Коморлор

Википедия дан

КоморлорАфрикадагы мамлекет.

Борбору — Морони шаары (Нгазижа аралында).

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коморлор – Бириккен Улуттар Уюмунун (1975-жылдан), Эл аралы Валюта Фонду (1976), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1976), Араб өлкөлөрү лигасынын (1993) жана Африка Союзунун (1975; 2002-ж. чейин ОАЕ) мүчөсү.

Коморлор.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анжуан аралында калк б. з. 5-кылымда эле отурукташкан. Архипелаг 12-кылымда Килвы султандыгынын (Танзаниянын аймагында арабдар уюштурган) бийлигинин астында болгон. Арал жөнүндө алгач 1598-ж. голландиялык саякатчы К. Хаутман жазган. 1600-ж. Африкадан, Чыгыш Араб өлкөлөрүнөн, Индонезия жана Мадагаскардан элдер көчүп келип отурукташа баштаган. 15-кылымдан 19-кылымга чейин мусулмандардын ээлиги болуп келген. 1912-ж. Франциянын колониясы деп расмий жарыяланган. 1946-ж. Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы» статусун алган. 1975-ж. арал көз каранды эместикке ээ болуп, бирок Майотта аралы Франциянын бийлигинин астында калган. 1978–79-жылдары бир нече жолу мамлекеттик төңкөрүштөр болгон. 1978-ж. октябрда жаңы конституция кабыл алынып, Комор аралдары Ислам Республикасы (ФИРКО) аталган. 2007-ж. кайрадан шайланган президент аралдардын баарына көз каранды эместикти берген. Комор аралдары – агрардык өлкө.

Экономикасы чет өлкөлүк жардамга көз каранды. Жардамды негизинен Франция, Япония, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери жана Кувейттен алат. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 1,26 млрд доллар (2007; аны киши башына бөлүштүргөндө 1100 доллардан туура келет), андагы айыл чарба секторунун үлүшү 40%, өнөр жайыныкы 4%, тейлөө чөйрөсүнүкү 56%. Өнөр-жай начар өнүккөн. Эфир май, копра, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Самын кайнатылат. Сыртка эфир майын (иланг-иланг, жылына 45 тга жакын эссенция алынат, дүйнөдө 1-орунда), чеге гүл (дүйнөдө 4-орунда), ваниль (6-орунда), кокос пальмасы (Мвали аралында; 77 миң т, жаңгагы), корица (татымал), кофе жана какао чыгарат. Керектөөлөрү үчүн банан, маниок, күрүч, таро, батат, ямс, жүгөрү жана бал камыш өстүрүлөт. Аймагынын 7%ин жайыт ээлейт. Бодо мал, эчки, кой жана эшек асыралат. Балык кармалат. Жыгач даярдалат. 2006-ж. 20 млн кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Айыл чарба продуктулары экспорттолот. Автомобиль жолунун узундугу 880 км (анын ичинде 673 кми асфальтталган). Негизги порттору: Морони, Муцамуду. Деңиз соода флоту 144 кемени камтыйт (анын ичинде 70и башка өлкөнүн желеги менен жүрөт). Морони шаарында эл аралык аэропорт бар. Туризм өнүгүүдө (жылына 20 миң турист келет). Негизги сырткы соода шериктештери: Нидерланд, Франция, Италия, АКШ, Сингапур, Түркия жана Пакистан.