Ындыя

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Ындыя.
Flag of India.svg

Ындыя Ындыстан (орусча Индия)(хинди тилинде – Бхарат), Ындыя Республикасы – (Бхарат Ганараджья) Түштүк Азиядагы мамлекет, Ындыстан жарым аралында. Батышынан Ынды океанынын Арап, түштүк-батышынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бенгал булуңу менен чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу менен Полк кысыгы Ындыяны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат. Түндүк-батышынан Пакистан жана Ооганстан, түндүгүнөн Кытай, Непал жана Бутан, чыгышынан Бангладеш жана Мьянма өлкөлөрү менен чектешет. Ындыянын курамына Лаккадив аралы (Лакшадвип союздук аймагы), Андаман жана Никобар аралы кирет. Аянты 3,3 млн км2. Калкы 1129,7 млн (2007; дүйнө калкынын 17%и); элинин саны боюнча дүйнөдө (Кытайдан кийинки) 2-орунда. Борбору Нү-Дели (Дели улуттук борбордук аймагынын курамына кирет). Ырасмый тили хинди жана англис тилдери. Акча бирдиги Ындыя рүпийи. Административдик-аймактык жактан 28 штатка (федерация субъектилери болуп саналат), борборго баш ийген 6 союздук аймакка жана Дели улуттук борбордук аймагына бөлүнөт; Жадыбалды кара. Ындыя БУУнун (1945), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтык ассоциациясынын (СААРК; 1985), Ынтымакташтыктын (1947), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ШКУнун (2005-жылдан байкоочу) жана башкалар эл аралык уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Ындыя федерациялык мамлекет. Конституциясы 1949-ж. кабыл алынып, 1950-ж. күчүнө кирген. Башкаруу формасы парламенттик Республикасы Мамлекет башчысы президент. Ал, ошондой эле өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы болуп эсептелет. Президент эки палаталуу парламент жана штаттардын мыйзам чыгаруу органдарынан турган шайлоочулар коллегиясы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Негизги саясий партиялары[оңдоо | булагын оңдоо]

Ындыя Улуттук конгресси (1885-ж. уюшулган), Бхаратия жаната партиясы (1980), Индия коммунисттик партиясы (1925) жана башкалар.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Ындыя Ындыстан жарым аралынан, Ынд-Ганг туздугунун чыгыш бөлүгүн (Сатлеж дарыясынан чыгышты карай), Ымалай менен Кара-Корумдун түштүк бөлүктөрүн, Бенгал булуңундагы жана Арап деңизиндеги бир нече аралдар тобун камтыйт. Жээк сызыгынын узундугу 72 миң км; негизинен жапыз, кумдуу, лагуналуу; булуң-буйткалар аз. Жарым аралдын батыш жээгинин түштүк бөлүгү Малабар жээги, чыгыш жээгинин Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)гүндө бийиктиги 2698 мге жеткен түштүк бөлүгү Коромандель жээги деп аталат. Өлкөнүн аймагынын 3/4 бөлүгү түздүктөр жана бөксө тоолор. Ындыстанды дээрлик Декан бөксө тоосу (ал чыгышты карай 900 мден 300 мге чейин жапыздайт) ээлейт; жеринин бети плато сымал, ал батышында жана чыгышындагы айрым жерлеринде Батыш Гат жана Чыгыш Гат тоолоруна өтөт; алардын сырткы капталдары океанга тик түшөт. Түндүк-батышында зор аймакты базальт катмары (трапптар) каптап жатат. Ындыстандын түштүгүндө бийиктиги 2698 мге жеткен супа сымал тоолор, түндүк тарабында, тоо этегиндеги тектоникалык зор ийилиште аллювий тектеринен түзүлгөн Ынд-Ганг түздүгү жайгашкан. Ынд-Ганг түздүгүнүн түндүгүндө Жер шарындагы эң бийик тоо система Ымалай (Ындыянын чегиндеги бийиктиги 8126 мге чейин, Нангапарбат чокусу) үч тепкич (Сивалик, Кичи Ымалай, Чоң Ымалай) болуп тик көтөрүлөт. Анын түндүгүндө альп рельефтүү, мөңгүлүү Кара-Корум тоолору жайгашкан.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Ындыянын аймагынын басымдуу бөлүгүн байыркы Ынды платформасы ээлеп, ал Ындыстан жарым аралынан, Ынд-Ганг түздүгүн камтыйт. Өлкөнүн аймагына, ошондой эле альп бүктөлүшүнө кирген Ымалайдын бир бөлүгү (Симла, Жамму, Кашмыр) да кирет. Ири кен байлыктары: боскит (Орисса, Бихар, Гужарат, Карнатака, Мадхья-Прадеш жана башкалар штаттарда), хромит (Орисса), темир (Бабабудан, Байладила жана башкалар кендер), алтын (Карнатака жана башкалар), коргошун-цинк (Ражастхан), жез (Бихар), жез-порфир (Мадхья-Прадеш), мусковит (запасы боюнча дүйнөдө 1-орунда), барит (Андхра-Прадеш), алмаз (Мадхья-Прадеш), нефть жана газ (Камбей, Ассам нефть-газ бассейндери, Бенгал шельфи), көмүр (Бихар, Батыш Бенгалия, Мадхья-Прадеш), слюда, асыл таштар жана башкалар.

