Мазмунга өтүү

Финляндия

Википедия дан

Финляндия Республикасы
фин. Suomen tasavalta
швед. Republiken Finland

Герб
Туу Герб
Гимн: «Maamme / Vårt land»
Эгемендүүлүк күнү 6 декабрь 1917-жыл

Советтик Орусиядан)

Расмий тили финче, шведче
Борбор шаары Хельсинки
Ири шаарлар Хельсинки,
Эспоо, Тампере,
Вантаа, Турку
Башкаруу формасы Аралаш республика
Президент
Премьер-министр
Парламент спикери
Саули Ниинистө
Юха Сипиля
Мария Лохела
Мам. дини лютеранчылык ж/а
православие (де-факто)[1]
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
64-чү - дүйнөдө
338 430,53 км²
10,21
Калкы
• Бааланган (2013)
Жыштыгы

5 450 614[2] адам (113-чү)
16 ад./км²
АДӨИ ( 2013) 0,892[3] (эң жогору) (21)
Этнохороним финляндиялык,
финляндиялыктар
Акча бирдиги Евро
Домени .fi, .ax (Аланд аралдары үчүн)
ISO коду FI
ЭОК коду FIN
Телефон коду +358
Убакыт аралыгы UTC UTC+2
(UTC+3 жайкы убакыт үчүн)

Финляндия (фин. Suomi ; швед. Finland ), ырасмый аты — Финляндия Республикасы (фин. Suomen tasavalta; швед. Republiken Finland) — Европадагы мамлекет. Ырасмый тили болуп финн тили эсептелет.

1944-жылы 19-сентябрда Финляндия Улуу Британия жана СССР менен элдешүү келишимине кол коюп, Германиянын аскер бөлүктөрүнүн өлкөдөн чыгып кетишине көмөктөшүүгө жана СССРдин согуш учурунда басып алган аймактарын бошотууга милдеттенме алган. Келишимдин шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө Союздук контроль комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылган. Андан кийин Финляндия 1945-жылдын жазына чейин Лапландияда Германиянын куралдуу күчтөрүнө каршы күрөшкөн. Өлкөдө фашисттик организациялар таркатылган, согуш учурунда чукул кабыл алынган мыйзамдар жок кылынган, түрмө жана лагерлерден антифашисттер чыгарылган. Финляндиянын тышкы жана ички саясатынын жаңы багытын түзүү башталган. Социал-демократиялык партия жана Агрардык биримдик менен катар 1944-жылы октябрда түзүлгөн Финляндия Элинин Демократиялык Бирлиги да маанилүү ролду ойногон. ФЭДБнын демилгеси менен үч ири фракциялардын ортосунда келишимге кол коюлуп, мунун негизинде 1945-жылы апрелде демократиялык кызматташуу өкмөтү түзүлгөн. 1947-жылы февралда Финляндия менен СССРдин ортосунда келишимге кол коюлган, ага ылайык Финляндия түндүктөгү Петсамо аймагын берип, ижарага алынган Ханко жарым аралын түштүктөгү Порккала-Удд аймагына алмаштырып, 300 миллион доллар өлчөмүндө компенсация төлөп берген. 1944-жылы 30-октябрда Финляндиянын Коммунисттик партиясы расмий түрдө катталган. Көпчүлүк адамдар үчүн бул окуя өлкөнү советтештирүү мүмкүн деген шек туудурду. Финляндиянын аскерге чакыруу армиясы, элдешүү келишимине ылайык, көп өтпөй тынчтык абалына өттү. Жетимиш жети жаштагы Маннергейм президенттин символикалык фигурасы жана башкы командачынын милдетин аткаруучу катары кала берди. 1944-жылы ноябрда Паасикиви премьер-министр болуп, ал кеңири коалициялык өкмөттү башкарып, көп өтпөй байкоочу комиссия менен натыйжалуу кызматташтык түзүүгө жетишкен. Буга карабастан 1945-1948-жылдар Финляндиянын ички саясаты бороон-чапкындуу болду. 