Ниамей

Википедия дан

НиамейНигер Республикасынын борбору, шаар; Ниамей департаментинин административдик борбору. Өлкөнүн түштүк-батышында, Нигер дарыясынын сол өйүзүндө,деңиз деңгээлинен 163 м бийиктикте жайгашкан. Климаты субэкватордук. Жылдык орточо температура 25˚С, жаан-чачындын саны 400–700 мм. Калкы 980 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. 19-кылымдын аягында негизделген. 1926–60-жылы Нигердеги француздук ээликтин административдикборбору. Нигер көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору (1960). Университет, калк китепканасы, Улуттук жер жаңгак коому, чоң мечит, элдик каада-салтты жазуу борбору, Геология бюросу, Тропиктик токойчулуктун техникалык борбору, Тропик агрономия институту бар. Кол өнөрчүлүк (тери ашатылат, карапа, алтындан жана күмүштөн баалуу буюмдар жасалат) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]