Климаты субэкватордук муссондук, түштүгүндө тропиктик. Ындыянын дыйканчылык үчүн өтө маанилүү болгон жайкы нымдуу муссон мезгилинде жаан-чачындын 70-90%и жаайт, кышы кургак жана салкын, марттан майдын аягына чейин кургак жана ысык мезгилимий Январдын орточо температурасы түндүгүндө 15°Сден түштүктө 27°Сге чейин, майда (эң ысык ай) 28-35°С. Жылдык жаан-чачыны Ынд-Ганг түздүгүнүн батышында 100 мм; Декан бөксө тоосунун борбордук бөлүгүндө 300-400 мм, Чыгыш Ымалай тоолорунда жана Гаттын сырткы капталдарында 3000-6000 мм, Шиллонг платосунда 12 000 ммге чейин (Жер шарынын кургактыктагы эң жаанчыл жери). Негизги дарыялары: Ганг (куймасы Жамна менен кошо), Ынд (жогорку агымы), Брахмапутра (төмөнкү агымы), Нарбада, Годавари, Кришна. Жайкысын дарыяларынын суусу мол (дарыя ташкыны болуп турат), сугатка кеңири пайдаланылат, айрымдарында кеме жүрөт. Декан бөксө тоосунун жана Ынд-Ганг түздүгүнүн табигый өсүмдүктөрү өтө өзгөргөн; саванна, ксерофиттүү сейрек токой, айрым жерине жалбырагы күбүлмө токой, түндүк-батышына бадалдуу жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Батыш Гаттын айдарым капталдарында, Ганг менен Брахмапутранын дельтасында, Чыгыш Ымалайдын этегинде дайыма жашыл тропик токою өсөт. Ымалайдын этегин тераилер (саздуу жунгли), жогорураак муссон токою, аралаш жана ийне жалбырактуу токой, тоо шалбаа жана талаа ээлейт. Ындыянын аймагынын 24%и токой.

Ындыяда коргоого алынган 545 табигый аймак бар, анын 83ү улуттук парк. Алар өлкөнүн аянтынын 5,2%ин ээлейт. ЮНЕСКОнун биосфералык резерват тармагына Нанда-Деви жана Сандарбан улуттук парктары, ошондой эле Нилгири жана Маннар булуңу; эл аралык маанидеги суу-саздуу жерлерге коргоого алынган 25 табигый аймак киргизилген. Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине Сандарбан, Казиранга, Кеоладео, Нанда-Деви, Гүлдөр өрөөнү улуттук парктары, Манас резерваты кирген. Биологиялык ар түрдүүлүктү жана жапайы айбанаттардын жашоо чөйрөсүн (мисалы, бенгал жолборсу, индия пили, ганг гавиалы) сактоо максатында түзүлгөн долбоорлорду ишке ашырылышы айрымдарынын көбөйүшүн шарттады.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ындыя — көп улуттуу өлкө. Мында 1652 тилде жана диалекте сүйлөгөн 500дөй улут жана уруу бар. Алардын 9/10унан ашыгы ири улуттар: хинди, бихар, панжаб, ражастхандыктар, маратха, гужарат, бенгалдыктар, ассам, тамил, телугу (андхра), каннар, малаяли, кашмирликтер жана башкалар 1901—2001-ж. Ындыянын калкы 4,3төн ашык эсе (238,4 млндон 1027,02 млнго чейин) өскөн. 21-кылымдын 1-жарымында калктын санынын өсүүсүнүн негизги себеби төрөлүүнүн өтө жогору болушу (1901-ж. 1000 адамга 45,8 бала, 1951-ж. 40,8 бала төрөлгөн). 1951-жылдан төрөлүү көзөмөлгө алынган (ар бир үй-бүлөгө 2 бала). Бирок, Ындыянын калкы дагы эле тез темп менен өсүүдө. 2007-ж. төрөлүү 1000 адамга 22,7 бала, өлүмжитим 6,6 адам болгон. Ындыянын калкынын 48%тен ашыгы аял (орто эсеп менен 100 аялга 106дан ашык эркек туура келет). Калктын орточо жашы 24,8 жыл. Курактык структурасында 15 жашка чейинки балдар 31,8%, эмгек курагындагылар (15-64 жаштагылар) 63,1%, 65 жаш жана андан ашкандар 5,1%. Динге ишенгендердин 80,5%и индуизм, 13,4%и ислам, калгандары машаякчылык, сикхизм, буупарасчылык, жайнизм, иудаизм диндерин тутат. орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 353 адам; Ынд-Ганг түздүгүндө жана деңиз жээктеринде калк жыш, тоолуу (түндүк) жана чөлдүү аймактарга сейрек отурукташкан. Калктын 70% и айылда жашайт (өлкөдө 600 миңден ашык айыл-кыштак бар). Шаар калкы 30%ти түзөт. Ындыяда калкы миллиондон ашкан 32 шаар бар. Ири шаарлары (2007): Мумбаи, калкы 13,1 млн (агломерациясы менен 20,4 млн); Дели, 11,5 млн (18,0 млн); Бангалор, 5,3 млн (6,3 млн); Калькутта, 4,6 млн (14,9 млн); Ченнаи, 4,4 млн (7,1 млн); Ахмадабад 3,8 млн (5,2 млн); Хайдарабад 3,7 млн (6,1 млн); Пуна 3,2 млн (4,9). Экономикалык активдүү калкы 500 млндон ашык (2006), анын 60%и айыл чарбанда, 17%и өнөр жайында, 23%и тейлөө чөйрөсүндө иштейт.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

1590-1595.

