 152,3 миллион (2010). Борбору – Абужа ш. Адм.айм. жактан 36 штатка жанаборбордук федерация округуна бөлүнөт. Акча бирдиги – найра. 1999-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет, өкмөт башчысы жана Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу улуттук чогулуш (Улуттук Ассамблея). Аткаруу бийлигин өкмөт – Федерациялык аткаруу кеңеши ишке ашырат. Негизги саясий партиялары: Элдик демократиялык партиясы (центристтер), Жалпы элдик партия (консерваторлор).

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнү Нигер жана Бенуэ дарыясы экиге бөлүп агат. Түштүгүн дарыя шилендилеринен турган түздүктөр жана бөксө тоолор ээлейт. Батышындагы жээк тилкесиндеги түздүктөр кумдуу жалдардан турат. Деңиз жээгиндеги түздүктөр түндүктө Нигер дарыясынын батышындагы Йоруба жана чыгышындагы Уди өтө бийик эмес бөксө тоолорго өтөт. Түндүк-батышта Сокото бөксө тоосу түндүк-чыгышта Борн түздүгү менен алмашат. Эң бийик жери – Чаппал-Вадди чокусу (бийиктиги 2419 м). Климаты өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө экватордук муссондук жана субэкватордук. Майдын орточо температурасы 33˚С, январдыкы 26˚С. Жылдык жаан-чачыны түндүк-чыгышында 500 мм, түштүгүндө 4000 ммге чейин. Ири дарыялары: Нигер, Бенуэ, Сокота, Кадуна, Гонгола жана башка; көлү– Чад. Түштүгүндө тропика токою жанатүндүгүндө бийик чөптүү саванна, дарыя жээктеринде мангр токою өсөт. Топурагы кызыл сары, кызыл күрөң. Фаунасы негизинен эндемик [анын ичинен толугу менен жок болуп кеткен жайчылар (балык) жанакичи кериктер кездешет]. Жаратылыш газы, таш көмүр, темир, калай, колумбит (ниобий) жана башка казылып алынат. Боргу, Квиамбана, Янкари жана башка резерваттары уюштурулган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын көпчүлүк бөлүгүн йоруба (21%) түзгөнү менен андан башка ар кандай тилде сүйлөгөн 200дөн ашык эл жашайт (хаусалар, йорубалар, фульбелер, игбо, иджо, канури, ибибио, тив, игала, игбира, идома, эфик, гбари жана башка). Расмий тили – англис тили. Калкынын 50,4%и мусулман, 48,2%и христиан, калгандары салт болуп калган жергиликтүү диндерди тутат. Орточо жыштыгы 1 км2ге 167 киши (2010). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 46 жаш, аялдарыныкы – 48. Шаар калкы 48% (2008). Ири шаарлары: Лагос, Кано, Ибадан жана башка.(1960), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1961), Африка биримдиги уюмунун (1963), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1971) жана башка уюмдардын мүчөсү. Н. – федерациялык мамлекет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нигериянын азыркы аймагында адам ортонку полеолит доорунда эле жашаган. Нигерияда Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта эле материалдык мадабият өнүгүп, калк мал багып, дыйканчылык менен кесиптенген. 8-кылымда Нигериянын түндүгүндө Иорубо жанаИфа мамлекеттери өкүм сүргөн. 9-кылымда Борно мамлекети ислам динин кабыл алып, 13к-да исламдын борборуна айланган. 15-кылымда Нигерияга европалык колониячылар (португалдар, кийин англичандар, француздар жана немистер) келип, жерин ээлеп алып, элин кулга айландырган. 19-кылымдын 60-жылдарында Нигерия аймагында Улуу Британиянын бир нече протектораты түзүлүп, 1914-жылы региондогу британ ээликтери бир колонияга (протекторатка) биригип, Нигерия аталган. 1947-жылы Нигерияга өзүн-өзү башкаруу укугу берилген. 1960-жылы 1-сентябрда Британ шериктештигинин чегинде (к. Шериктештик) Нигериянын көз карандысыздыгы жарыяланган. 1966-жылы өлкөдө 2 жолу аскер төңкөрүшү, 1967–70-жылы согуш болуп, ал федерациялык өкмөттүн жеңиши менен аяктап, Биафра Республикасы түзүлгөн. 1999-жылы Нигерияны 14 жыл башкарган аскер режими кетип, бийлик демократиялык жол менен шайланган президентке өткөн. Бирок өлкөнүн демократиялык жол менен өнүгүүсүнө кедерги болгон диний (исламчылар) жана этностук каршылашуулар кандуу кармашка чейин жетип, улуттун биримдиги менен аймактык бүтүндүккө коркунуч туудурууда. Нигерия – БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын мүчөсү. 2011-жылдан өлкө президенти – Гудлак Жонатан.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нигерия – нефть өндүрүшү өнүккөн, агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 357,2 млрд долларды (2010, АКШ) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 2,4 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 32,5, өнөр жайдыкы 34,1, айыл чарбаныкы 33,4 (2009). Өлкөнүн бюджеттик кирешесинин 80%ин нефть казып алуу түзөт. 2007-жылы 21,92 млрд кВт.