1945-жылдын жазында парламенттик шайлоо болуп өтүп, анда коммунисттик солчулдар 25% добуш алды. Бул аларга өкмөттөн орун жана согуштун демилгечилерин соттоону тездетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Токиодо жана Нюрнбергде болгон соттук кароолордо көпчүлүк өлүм жазасына тартылды. Ага салыштырмалуу Хельсинкиде жазалоо «жумшагыраак» болгон. Согуш учурундагы өкмөттүн 8 мүчөсү абакка кесилип, кийинчерээк аз-аздан жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган. 1949-жылдын майында согушка күнөөлүү деп эсептелгендердин акыркысы – өлкөнүн мурунку президенти Ристо Рюти абактан бошотулган. Финляндия оккупацияга алынбагандыктан советтешүүдөн акырын кутулуп кеткен. Башка бир себеби 1945-1948-жылдары бийлик коммунисттердин колунда турганына карабастан өлкөнүн башкаруу режимин өзгөртө алган жок. Калган социал-демократ партиялар коммунисттердин полицияны жана мамлекеттик башкарууну колго алышына тоскоолдук жаратып турду. СССР репарацияны алууга кызыктар болгону үчүн, ага бир гана коммунисттик эмес, башка партиялар менен да иштешүүгө туура келген. Финляндиянын оккупациясы көп чыгым жана тобокелчиликти талап кылмак. Анын үстүнө Кремль көңүлүн Чыгыш Европа өлкөлөрүнө буруп, батыш менен өзүнүн ортосунда бул аймакта буфердик зона даярдоого далалат кылып жаткан эле. Тынчтык жөнүндө келишим толук күчүнө кирип, Көзөмөл комиссиясы өлкөдөн чыгып кеткенде Финляндиядагы абал өзгөрдү. Европа экиге бөлүнө баштаганда, ортодо нейтралдуу азганакей өлкөлөрдөн турган «бозомтук зона» калды. Сталиндин көзүндө нейтралитет деген нерсе жок болгон үчүн, Финляндия НАТОго өтүп кетээрден мурун аны менен келишим түзүүгө белсенди. Чыгыш блокко тартып кетпеши айдан ачык болгондо 1948-жылы апрелде, Пассикиви «Достук, кызматташтык, өз ара жардамдашуу жөнүндө» келишимге кол коюуга макул болду. Финляндия ага же анын аймагы аркылуу Германия же ага өнөктөш өлкөлөрдүн СССРге аскердик чабуулунун мизин кайтарууга милдеттенген. Финляндияга жардам керек болгонун эки өлкө тең ырасташы керек болгон. Бул өз кезегинде Москванын Кызыл армияны капыстан, сүйлөшүүлөрсүз жөнөтүшүнө тоскоол болду. Келишимдин шарттарына ылайык Финляндия улуу державалардын кызыкчылыктарынан четте турушу керек болгон. Батыш лагердин өкүлдөрү бул келишимди Финляндиянын артка чегинүүсү катары кабыл алып, аны чыгыш лагерге жакындап кетет деп кооптонушкан. Аскердик аракеттерге тиешелүү болгон пункттар Финляндиянын Швеция же Швейцария сыяктуу нейтралитет сакташына тоскоол болгон. 2 дүйнөлүк согуш тең көргөзгөндөй Финляндия СССРге Ленинградга кетүү үчүн коридор болуп бербешине ынандырышы керек эле. Паасикивинин ою боюнча СССР анын өлкөсүн коопсуздук үчүн гана ойлоп жаткан. Эгер бул талапты аткарса жакшы коңшу болуп жашай беришине көзү жеткен. Достук жөнүндө келишим ички саясатты өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди. 1948-жылы коммунисттер шайлоодо жеңилип калганда социал-демократиялык «азчылыктын өкмөтү» түзүлдү. Бул өкмөт коммунисттерди тазалап, Скандинав жана Батыш Европа өлкөлөрү менен мамилесин бекемдеди. Коммунисттер профсоюздар аркылуу контрчабуулга өткөнү менен алар маргиналдашып кеткен эле. Эми ички гегемония үчүн күрөш Агрардык союз менен социал-демократтар ортосунда жүргөн. Эки тарап тең сырт жактан колдоо издеген. Аграрийлердин лидери Кеккони Москвага Достук жөнүндө келишимдин ишенимдүү сактоочусу экенин айткан. Бирок СССР социалисттик өлкө болгону үчүн социал-демократтарга жан тарта берген. Финляндиянын саясий оң канаты да батышчыл социал-демократтардын тарабында болгон. 