Археологиялык маалыматтарга караганда Ындыяда адам баласы таш доорунан эле жашай баштаган. Ынд дарыясынын өрөөнүндө отурукташкан элдер биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын 2-жарымы 2миң жылдыктын 1-жарымында жогорку деңгээлдеги Хараппа маданиятын түзгөн. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын орто ченинде Ындыяны арий уруулары каптап келе баштаган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта аймакта Куру, Панчала, Кошала, Таксила, Гандхара, Магадха сыяктуу бир катар кул ээлик мамлекеттер пайда болот. Андан ичкери Магадха айрыкча жогорулап, Маурья династиясынан чыккан Ашок падышанын тушунда (биздин заманга чейинки 268-232) ал бүткүл Ындыяны камтыган империянын борборуна айланган. Байыркы Ындыянын калкы төрт сословиеге бөлүнгөн: брахмандар (дин кызматкерлери), кшатрийлер (жоокерлер), вайшийлер (эркин дыйкан, малчы, соодагер), шудралар (жалчы, кулдар). Булардын биринчи экөө артык укуктардан пайдаланган. Байыркы Ындыяда буупарсчылык менен жайнизм дини үстөмдүк кылган. Алгачкы орто кылымда Ындыя бир нече мамлекетке бөлүнгөн. 12-кылымдын аягы 13-кылымдын башында түрк-афган башкаруучулары тарабынан Түштүк Ындыянын каратылышы анда ислам дининин таралышына түрткү берген. 1398-ж. Тимурдун армиясы Дели султандыгын (1206-ж. түзүлгөн Ындыядагы биринчи мусулман династиясы) каратып алган. Алар Дели шаарын талап-тоноп, кол өнөрчүлөрүн Самарканга алып кеткен. Ич ара келише албаган султандыктын башкаруучулары тактыга Кабулдан Закир-ад-дин Бабурду чакыртышкан. Бабурдун кыска мөөнөттүү бийлиги (1526-1530) Могол империясынын, Улуу Моголдор династиясынын башатын негиздеп кеткен. 16-кылымдарда Түндүк Ындыя Улуу Моголдор династиясынан чыккан Акбардын бийлигинде болот. Анын чөбүрөсү Аурангзеб (1658-1707) Түштүк Ындыяны каратат, бирок Могол империясы көп узабай ыдырай баштайт. 16кылымдарда португалдар, голланддар, англичандар, француздар Ындыянын жээгиндеги бир катар стратегиялык таяныч пункттарын ээлеген. Европалык державалардын Ындыя үчүн күрөштөрү англиялык Ост-Ындыя компаниясынын жеңиши менен 18-кылымдын аягында аяктайт. 19-кылымдын орто ченинде Ындыяны Англия толугу менен каратып алат. Ындыя Англиянын соода рыногуна жана англиялык өнөр жайдын сырьё булагына айланат. 1885-ж. түзүлгөн Ындыя улуттук конгресс (ИУК) партиясы жергиликтүү өнөр жайыды өзү башкаруу жана коргоо талаптарын коёт. 1906-ж. Мусулман лигасы түзүлөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Ындыя менен Англиянын ортосунда карама-каршылыктар күчөп, 1947-ж. 15-августта Улуу Британия Ындыянын көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Ындыя диний принцип боюнча Ындыя Союзуна жана Пакистан болуп эки доминионго бөлүнөт. Бөлүнүү индустар менен мусулмандардын кагылышуусу менен коштолуп, натыйжада 1 млндон ашуун адам кырылат. Диний кагылышууларга каршы чыккан М. К. Ганди шовинистчил уюмдун өкүлү тарабынан өлтүрүлөт. ИУКтун лидери Ж. Неру Индиянын премьерминистри болот.

1949-ж. 26-ноябрда жаңы конституция кабыл алынып, Ындыя республика болуп жарыяланган. Бул конституция 1950-ж. 26-январда (бул күн Республикасы күнү деп белгиленет) күчүнө кирген. 1967-жылдагы шайлоонун жыйынтыгында Индира Ганди өлкөнүн премьер-министри болуп калат. 14 ири жеке банк мамлекеттештирилип, монополиялар жөнүндө мыйзам кабыл алынат, көпчүлүк товарларды импорттоого мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлөт. Ындыя өкмөтү өзөктүк жана космостук программаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, натыйжада 1974-ж. Өзөктүк куралды сыноо жүргүзүлөт, 1975-ж. советтик Космодромдон Ындыянын биринчи спутниги «Арьябхата», 1979-ж. космостук ракетасы учурулат. Ындусмусулман кагылышууларынын натыйжасында, 1984-ж. Индира Ганди сикх террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Анын ордуна премьер-министр болуп Индира Гандинин уулу Р. Ганди шайланат. Р. Гандинин өкмөтү инвестицияларды электрондук өнөр жайыды өнүктүрүүгө тартып, ошол эле учурда чет элдик фирмалардын филиалдарын ачтырууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жетишет. Ындыя АКШ, Жапан, Германия сыяктуу өлкөлөр менен кызматташа баштаган. 80-жылдардын орто ченинен Түштүк Азия аймагында соодаэкономикалык байланыштарды жөнгө салууга багытталган бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт. 1991-ж. кезексиз өткөрүлгөн шайлоо компаниясынын учурунда Р. Ганди тамил террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Конгресстин жаңы лидери П. В. Нарасимха Рао премьер-министр болуп калган. 2004-жылдан Ындыянын премьер-министри Манмохан Сингх. 21-кылымдын башында өндүрүлгөн ИДПнин көрсөткүчү боюнча Ындыя дүйнөдөгү экономикалык ири төрт державанын бири. Ындыя Кытай, Чыгыш жана Батыш Азия, Жапан, АКШ өлкөлөрү менен кызматташтыгын өнүктүрүүдө. 1985-жылдан Түштүк Азия аймактык кызматташтык ассоциациясынын курамында. Учурда Ындыя-Пакыстан мамилелерин жөнгө салуу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлүүдө. 2005-жылдан ШКУга байкоочу катары катышат.

Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ындыя өнөр жай, соодасы жана товардыкакча мамилеси өнүккөн агрардык-индустриялуу өлкө. Ындыянын экономикасы жумушчу күчүнүн арзандыгы жана эмгектин жогорку маданияты менен өзгөчөлөнөт. Ындыянын азыркы экономикасына көп укладдуулук мүнөздүү. Айыл чарбанда чакан чарбалар басымдуулук кылып, ал өз алдынча иштеген калктын 60%ин камтыйт; өнөр жайында 23% и иштейт. Өлкө азык-түлүк менен өзүн толук камсыз кылып, жылына 200 млн тдай дан эгинин өндүрөт. Ички ИДПдеги айыл чарбанын жана балыкчылыктын үлүшү 18,5% , тейлөө чөйрөсүнүкү (курулуш менен кошо) 55,1%, өнөр жайыныкы 26,4%. ИДПнин реалдуу өнүгүү темпи 2006-07-ж. 9,4%ти түзгөн (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда). ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Болжол менен 250-300 млн адамдын жашоо деңгээли өнүккөн капиталисттик өлкөнүн көрсөткүчүнө тең келет. Ындыя ИДПнин деңгээли боюнча дүйнөдөгү 6 ири өлкөнүн катарына кирет. Ошол эле учурда ырасмый маалымат боюнча кирешеси жакырчылык чегинен төмөн болгон калк 22%тейди түзөт.

Өнөр жай[оңдоо | булагын оңдоо]

Өнөр жай – Ындыянын экономикасынын маанилүү жана өнүгүп жаткан сектору. Өнөр жай продукциясынын наркынын 79,3%и иштеп чыгаруучу, 10,5%и тоо-кен, 10,2%и электр-энергетика тармактарына туура келет. Иштеп чыгаруучу өнөр жайынын маанилүү тармактары: машина куруу жана металл иштетүү, химия, нефть-химия жана фармацевтика, кара жана түстүү металлургия, текстиль жана тамак-ашаары Энергияны пайдалануу структурасынын 54% ин көмүр, 32% ин нефть жана нефть продуктулары, 8%ин табигый газ, 5%ин суу энергиясы, 1%ин атом энергиясы түзөт. Ындыянын экономикасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалардын бири отун-энергетикалык ресурстардын таңкыстыгы. Көмүрдүн запасы 121,4 млрд т (Бихар, Мадхья-Прадеш, Батыш Бенгалия), жылына 430 млн т казылып алынат (2006-07). Мунай негизинен Арап деңизинин жана Бенгал булуңунун шельфтеринен казылып алынат (2006-07-ж. 34 млн Т), 112,6 млн т нефтини сырттан (негизинен Парс булуңунун жээгиндеги өлкөлөрдөн) сатып алат. Казылып алынган газ (31,6 млрд м3) ички керектөөнүн 1/2ине жакынын канааттандырат; газ кендери Арап деңизинин жана Бенгал булуңунун жээктеринде жана Ассам штатында. Электр станцияларынын аныкталган жалпы кубаттуулугу (2007) 128,6 миң МВт, андан ичкери ЖЭСке 84,4 миң, АЭСке 3,9 миң, ГЭСке 34,1 миң, энергиянын калыбына келүүчү булактарына (шамал, күн) 6,2 миң МВт туура келет. 2006-07-ж. 663,8 млрд кВт электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 79%и ЖЭСке, 17,6%и ГЭСке, 2,4%и АЭСке, 1%и башка (негизинен шамал) электр станцияларына таандык. Өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 2006-07-ж. 722,2 млрд кВт түзгөн. 7 АЭС иштейт. Кара металлургия өнөр жай темир (2006-ж. 99,4 млн т казылып алынган), хром (3255 миң т) жана марганец (1750 миң Т) рудаларынын негизинде иштейт. Түстүү металлургиянын маанилүү тармагы алюминий өнөр жай; Ындыя жогорку сапаттагы бокситке бай, ал Орисса, Гужарат, Жаркханд, Мадхья-Прадеш жана башкалар штаттарынан казылып алынат (13,1 млн т). Ошондой эле чопо (2700 миң г), жез (26,9 миң т), коргошун (255 миң т), цинк (440 миң т), титан рудалары, алтын (3200 кг) казылып алынат. Машина куруу өнөр жайдын башкы тармагы (өнөр жай продукциясынын наркынын 18,5%и), ал чарбанын түрдүү тармактары үчүн машиналардын жана жабдуулардын көп түрлөрүн чыгарат. Алардын негизги продукциялары: буу казаны, буу, газ жана гидравликалык турбиналар, буу жана дизель генераторлору, турбина-генераторлор, күн сүрөтэлектр курулмасы, шамал энергетикалык курулмасы, туруктуу токтогу жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүү системасы, насос, компрессор, трасформатор жана башкалар Машина куруу өнөр жайынын маанилүү тармагы станок куруу; мында металл иштетүүчү станоктор, автоматтык линия жана өндүрүштүк комплекстер үчүн атайын станоктор, түрдүү устакана-пресстөөчү, ширетүүчү, куюучу жабдуулар даярдалат. Транспорттук машина куруунун ири жана тез өнүгүп жаткан тармагы автомобиль өнөр жайынын ишканалары негизинен ички рыноктун муктаждыктарын канааттандырууга багытталып, автомобиль техникасынын дээрлик бардык түрүн, ошондой эле аларды комплекттөөчү тетиктерди, түйүндөрдү жана агрегаттарды чыгарат. Үч (моторикша, жүк ташуучу мини-машина) жана эки дөңгөлөктүү (мотоцикл, мотороллёр же скутер, мопед, ошондой эле велосипед) транспорт каражаттарын чыгаруу өнүккөн. Трактор чыгаруу (2006; 270 миң) боюнча дүйнөдө АКШ менен Кытайдан кийинки 3-орунду ээлейт. Темир жол локомотивдерин, аларга тетиктерди жана агрегаттарды, электровоздорду жана пассажир ташуучу электр поезддерин