Пакистан
Пакистан Ислам Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: «ایمان، اتحاد، نظم» «Ыйман, Ынтымак, Тартип» | |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Ачык жашыл түс Индиянын аймагын көрсөтүп турат, Пакистан көзөмөлдөбөйт, бирок ал өзүнүн аймагы деп эсептейт
| |||||
Расмий тилдери | урдуча (мамлекеттик) англисче (ырасмый) | ||||
Борбор шаары | Исламабад | ||||
Ири шаарлар | Карачи, Лахор, Фейсалабад | ||||
Башкаруу формасы | Парламенттик республика | ||||
Президенти Премьер-министри |
Ариф Алви Шахбаз Шариф | ||||
Аянты • Жалпы |
34 - дүйнөдө 803 940 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2017) • Жыштыгы |
↗ 221 180 890 | ||||
ISO коду | PK | ||||
ЭОК коду | PAK |
Пакистан (урду پاکِستان; англ. Pakistan), толук аталышы — Пакистан Ислам Республикасы (урду اسلامی جمہوریہ پاکِستان; англ. Islamic Republic of Pakistan) – Түштүк Азиядагы мамлекет. Түштүк-батышынан Иран, батышынан, түндүк-батышынан Ооганстан, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Индия менен чектешет. Түштүгүн Араб деңизи чулгайт. Аянты 796 миң км2 (айрым маалыматтарда 803,94 миң). Калкы 230 млн (2023; калкынын саны боюнча дүйнөдө 5-орунда). Борбору – Исламабад шаары Административдик-аймактык жактан 4 провинцияга, 2 Кашмирге, борбордук федерацияга жана федерация тарабынан башкарылуучу уруу аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – пакистан рупиясы.
Пакистан – Бириккен Улуттар Уюмунун (1947), Эл аралык өзөктүк энергетикасы боюнча агенттиктин (1957), Эл аралык валюта фондунун (1950), Бүткүл дүйнөлүк Соода уюмунун (1995), Интерпол (1952) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пакистан – көп улуттуу өлкө. Калктын 45%и – панжабдар. Калгандары пуштундар, синдхилер, сераиктер, белуждар, брагуи, хазарейликтер, шина, балти, кхо, кашмирликтер, буриштер ж.б.
Мамлекеттик түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пакыстан федерациялык мамлекет. Конституциясы 1972-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - аралаш демократиялык республика. Мамлекет башчысы – президент. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011) Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – парламент. Ал эки палатадан турат: төмөнкү (Улуттук ассамблея) жана жогорку (Сенат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр башында турган өкмөт. Пакыстанда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Пакыстан мусулман лигасы, Пакыстан элдик партиясы, Пакыстан коммунисттик партиясы ж. б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
Азия өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Азербайжан1 • Арменистан • Бангладеш • Бахрейн • Бириккен Араб Эмирликтери • Бруней • Бутан • Ветнам • Гуржистан1 • Жапон • Ысрайыл • Индустан • Индонезия3 • Иордан • Ирак • Иран • Йемен2 • Казакстан1 • Камбожа • Катар • Кипр1 • Кыргыз Республикасы • Кытай • Түндүк Корея • Түштүк Корея • Кувейт • Лаос • Ливан • Малайзия • Малдив • Мисир2 • Моңголстан • Мянма • Непал • Оман • Ооганстан • Орусия4 • Өзбекстан • Пакистан • Сауд Арабистан • Сингапур • Сурия • Тажикстан • Тайланд • Түркмөнстан • Түркия4 • Филиппин • Чыгыш Тимор • Шри-Ланка | |
Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Абхазия • Түштүк Күрдстан • Палестин • Тайван • Түндүк Кипр • Түштүк Осетия | |
Көз каранды аймактар | Акротири жана Декелия • Гонконг • Макао | |
1Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, жарым-жартылай Европада же толугу менен Азияда. 2Ошондой эле Африкада. 3Ошондой эле Океанияда. 4ошондой эле Европада. |