1956-жылкы президенттик шайлоодо Кекконен жеңип чыккан(149 добушка каршы 151 добуш). Бул забастовкалардын чыгышына алып келди. Бул конструктивдүү ички саясатты өткөрүүгө тоскоолдук жаратты. Кекконендин каршылаштары 1962-жылдагы кайрадан президет болушуна каршылык көрсөтүштү. Алардын ою боюнча ал Москва менен ашыкча тыгыз мамиле кылып жаткан. Кийин изилдөөчүлөр айтып чыккандай ал 1944-жылы эле советтик чалгын органдары менен байланыша баштаган. Финляндиянын эки тараптуу мамилеси экономиканын өнүгүшүнө салым кошкон. 1950-жылы премьер болуп турганда эле 5 жылдык планды ишке киргизип, Хрющев менен жакшы алака түзүп, анын арты менен жардам алууга, БУУга жана Түндүк кеңешине мүчө болууга мүмкүнчүлүк алган. Достук келишиминин алкагында суверендүүлүгүн сактап, чоң державалардын саясатынан алыс болгон. Кекконендин президенттикке болгон жолунун жеңилдешине СССРдин 1955-жылы Поркала-Удд жарым аралына аскердик база жайгаштыруудан баш тартышы себеп болгон. Бул Кекконенди социалисттик блок менен сүйлөшүү жүргүзө алган мыкты саясатчы катары көрсөттү. 1962-жылкы президенттик шайлоонун алдында карама-каршылыктуу окуя болуп өттү. Коалиция атайын президенттикке өз талапкерин сунуштаган. Ага каршы Москва нота жөнөтүп, ал өз кандидатурасын кайтарып алган. Бул учурда Берлин дубалы курулуп, 2-берлин кризиси болуп жаткан эле. ФРГ да НАТОнун ичинде күч ала баштаган. Ошондуктан Москвага финндерден өзүнө жакын киши президет болушу керек болчу. Кеконнен 2-жолу да президет болуп шайланды. Альтернативдүү варианттар жок болгону үчүн ал жалпы 3 жолу президет болуп шайланган(1968, 1974, 1978). Анын эң чоң күчү Москва болгонун баары билчү. Бул нерсенин оң жагы өлкө ичинде бийлик үчүн күрөш жүрбөдү. Кеконнен өз максаттарын тоскоолдуксуз аткара берди. Чыгышта көйгөй жаралбаганы үчүн батыш менен да нейтралдуу мамлекет катары мамилесин курчута берди. Ошол эле убакта анын гегемониясы парламентаризмдин өнүгүшүнө тоскоол болду. Шайлоодо жакшы добуш алганына карабастан Улуттук коалициялык партия оппозицияда кала берди. Эки жүздүүлүк катары көрүнгөнү менен Кекконендин чыгыш менен ийкемдүү саясаты коопсуздук жактан да, экономикалык жактан да пайда алып келди. Бул нерсени 15 жыл башта тирүү калуу үчүн күрөшкөн замандаштары баалай алды. 1961-жылы Европалык эркин соода ассоциациясына мүчө боло алды. Муну менен финндер өз товарларын континентке эркин сата алган. Өнүгүү жолунда Кекконендин мезгили агрардык чарбадан өндүрүштүк чарбага өтүү мезгили болуп эсептелет. Анын саясий карьерасы өзгөрүү учуруна туура келген. Согуштан кийинки он жылдык 3 негизги милдет менен мүнөздөлөт: репарацияны төлөө, жаңы жерлерди өздөштүрүү, бузулган турак-жай жана инфраструктураны калыбына келтирүү. Репарацияны төлөө 1945-жылдын кышында башталып, инфляцияга туш келген(300 млн. доллар 500 миллионго көтөрүлгөн). СССР репарациянын жарымын металл түрүндө алууну каалагандыктан, кеме жана машиналарды беришкен. Эң алгач ушул тармакка көңүл бурулуп, металлургия өнүгүп, кеме куруу жолго коюлган. Буга кошумча СССР менен 1947-жылы клирингдик келишим түзүп, заманбап товар алмашуу жүргүзгөн. Алгач контракттар түзүлүп, төлөмдү мамлекеттик банктар ишке ашырган. 