чыгарат. Авиаракета-космостук өнөр жай машина куруунун эң татаал жана илим сыйымдуу тармагы. Анда самолёт, вертолёт, авиакыймылдаткычтар, ракета даярдалат. Үч космодрому (Андхра-Прадеш, Керала, Орисса штаттарында) бар. Кеме куруу транспорттук машина куруунун өнүккөн тармагы. Анда ири деңиз кемелери, дарыя кемелери, баржа, балык уулоочу траулер, танкер, жүк ташуучу кеме даярдалат. Мамлекеттик ири верфтери Кочин, Вишакхапатнам, Мумбаи, Васко-да Гама шаарында жайгашып, аларда бүт кеме түрлөрү, андан ичкери аскер кемелери, ракеталуу крейсерлер ремонттолуп, жабдылат. Химия тармагы өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 15%ин түзүп, анда түстүү пигменттер жана боёктор, көмүртек көөсү, пластиктер жана пластик буюмдар, жасалма жана синтездик булалар, кир кетирүүчү каражаттар, косметика товарлары, пестициддер, жарылгыч заттар, пиротехникалык буюмдар жана башкалар чыгарылат. Нефть-химия өнөр жай пластмасса, синтездик була, синтездик каучук, резина буюмдарын (андан ичкери шина), лакбоёк продукцияларын жана башкалар чыгаруучу ишканалардан турат. Минералдык жер семирткичтер арбын (2005-06-ж. 35 млн г) чыгарылат. Ындыянын фармацевтика өнөр жай өдүрүшүнүн көлөмү (дүйнөлүк өндүрүштүн 8%и), ошондой эле ишканаларынын технологиялык деңгээли боюнча өлкөдө алдыңкы абалды ээлеп, фармацевтикалык бирикмелердин 300гө жакын түрүн, даяр дары-дармектин (антибиотиктер, антибактериялык дарылар, вакциналар, гормондор, өсүмдүк дарылары жана башкалар) 20 миңдей аталышын чыгарат. Ындыянын дары-дармектери дүйнөлүк рынокто жетишерлик сапаттуулугу жана арзандыгы менен бааланат. Алмазга кыр чыгаруу жана зер буюмдарын жасоо Ындыянын салт болуп калган тармагы. Башкы зергерчилик борборлору: Сурат, Жайпур. Курулуш материалдар өнөр жайында цемент, слюда (дүйнөлүк рынокко да чыгарат) өндүрүштөрү алдыңкы орунда. Жеңил өнөр жайынын башкы тармактары: кездеме жана даяр кийим өндүрүштөрү (өнөр жай продукциясынын наркынын 1/5и). Ындыя кебез кездеме чыгаруу (200506-ж. 50 млрд м2) жана андан кийим тигүү боюнча дүйнөдө 2-орунду ээлейт. Текстиль жана тигүү өнөр жай ИДПнин 8%ин жана өлкөнүн товардык экспорт наркынын 15%ин камсыз кылат. Анын сырьёсу катары накта (пахта, зыгыр, жут, жибек, жүн), ошондой эле жасалма була (полиэстер, вискоза, нейлон, акрил жана башкалар) пайдаланылат. Ындыя жибек өндүрүү боюнча дүйнөдө 2-орунда (Кытайдан кийин). Тамак-аш өнөр жайынын башкы тармагы кант өндүрүшү (бал камыштан); ошондой эле сүт, жашылча жана жемиш, дан, эт, балык, кофе данын, чай жалбырагын иштетүү, даяр азыктүлүк, чалафабрикат, таза суу өндүрүштөрү. Ындыянын улуттук экономикасынын өнүгүүсүндө мамлекеттик сектордун мааниси зор. Мамлекеттик сектордо мунайды казып алуу жана кайра иштетүү, таш көмүр казып алуу, электр энергиясын жана болот өндүрүү ишканаларынын үлүшү зор. Мамлекеттик сектор негизинен коргоо өнөр жайында, атом энергетикасында, темир жол, авиация жана деңиз транспортторунда, байланышта үстөмдүк кылат. Жеке сектор машина куруу өнөр жайында, айыл чарбада, жеңил, тамак-аш, медицина өнөр жайыларында, курулушта, соодада, автомобиль транспортунда басымдуу. ИДПде айыл чарбанын жана ага байланыштуу тармактардын үлүшү зор (1/3и). Айыл чарбанда өлкөнүн жумушчу күчүнүн 2/3ге жакыны иштейт. Ындыя көз карандысыздыкты алгандан кийин, 30 жыл бою АКШдан жылына 12-15 млн тга чейин буудай сатып алып турган. Айдоо жерлердин күрдүүлүгүн жакшыртуу боюнча программага ылайык, жогорку сорттогу үрөндү кеңири пайдалануунун жана айыл чарба өндүрүшүн жакшы каржылоонун натыйжасында 1970-жылдардан баштап сырттан буудай сатып албай калды. Өлкөнүн аймагынын 51,6%и иштетилет: анын 48,8%и айдоо жер, 2,8%и көп жылдык өсүмдүктөр. Ындыя байыркы ирригация өлкөсү; сугат жеринин аянты (55,8 млн га) боюнча дүйнөдө 1-орунда. Сугат жердин 60%тен ашыгы кудуктардан (электр насостору аркылуу), 30%тейи мамлекеттик ирригациялык каналдардан, калган жерлери чакан жасалма көлмөлөрдөн сугарылат. Дыйканчылык (айдоо жердин 60-70%и) Ынд-Ганг түздүгүндө жана Годавари, Кришна, Кавери дарыясынын дельталарында жана өлкөнүн океан жак чыгыш жээктериндеги түздүктөрдө өнүккөн. Айыл чарбанын башкы тармагы өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өлкөнүн агроклиматтык шарты жыл бою дыйканчылык жүргүзүүгө шарт түзөт; бирок кургакчыл мезгилде нымдын жетишсиздигинен айдоо жердин 1/3ине жакыны гана кайра эгилгендиктен (45-50 млн га), эгин жыйноонун жалпы аянты 190 млн ганы гана түзүп калат. Индияда 2 айыл чарба сезону болот: 1) жайкы жаанчыл негизги сезон (хариф; майдын аягы, июндун башы сентябрьноябрь), мында түшүмдүн негизги бөлүгү жыйналат; 2) кургакчыл кышкы сезон (раби; октябрьноябрь март-апрель). Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: шалы (айдоо аянтынын 1/4инен көбүн ээлейт, эң нымдуу аймактарда өстүрүлөт, 2006-07-ж. 87 млн т күрүч жыйналган; дүң жыйымы боюнча Кытайдан кийинки 2-орунда), буудай (айдоо аянтынын 1/8и; 70 млн т жыйналат; дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда), жүгөрү (15 млн т ), таруу (жовар, бажра, раги жана башкалар, көбүнчө Декан бөксө тоосунун ички аймактарында); бардык жеринде чанактуулар (кой буурчак, грэм, тур жана башкалар) жана май алынуучу өсүмдүктөр (28 млн т жер жаңгак, клещевина, сары кычы, рапс жана башкалар) өстүрүлөт. Бал камыш (278 млн т жашыл масса жыйналган, Бразилиядан кийинки 2-орунда; Түндүк Ындыяда), жер жаңгак (негизинен Түштүк Ындыяда) жана чай (Брахмапутранын өрөөнүндөгү жана Чыгыш Ымалайдын этегиндеги плантациялардан жыйналат), ошондой эле жут (2/4 бөлүгүн Батыш Бенгалия берет), клещевина (Түштүк Индия), пахта (негизги аймактары Батыш Ындыядагы Декан траппы жана Пенжаб; аянты боюнча дүйнөдө 1-орунда; 3,3 млн т жыйналган) өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда. Түштүк Ындыяда чай, кофе, каучук, кокос пальмасы, татымалдар (калемпир, имбирь, кардамон жана башка) өстүрүлөт. 2000-ж. 240 млнго жакын бодо мал (андан ичкери 90 млну буйвол; саны боюнча дүйнөдө 1- орунда; негизинен унаа катары пайдаланылат), 123 млн эчки жана 58 млн кой, ошондой эле 12 млн чочко, 142 млн төө (дүйнөдөгү малдардын 1/5и), 200 млн үй кушу асыралат. Деңиз жээгиндеги аймактарда балык кармалат; балык кармоонун өлчөмү боюнча (6,6 млн т , андан ичкери деңиз балыктары 3, 8 млн т ) дүйнөдөгү 5 алдыңкы өлкөнүн катарына кирет. Ошондой эле краб, креветка, мидия, устрица жана башкалар кармалат, бермет алынат. Тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү тармактары маалымат технологиясы, каржылоо, соода, транспорт, байланыш жана телекоммуникация жана туризм индустриясы. 21-кылымдын башында маалымат технологиясы секторунда ИДПнин 5,4%ин түзүп, анда 1,63 адам иштеген (2006-07). Бул сектордун башкы сегменти программалык камсыздоо өндүрүшү, ал негизинен экспортко багытталган. Банк-финансы секторундагы маанилүү орун банк-кредиттик мекемелердин мамлекеттик жана мамлекеттик-кооперациялык системасына таандык. Мамлекеттик коммерциялык 28 банк иштейт (ага өлкөнүн бүт коммерциялык банктарынын бөлүмдөрүнүн, аманаттарынын жана кредиттеринин 80%тен ашыгы таандык. Алардын алдында айылдык 196 туунду банк иштеп, айыл калкын кредит менен камсыз кылат. Мамлекеттик сектор өнөр жайыды узак мөөнөткө каржылоо системасында дээрлик монополиялык кылат. Чет элдик туризм өнүгүүдө; 2005-06-ж. Ындыяга 3,5 млндон ашык турист келген; анын 14%и АКШдан, 13,6%и Улуу Британиядан, 4%и Шри-Ланкадан, 3,8%и Франциядан, 3,5%и Канададан, 2,9%и Германиядан, 2,9%и Жапандан келгендер. Туризмден түшкөн киреше 6 млрд долларды түздү. Ички туризм да өтө өнүккөн: өлкө боюнча жылына 367,6 млн ындыялыктар саякатка чыгат. Туризмдин негизги түрлөрү: диний зыяратка баруу, маданий-таанып билүү (туристтер көп келген шаарлары: Мумбаи, Калькутта, Дели, Бангалор, Ченнаи), дарылоочу-ден соолук чыңдоочу (Гоа, Керала, Карнатака, Махараштра штаттарындагы деңиз курорттору; Даржилинг тоо-климаттык курорту жана башкалар), спорттук (альпинизм, Ымалайдын тоо дарыяларындагы рафтинг; Ымалайдын этек тоолорундагы тоо-лыжа борборлору; суу спортунун түрлөрү, андан ичкери Гоадагы дейвинг), экологиялык (өлкөнүн улуттук парктарына баруу) жана башкалар. Унаа жолунун узундугу боюнча дүйнөдө 2-(АКШдан кийин), темир жол боюнча 4-орунда (АКШ, Орусыя, Кытайдан кийин). Бирок, Ындыянын транспорттук системасы техникалык жактан анча өнүккөн эмес, транспорт ылдамдыгы чектелүү. Унаа жолунун жалпы узундугу 3320 миң км (2007), андан ичкери шоссе жолунуку 66,6 миң км (жогорку ылдамдык автомагистралыныкы 4,9 миң км, көп бөлүгүндө акча төлөнөт), штаттардын жолу 128 миң км, округдардын башкы жолдору 470 миң км, айыл жана башкалар жолдору 2650 миң км. Темир жол тармагынын жалпы узундугу 63,46 миң км (2007); анын 17,81 миң кми электрлештирилген. Ындыя темир жол аркылуу Пакыстан, Бангладеш, Непал менен да байланышат. Сыртка жүк ташууда деңиз транспортунун мааниси зор (Азияда 2орунда). 