Жапония
Жапония (жап. 日本 Нихон, Ниппон, которгондо «Күн баткан жер»), расмий — Жапон Мамлекети (жап.. 日本国 «Нихон коку», «Ниппон коку» (инф.)), — Чыгыш Азиядагы аралдуу мамлекет. Жапон көлүнөн чыгышында жайгашкан. Поэттик аты — Күндүн чыгыш жери
Жапония — Жапон аралдар тобундагы (архипелаг) 6852 аралда жайгашкан. Эң чоң төрт арал - Хонсю, Хоккайдо, Кюшу жана Шикоку - аралдар тобунун 97% түзөт. Көбүнчө аралдар тоолуу жана жанар тоолуу (вулкандуу). Жапониянын эң бийик чокусу Фуджи тоосу - жанар тоо. 126 миллионго чукулдаган калкы менен Жапония дүйнөдө 10-орундун ээси. Аянты боюнча 62-орунда (377,873 миң чарчы чакырым). Чоң Токионун ичинде Токио ордо калаасы жана тегерегидеги конуштар (префектура) кириши, аны (Чоң Токиону) 30 миллиондон ашкан калкы менен дүйнөдөгү эң ири шаарчасы наамына жеткизет. Токионун өзү 47 префектурага бөлүнөт. Япония бир улутту эл. Калктын 99,4% - япондор. Мындан тышкары кытайлар, корейлер, америкалыктар бар. Расмий тили - жапон тили. Негизги диндери - шинто жана будда диндери.
Номиналдуу ИДӨ боюнча Жапония дүйнөдө үчүнчү орунду ээлейт. Экспорттун көлөмү боюнча төртүнчү, импорттун көлөмү боюнча бешинчи орунда. Бүгүнкү күндө үнөмдүк (экономикалык) кубаты боюнча 2-орунда.
Мамлекеттин башкаруу системасы - Конституциалык Монархия, мамлекет башчысы Император, өкмөт башчысы премьер-министр. 1947-жылы кабыл алыннан конституция боюнча император — “мамлекет менен калк биримдигинин белгиси”. Ал парламенттин сунушу боюнча өкмөт башчыны дайындайт жана өкмөт башчынын сунушу менен өкмөт мүчөлөрүн, Жогорку соттун төрагасы менен мүчөлөрүн дайындайт же кызмат ордунан чечет. Баш мыйзам боюнча, мамлекет иштерге толугу менен өкмөт башчысы башкарган өкмөт жооп берет.
Япония - өнүккөн өлкө болгондон соң жашоо деңгээли да өтө жогору.
Жогорку мыйзам чыгаруучу орган парламент — эки палатадан (өкүлдөр палатасы жана кеңешчилер палатасынан) турат. Улуттук маарекеси Үчтүн айынын 23 (декабрь) (император Акихитонун туулган күнү). Акча белгиси — иен.
Географиясы[оңдоо | булагын оңдоо]
Жапониянын шаарлары[оңдоо | булагын оңдоо]
Япония калкынын бештен төрт бөлүгү шаарларда жашайт. Япониянын ичкерирек аймактарында, тоолуу аймактары менен автоунаа магистралдары боюнан будда ибадатканаларын, ошондой эле көлмөлөрү менен кооз таш кондургулары бар чакан саябактарды, чарбалардын саман менен жабылган чочогой төбө эски үйлөрүн көрүүгө болот.
Жапониянын эң ири шаарлары[оңдоо | булагын оңдоо]
Жапондордун салттары[оңдоо | булагын оңдоо]
Японияда бизди замандын биринчи мин жылдыктын аягында адабият онуугусу башталган. Азыркы убакка чейин биздин замандын экинчи мин жылдыктан тарта жасалган живопистик эстеликтер жана аритектуралар сакталып калган. Япониянын онугуу жолунда кытайлардын салымы чон. ХХ кылымда япониянын Аниме менен Манго дуйнолук масштабды багындырып келди.
Япондуктардын салты боюнча кара тус бул - урматтын, улуулуктун, тажрыйбалуулукту билдирет. Устаттыктын бийик даражасын да маанилейт. Коптогон куроштук искусствосунда кара кур эн жогорку болуп эсептелинет.
Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]
Жапон калкынын сансыз кылымдардан берки негизги кесипчилиги — күрүч өндүрүү.
Жапониядагы бул чарбалык-маданий тип биздин заманга чейинки мезгилдеги яёи маданиятынын тушунда калыптанган. Жапонияда жашылчалар жана ошондой эле дан эгиндери эгилет. Салттуу айыл чарбасындагы көпчүлүк жумуштар кол менен иштетилет. Маселен, жээктерди отоо, күрүчтүн көчөттөрүн отургузуу өңдүү эмгекти өтө көп талап кылуучу жумуштар. Күрүчтүн көчөттөрү май—июнь айларынын салкын күндөрүндө суу каптаган талаада узата керилген жипти бойлото бипбирдей аралыкта отургузулат. Ал эми дөбөнүн капталындагы тар террасалуу талаалардагы жээктер тегерете иймейип тургандыктан, аларга күрүч отургузуу андан бетер түйшүктүү жумуш. Жер иштетүүгө чейинки эң байыркы чарбалык маданий тип болгон балык уулоочулук жана жыйноочулук өлкөнүн жээктик аймак - тарында сакталып калган. Балык уулоо менен кесиптенген дыйкандар эзелтен бери эле жакыр жашашат. Балык уулоо технологиясынын өнүгүп, ачык деңиз флоту маанилүү роль ойной баштагандан тартып алардын жашоо-тиричилиги ого бетер оордоду. Жээктик аймактарда, балык уулоодон тышкары, андан башка деңиз азыктарын — балыр өсүмдүктөрүн, деңиз кирпилерин, ар түрдүү үлүлдөрдү, кальмарларды, осьминогдорду, моллюсктарды чогултуу жана кармоо чоң роль ойнойт. Бул деңиз азыктары тамак-аш жасоого колдонулат жана жогору бааланат.
Климаттык шартынын ар түрдүүлүгүнө карабастан, япондордун салттуу турак жайынын негизги тиби өлкөнүн баардык аймагында негизинен окшош келет. Ал эми айрым бир тоолук жана аралдык этнографиялык топтордун башкача түзүлүштөгү турак жайлары бүгүнкү күндө жергиликтүү тарыхый эстелик катары колдонулуп калган. Көп кабаттуу заманбап курулуштардын жасалгаларында салттуу белгилер сакталган. Ал салттуу белгилерде япондордун этногенезинин, алардын маданиятынын генезисинин компоненттери чагылдырылган.
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
<ref>
- Дүйнө тарыхы, 2007-ж, Бишкек
- А.Б. Элебесова, Ө.Ж. Осмонов. Жооптуу редактор: Т. Рыскулов
![]() |
Азербайжан¹ · Армения · Бангладеш · Бахрейн · БАЭ · Бруней · Бутан · Вьетнам · Грузия¹ · Жапония · Израиль · Индия · Индонезия ³ · Иордания · Ирак · Иран · Йемен² · Казакстан¹ · Камбожа · Катар · Кипр¹ · Кыргызстан · Кытай · КЭДР · Кувейт · Лаос · Ливан · Малайзия · Мальдивдер · Египет² · Монголия · Мьянма · Непал · Оман · Ооганстан · Орусия4 · Өзбекстан · Пакистан · Сауд Арабиясы · Сингапур · Сирия · Тажикстан · Тайланд · Түркмөнстан · Түркия4 · Түштүк Корея · Филиппиндер · Чыгыш Тимор · Шри-Ланка Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган өлкөлөр: Абхазия · Азад Кашмир · Ва Мамлекети · Вазиристан · Ирак Күртстаны · Палестина Мамлекети (Газа секторунун жана Иордан дарыясынын батыш жээгинин) аймагы · Тайвань · Тамил-Илам · Тоолуу-Карабак Республикасы · Түндүк Кипр Түрк Республикасы · Шан Мамлекети · Түштүк Осетия Көзкаранды жерлер: Акротири жана Декелия · Гонконг (Сянган) · Макао (Аомынь) · Инди океанындагы Британ аймагы (Чагос арх.) ¹ Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, жарым-жартылай Европада же толугу менен Азияда. ² Ошондой эле Африкада. ³ Ошондой эле Океанияда. 4 ошондой эле Европада. |