1950-жылы бул соода жолго коюлуп, 5 жылдык план түзүлгөн. Соода советтердин кулашына чейин уланган. Эки өлкөдө тең бул соода түрү бекем орноп, Финляндиянын экспорттук-өндүрүштүк тармагын күчтөнткөн; чыгыш чек аралар аркылуу батышка товар экспортун камсыздаган. Советтер Союзунан негизги импортту(80%) нефть түзгөн. Металл экспортто негизги орунда кала берген. 80-ж.ж. Финляндия СССРде ири курулуш долбоорлорун ишке ашырган. Советтик Корелияда 3 ири өндүрүш заводу, Россиянын чыгышында жана Батыш Сибирде шаарлар курулган. Бул жылдары финндердин күнүмдүк керектөөчү товарларынын жарымы СССРден келгени менен, толугу менен алардан көз каранды деп айтууга болбойт. Финндердин негизги экспорт товарларынан бири жыгач болгон. Ошондой эле соода уюмдарынын алкагында эң негизги импорт өлкөлөр Батыш Европа жана АКШ болуп кала берген. Муну менен Финляндия чыгышта коопсуздугун сактап, батыш менен болсо экономикалык тараптан байланышта болгон. Бул 90-ж.ж. башына чейин экономикада жалаң гана өсүүнү шарттады. 1945-1979-жылдар аралыгында жумушчулардын кирешеси 2 эсе өскөн. Башка батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу жылдык кирешенин коэффициенти өсүп отуруп, 70-ж.ж. ортосунда Европанын эң бай 3 өлкөсүнө кирген. Буга өндүрүштүн кеч кириши да себеп болгон. Мында жаңы автоматташтырылган технология ишке кирген. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып өндүрүштүк жумушчулардын классы түзүлгөн жок. Салттуу кесиптин ээлери түз эле кызмат көрсөтүү тармагына кеткен. 40-жылдардагы жер реформасы да өнүгүүдө өз салымын кошкон. Согуштун айынан 420 000 жаран эвакуацияланып, анын 320 000и дыйкандар болгон. Мурун киши башына 11 гектардан берилген жерлер алынып, 9 гектардан бөлүнүп, кайрадан таратылган. Жаңы жерлердин баары калкка иштетүүгө таркатылып берилип, бул өз кезегинде жумушсуздукту жоюп, элди алек кылып, коомдук карама-каршылыктарды жоюп, шаарга агылып келүүгө бөгөт болгон. Бирок 50-жылдары чарба автоматташтырыла баштаган. Жаштар өндүрүштүк райондордо иштөө менен бирге билим алуу үчүн шаарларга келе баштаган. Кол араанын ордуна мото-араа колдонулуп, соконун ордуна тракторлор алынып келинип, алардын саны 7 эсе өскөн. Катардагы дыйкандар да тракторго ээ болуп, ат багуу, ага тоют камдоо түйшүгүнөн арылган. Күчтүү тоют жана жасалма жемдер жеткиликтүү болуп, мал семиз багылып, Финляндия эт, сүт, дан азыктары менен өзүн-өзү толук камсыздай алган. Согуш учурунда бомбалоодон улам турак-жай фонду катуу жабыркаган(20 000 үй). Анын үстүнө көптөгөн адамдар аймактарды тарттырып жиберүүдө үй-жайынан(он миңдеген үйлөр) ажыраган. Калкка ссуда берилип, жергиликтүү бийликтер көп кабаттуу үйлөрдү кура башташкан. 