12 ири, 180 орто жана чакан деңиз порту, пристандары бар. Кеме жүрүүчү дарыялардын жана каналдардын жалпы узундугу 14,5 миң км; ири кеме жүрүүчү дарыя жолдорунун узундугу 5,2 миң км, каналдарыныкы 485 км. Ырасмый эл аралык жана 85 ички аэропорту бар. Эл аралык ири аэропорттору Мумбаи, Дели, Ченнаи, Бангалор, Калькутта, Хайдарабад шаарында жайгашкан. Мунай куурунун узундугу 6500 км, мунай продуктусун өткөрүүчү куурдуку 6152 км, газ куурунуку 5184 км. Калькутта, Дели, Бангалор шаарында метрополитен иштейт. Сырткы соода таңкыстыгын толуктоодо тейлөө кызматын экспорттоодон түшкөн жана чет өлкөлөрдө иштеген ындыялыктар жиберген кирешенин (24,5 млрд доллар, 2006) мааниси зор. Экспорттук товарлары: машина, жабдуу, асыл таштар, даяр зер буюмдары, мунай продукциясы, химия жана фармацевтика продукциялары, булгаары, булгаары жана текстиль буюмдары, темир кенташы жана башкалар кенташтар жана минералдар, күрүч, чай, татымалдар, кофе жана башкалар Импорттук товарлары: отун (мунай, жана мунай продукциясы, көмүр), машина жана жабдуулар, компьютер техникасы жана башкалар электроника продукциялары, чоюн, болот, металл сыныктары, түстүү металлдар жана куймалар, алтын, күмүш, асыл таштар жана бермет, химиялык продукциялар, жер семирткич, өсүмдүк майы жана башкалар Негизги соода шериктери: АКШ, Кытай, Бириккен Арап Эмирликтери, Сингапур, Улуу Британия, Гонконг, Германия, Бельгия, Италия, Жапан, Швейцария, Австралия, Түштүк Корея.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Ындыянын билим берүү мекемелерине Билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүү «Билим берүүдөгү улуттук саясат» (1986), «Аракет программасы» (1986) жана алардын жаңыртылган варианты (1992) менен жөнгө салынат. Ындыянын билим берүү системасы 1983-жылдан мектепке чейинки билим берүү, баштапкы, толук эмес орто, кесиптик-техникалык билимге даярдоо, ЖОЖдо билим берүүнү камтыйт. Мектепте 15 жашка чейинки балдар үчүн билим берүү милдеттүү жана акысыз. Ири шаарларда бала бакчалар, кенже балдар үчүн мектептер, ошондой эле мектепке даярдоочу топтор бар. Мектепке чейинки билим берүү 36%ти, баштапкы 90%ти, орто 54%ти түзөт. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 61% (2004). Өлкөдө жогорку билим берүү бир кыйла ийгиликтерге жетишти. 1950-ж. 25 университет, 700 коллеж болсо, 2006-ж. 240 университет жана 10 000 коллеж болгон. ЖОЖдордо 4 млндон ашуун адам билим алган. Жогорку билимдүү адистердин саны боюнча Ындыя дүйнөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Өлкөдө сабаттуулар орто эсеп менен 62%ти түзөт. Негизги университеттери: Калькутта университети (1857; 13 кампус, 200дөн ашуун коллежи, искусство музейи, обсерваториясы бар), Ченнай, (1857) Дели (1922), Раджастхан (1947), Ж. Неру (1969) жана башкалар университеттери, Ири ЖОЖдору: Ындыя айыл чарба изилдөө инту (1905), Долбоорлоо жана архитектура мектеби (1955), Ындыя технологиялык институту (1961) жана башкалар. 2006-жылкы маалыматтар боюнча, Ындыяда 62550 басылма 142 млндон ашык нускада, 81 тилде (хинди, англис, бенгали, маратхи, урду, гуджарати жана башкалар) жарык көрөт. Хинди тилинде «Нав бхарат таймс», «Хиндустан», урду тилинде «Наи дуния», «Милап», англис тилинде «Таймс оф Индиа», «Индиан экспресс», «Хиндустан таймс» гезиттери чыгат. «Акашвани» радиосу, «Дурдаршан» телекөрсөтүүсү өкмөт тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Ындыя – терең тарыхы бар, маданияты бай өлкө. Биздин заманга чейинки 3-кылымдарда эле Ынд өрөөнүндө сугат каналдары, суу жүргүч системалар, бышкан кыштан салынган имараттар болгон. Илим тажрыйбасы жөнүндөгү маалыматтар Ведалар деп аталган булактарда кездешет. Аларда дыйканчылыкта жер семирткич, ар кандай курал-жарак жасоодо темир колдонулганы, металл иштетүү, оорулардын түрлөрү, алардын белгилери, дары чөптөр жөнүндө маалыматтар бар. Ынды маданияты Маурьялар династиясы бийлеген мезгилден (биздин заманга чейинки 4-2-к.) биздин замандын 8-кылымына чейин гүлдөп өнүккөн. Бул мезгилде грамматика, медицина, математика, астрономия жана башкалар тармактар боюнча тажрыйба топтолгон. Илимге эсептөөнүн ондук системасын ошол кездеги инди илимпоздору киргизген. Физика менен химия боёк, дарыдармек даярдоодо жана башкалар колдонулган. Медицинада да чоң ийгиликтер жаралган: дарыгерлер көз катарактасын алып таштаганды, баш сөөктү көзөп операция кылганды, баланы операция жолу менен алганды билген. Илим Акбардын (1556-1605) тушунда да жакшы өнүгүп, Дели, Жайпур жана башкалар шаарларда обсерваториялар салынган. 18-кылымдын орто ченинен өлкөнү европалыктардын колониялай башташы илимдин өнүгүшүнө кедерги болгон. Бирок Ындыя илимине Ындыяда жашаган У. Жонс, Т. Олдем, У. Блэнфорд жана башкалар англис илимпоздору да көп эмгек сиңирген. 19-кылымдын аяк ченинде ындыялык тунгуч илимпоздор математиктер, физиктер, геометрия боюнча адис аралы Мукержи, физик, биофизик Ж. Ч. Бос чыккан. 20-кылымдын 1-жарымында математик С. Раманужан, Нобель сыйлыгынын лауреаты физик Ч. В. Ра, кванттык статистиканы баштоочулардын бири Ш. Бозе, физик теоретик X. Баба жана башкалар илимге жаңылыктарды киргизишкен.

