Претория

Википедия дан
Претория.

ПреторияТүштүк Африка Республикасынын борбору. Гаутенг провинциясынын административдик борбору. Шаар тектирчелүү платодо, деңиз деңгээлинен 1370 м бийиктикте, Апис дарыясынын боюнда жайгашкан. Климаты субтропиктик. Эң ыссык айы январдын орточо температурасы 25°С, эң суук айы июлдуку 10°С. Жылдык жаан-чачыны 750 мм. Калкы 1,7 млн (2010). Эл аралык аэропорту бар. 1855-жылы бурлар тарабынан негизделген. 1860-жылдан Трансваалдын, 1910-жылдан Түштүк Африка Союзунун (1961-жылдан ТАРдын) борбору. Кара металлургия, машина куруу, текстиль, химиялык , тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. TAP Илимдер академиясы, университеттер, китепканалар, муниципалдык сүрөт галерея, музейлер (анын ичинде ачык асман астында, тарыхый-маданий), Түштүк Африка геология кызматы, «Радклифф» обсерваториясы бар. Шаарга жакын жерде Африкадагы алгачкы алмаз табылган. Туризм өнүккөн. ТАРды түзгөн алгачкы президент М. Преториустун ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]