1950-жылдан 1975-жылга чейин жыл сайын 30 миңден 77 миңге чейин жаңы үйлөр курулган. Жаңы үйлөрдүн зарылдыгы башка Европа өлкөлөрүндөй эле жогорку деңгээлдеги бала төрөлүүнүн айынан (бэби-бум) келип чыккан. 30-жылдары жашоонун жакшырышы менен балдардын төрөлүүсү аз-аздан жогорулай баштап, согуштан кийин бул көрсөткүч 25% болгон. 1948-1949-жылдары ар жылы 105 000 бала төрөлгөн. 1941-45-жылдары калк 330 000ге көбөйгөн. 50-60-жылдары калктын саны Швецияга болгон эмиграциядан улам бир аз азайган. Бирок тең салмактуулугун жоготкон эмес. Себеби шарттардын жакшырышы менен тамак-аш кеңири жетип, саламаттыкты сактоо тармагы жакшырган, адамдардын орточо жашы жогорулай берген. 1944-жылдан 2000-жылга чейин 3,7 млндон 5,2 млнго жеткен. 21-кылымдын башында калктын 20% шаар аймактарында жашаган. Экономиканын, транспорттун жакшырышынан улам швед тилдүү түштүк аймактарга агылуу башталып, аралаш никелер көбөйүп, финн тили(suomi) үй-бүлөлөрдө, жумушта сүйлөнүп жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Швед тилдүүлөр 60 миңге кыскарган. Финн шведдери Швецияга кеткен. Бирок швед тили актуалдуу бойдон кала берди. Швециядагы ар бир финн 5-мигрантынын эне тили швед тили болгон. Өлкөдө да швед маданияты жана тилинде билим берүү улантылды. 1954-жылкы Скандинав өлкөлөрүнүн жарандары бири-биринин өлкөсүндө эркин жүрө ала турган келишимге кол коюлгандан кийин, Финляндиядан 2 эсе көп айлык төлөгөн Швецияга кетүү көбөйгөн. Бул көрсөткүч 1945-жылдан баштап 700 000ге жеткен. Швецияга мигранттардын көбү сезондук ишке барган же белгилүү мезгилдерде жашаган. Миграциянын күчөшүнө транспорт да себеп болгон. Автомобилдердин популярдуулугу артып, Швецияда иштегендер эмгек өргүүсү учурунда туугандарына адал эмгеги менен тапкан «вольво» жана «саабалары» менен мактануу үчүн келип турган. Турмуштун жакшыруусу менен финндер да өз машинелерине ээ боло баштаган. Кыска аралыкка жүрүү үчүн автобустардын популярдуулугу поезддерден ашкан. 60-жылдардын башында ар ким өз автоунаасы менен жүрүп калган. 70-жылдардагы нефть кризиси унаага ээ болууну бир аз жайлатканы менен тенденциясын жоготкон эмес. Автоунаалардын көбөйүшү менен сырткы чөйрөнүн булганышы сезиле баштаган. Абанын булганышы коомдогу экология жана эстетиканы жактагандардын протесттерине алып келген. Бирок коомчулуктун көп бөлүгү автоунаанын көбөйүшүн жакшылыкка жоруган. 1950-ж.ж. аягында жол инфраструктурасына, анын модернизациясына көптөгөн акчалар бөлүнө баштаган. Бийликтин алмашуусу 70-жылдардын аягында Кекконендин бийликтен кетиши белгилүү боло баштады. 1978-жылы ден соолугунун начардыгына карабай ал дагы бир мөөнөткө президент болуп шайланган. Бул учурда сахна артында бир канча талапкер президенттикке даярданып жатты. 