с электр энергиясы (ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Кара (болот прокаты) жана түстүү металлургия, автомбиль чогултуучу, нефть ажыратуу, химиялык, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, айыл чарба продуктусун кайрадан иштетүүчү, цемент, текстиль, бут кийим, тамак-аш – татымал жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Эмгекке жарамдуу калктын 70%и айыл чарбасында эмгектенет. Жүгөрү, ак жүгөрү (сорго), шалы, таруу, кассава, ямс, батат айдалат. Эчки, кой, чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун узундугу – 193,2 миң км (2004; анын ичинен асфальтталганы 30,0), темир жолунуку 3,5 миң км, магистралдык нефть куурунуку 3,4 миң, азык-түлүктүкү 4,1 миң (2009) Нигер, Бенуэ жана Кросс дарыясында кеме жүрөт. Ири порттору: Лагос, Порт-Харкорт жана башка. Сыртка нефть, нефть продуктуларын, какао (дүйнөдө 4-орунда), каучук, жер жаңгак, пальма майын жана башка чыгарат. Негизги соода шериктери: АКШ, Кытай, Германия, Бразилия, Нидерланд жана башка.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 6 жылдык милдеттүү акысыз башталгыч жана 6 жылдык орто, атайын кесиптик жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 90%ти түзөт (2008). ЖОЖдору, китепкана, музейлери ири шаарында жайгашкан. «Дейли Таймс», «Уэст африкан пайлот», «Дейли Скетч», «Санди Таймс» жана башка гезит-журналдар чыгып турат. Радиоуктуруу (1950-жылдан), телекөрсөтүү (1952-жылдан) иштейт. Н. басма сөзү Тропикалык Африкадагы маданий тармактардын ичинен эң өнүккөнү деп эсептелет. Нигерия эл адабияты элдик оозеки чыгармачылык менен тыгыз байланышта өнүгүүдө. Нигерия жазуучуларынын көпчүлүгү англис тилинде жазышкан. 19-кылымдын аягы – 20-кылымда публицистика өнүксө, 20–40-жылдары граждандык поэзия пайда болгон (Н. Азикив, Д. Осадабей). 30-жылдары Библиялык темада драматургия жанры жанданган. Көрүнүктүү жазуучулары С. Эквенси, А. Тутуол, О. Нзекв, Э. Амади, Н. Нванко, Ч. Ачебе. 60-жылдары драматургияда жана поэзияда социалдык мазмун басымдуу болгон. Анын өнүгүшүнө Шойинк («Идране» поэмасы, 1967, «Токой бийи» пьесасы, 1960), Ж. Кларк («Озиди», 1966, «Ырлар» жыйнагы, 1962) жана башка чоң салым кошкон. «Окике» адабий журналы чыгып турат. Н. элдик архитектурасынын ар түрдүүлүгү анын жаратылыш жана климаттык шарттарынын өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. Түштүк, Түштүк-Батыш жана Түштүк-Чыгыш жагындагы тропикалык токойлуу райондорунда үстү саман, камыш жана пальма жалбырактары менен эки катмар жабылган, топурактан согулган үйлөр көп. 13–15-кылымда түштүк райондордо шаар курулушу гүлдөп өнүккөн. 14-кылымда Н-нын түндүгүндө исламдын таралышы менен мечиттер, минареттер пайда болгон. 19-кылымдын аягында Бразилиядан келген репатрианттар түштүк Н. архитектурасына латын америкалык барокконун элементтерин киргизген. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Н-нын шаарларында көп кабаттуу заманбап имараттар курула баштаган. Нигериянын аймагында сүрөт искусствонун (терракоталык пластика) байыркы эстеликтери Нок маданиятына барып такалат. 12–17-кылымда Бенин, Ифа мамлекеттеринде скульптура өнүккөн. Жыгачтан жасалган жөрөлгө маскалары (азыркы кезде карнавалдарда колдонулат) ар түрдүү. Көз каранды эместик орногондон кийин кесипкөй сүрөтчүлөр искусствосу калыптанган. Скульпторлор О. Идах, Ф. Идибор, А. Аканжи; живописчи У. Океке; график И. Вангбоже Н. искусствосунун салттарына таянышкан. Театрдык жасалга искусствосу өнүккөн. Нигериянын музыкалык искусствосу негизинен диний нукта өнүккөн. «Барабандын тилинде» музыканттар сарай хроникаларынын, падышалардын санжырасын, уламыштарды жана байыркы жомокторду айтып келишкен. Эң кеңири тараган аспап – барабан (ар кандай формадагы). 19-кылымдагы миссионерлердин колониялык иш-аракеттери жергиликтүүсалттуу диндердин таасирин басаңдатып, акырындап диний музыканын жоголуп кетүүсүнө алып келген. 2-дүйнөлүк согуштан (1939–45) кийин музыканттар европалык аспаптарды колдоно башташкан. Нигерия көз каранды эместикти алгандан кийин музыкалык окуу жайлар түзүлгөн. 60– 70-жылдарда биринчи кесипкөй композиторлор чыккан. Алардын белгилүүлөрү А. Юба, Ф. Сованте, С. Акробот, А. Банколе, А. Фиберезима болгон. Шаарларында жыл сайын музыка жана бий фестивалдары өткөрүлүп турат. Лагосто 1950-жылдардын бери иштеп жаткан англиялык ишкерлер тарабынан «Федерал фильм юнит» деп аталган кинокомпания уюштурулган. 60-жылдардын башында чет элдик операторлор жана режиссёрлор даректүү фильмдерди гана тарткан. 60-жылдардын орто ченинде европалык кино мектептеринен кесиптик билим алышкан нигериялык кинематографисттердин тасмалары пайда болгон. Эл аралык кинофестивалдарга катышып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]