Ындыянын философия, адабият жана искусство жаатындагы жетишкендиктери биздин заманга чейинки 15-10-кылымдан ушул күнгө чейин сакталып келе жатат. Алар адамзаттын эң байыркы маданияты нын мезгилинде пайда болгон. 3000 жыл илгери Ведалар байыркы индо тилиндеги байыркы тексттер, биздин заманга чейинки 6-5-кылымдарда «Махабхарата» жана «Рамаяна» эпостору жаралган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта пали, пракрит адабияты, биздин заманга чейинки 4-3-кылымдарда байыркы тамил адабияты пайда болгон. Оанскрит тилинде «Панчатантра» элдик жомоктор жыйнагы түзүлгөн. Тируваллувардын «Тирукурал» учкул сөздөр китеби байыркы тамил адабиятынын эң мыкты чыгармасы. Анда даанышман башкаруучунун образы чагылдырылган. Өлкөдө исламдын таралышы фарс тилиндеги инди адабиятынын (Амир Хосров Дехлеви, 1253-1325; Мирза Бедил, 16441721 жана башкалар) түзүлүшүн шарттаган. 19-20-к. адабияты өлкөдө болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү чагылдырган. Китеп басуунун пайда болушу, жазуусу жок элдердин жазууга ээ болушу бул тилдерде адабияттын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Бенгал акыны Р. Тагор Азияда биринчи жолу Нобель сыйлыгын алган (1913). Индияда улуттук тилдердин адабияты менен бирге англис тилиндеги адабият да өнүккөн. Индия архитектурасынын тарыхы байыркы Хараппа цивилизациясына тиешелүү Сангхол жана Лотхал шаарынын архитектурасынан башталат. Биздин заманга чейинки 4-2-кылымдарда Маурья мамлекетинде санжыргалуу сарай имараттары салынган. 13-кылымдан Дели султандыгында архитектура геометриялык тактыкка жетишкен; жебе сымал арка жасоо, тегиздикке хром менен оймо-чийме салуу өнөрү өөрчүгөн. Мусулман мечиттери, кумпалуу күмбөздөр, мунаралар салынган. Улуу Моголдор мамлекетинин тушунда (1617-к.) Агар, Дели шаарынын чептери, мечиттер, Таж-Махал ак мрамор күмбөзү жана башкалар курулган. Колониялык бийликтин мезгилинде (18-к.-1947) Бомбей, Калькутта, Дели шаарында европалык типтеги имараттар пайда болгон. О. кылымдарда Ындыяда миниатюра живописи өнүккөн. 19-20-кылымдын чегинде башында аралы Тагор жана искусство таануучу Э. Б. Хавелл турган индиялык сүрөтчүлөр жаңы агымга Бенгал кайра жаралуусуна негиз салышкан. Бул агым Ындыя искусствосунун андан ары өнүгүшүнө күчтүү таасир тийгизген. Ындыя музыкасына импровизация мүнөздүү. Кайсы гана аспаптык жана вокалдык чыгарма болбосун ыргактуу салттык үн айкалыш раганын негизинде импровизацияланат. Улуттук негизги аспаптары: вина, сестар, тамбура (чертме), равнстр, саранги, сареида (кыл кыяк түрү), табля, баниа (урма). 50-жылдарда музыка, бий жана драма академиясы (1953), Бүткүл индиялык радионун улуттук оркестри (1952), Дели, Бомбей шаарында радио борборлорунда хор коллективдери түзүлгөн. Театр оюндары байыртан эле пайда болгон. Элдик театр оюндарынын көбүнүн өзөгүн «Рамаяна» жана «Махабхарата» түзгөн. Ындыя театр спектаклдеринде сюжет оюн аркылуу гана туюндурулбай, аткаруучунун декламация, бий, пантомима, акробатика аркылуу да берилет. 20кылымдын 40-жылдарында театр өнөрү өркүндөгөн жана 1953-ж. Ындыя искусство борбору негизделген.

Киноиндустриясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ындыя көркөм фильмдерди тартуу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Фильм тартуу иши 1913-жылдан эле башталган. Р. Капурдун «Селсаяк» фильминде элдин турмушу реалдуу чагылдырылып, касталык көз караш сынга алынган. 1950-жылдардын экинчи жарымынан режиссёр Сатьяджит Рей Ындыя киносун дүйнөгө тааныткан («Жол ыры», 1955, Каннадагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы; «Багынбаган», 1956, Венециядагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы жана башкалар). Ындыя киносунун жүрүшүнө Ш. Бенегал («Түндүн акыры», 1975; «Базар аянты», 1983), аралы Гопалакришнан («Бетме бет», 1984; «Дубалдар», 1990), Р. Гхош («19-апрель», 1994), М. Наяр режиссер «Жамгыр маалындагы үйлөнүү тою», 2001) жана башкалар чоң салым кошушкан. Голливуд киноиндустриясы жана 9 кино өндүрүш борбору иштейт. Эл аралык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]