70-жылдардын башынан бери элдик сурамжылоодо эң популярдуу кандидат социал-демократ Мауно Койвисто болуп жаткан. Ал 1979-жылы көпчүлүк коалициянын премьер-министри болуп шайланып, Кекконендин бекем беделине ачык каршы чыга баштаганда коомчулуктун колдоосу дагы да артты. Кеконнен 1981-жылы ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырып берген. Койвистонун атаандаштары бут тосконуна карабастан, 1981-82-жылкы шайлоодо көпчүлүктүн добушу менен президент болуп шайланган. Атаандаштары аны Москванын алдында популярдуулугу жок деп айыпташкан. Бирок ушул өзгөчөлүгү ага көп добуш алып келди. Көпчүлүк финндер Москвага ашыгы менен «тууган» болуп кетти деп эсептеп, ошондуктан Кеконнендин айлампасына кирбеген адамды тандашкан. Анын 12 жылдык(1982-1994) бийлик жүргүзүүсүн коомчулук Москвадан узактап, казыгын Европадан табышы керек болгон жылдар катары мүнөздөгөн. Бул жол туура экенин Койвисто Кекконенден айырмаланып өз пландарын ишке ашыруу үчүн парламентти жана өкмөттү таркатпоо аркылуу көрсөткөн. Өкмөт толук бойдон 4 жылдык мезгилге бийликтин колунда кала берген. 1987-жылы кызгылт-көк социал-демократтардан жана Улуттук коалициялык партиядан турган өкмөттүк коалиция түзүлгөн. Бул нерсе бир нече жылдар мурун мүмкүн эмес эле. СССР менен Батыш Европанын акылсыз «кансыз согушунан» улам Финляндияга аскердик жактан өзүн-өзү камсыздоого туура келди. Финляндия 13 аймакка бөлүнүп, тышкы агрессияга даяр болду. СССР тарапка жашыруун аскер жайгаштырды. Бирок Финляндиянын талуу жери аскердик авиация тармагы болуп кала берди. Ал өзүн-өзү абадан коргой албайт болчу. Кансыз согушта НАТО менен Советтердин жарыша куралдануусу, батыштын Финляндияга жакын аймактардагы СССРдин ракета атуучу борборлоруна көңүлүн буруусу Түндүк Финляндияны коркунучка кептеген. Бирок 1985-жылы Михаил Горбачевдун төрага болуп шайланышы абалды өзгөрттү. Горбачев өлкөсүнүн ичиндеги экономикалык көйгөйлөргө көңүл буруп, жаңы саясат баштады. Батыштагы журналисттер, совет таануучулар аны державаны каатчылыктан алып чыгуучу деп сыпаттаган. 1987-жылы ал АКШнын президенти Роналд Рейган менен жолугушуп, Европада орто аралыкка учкан ракеталарды жок кылуу боюнча макулдашкан. Батыштагы Горбачев жөнүндө жакшы ой калтыргандарга президент Койвисто да кошулган. Ал 1985-жылы Горбачев менен жолугушуп, жылуу сүйлөшкөн. Горбачев ЕЭСАга толугу менен мүчө болууга уруксат берген. Андан кийин Франция ЕЭСАга жана Евро Биримдикте жогорку технологияларды колдонууну сунуштап чыккан. Бул ой да ишке ашырылып, акыркы жылдардагы өзгөрүүлөр Финляндияга жалаң пайда алып келген. Европага жүз буруу Финляндия үчүн Ленинград негизги туристтик шаар болгон. Башка региондоруна да финн туристтери барып турчу. 80-жылдардын башында Советтер Союзундагы алсыроолор аларга да көрүнө баштаган. 1990-жылы СССРдин жакын арада кулашы билине баштады. Ошондуктан Финляндияда куралдуу кагылышуулардан чочулоо башталган. Бирок СССРдин тынчтык жол менен тарап кетиши дүйнөнү да, Финляндияны да таң калтырган. Эстония, Латвия, Литвадагы көтөрүлүштөр болуп жатканда Финляндия четте карап турууну чечти. Биринчиден, СССР менен болгон алакасына зыянын тийгизе турган аракеттерден алыс болушу керек. Экинчиден, куралдуу кагылышуу болсо Финляндия курал жактан жардам бере алмак эмес. Бул учурда Финляндияга кышкы согушта жардам бербеген, курулай сөз менен колдоо көрсөтүмүш болгон Европаны кайталагысы келген эмес. Президент Койвисто СССР коопсуздугу үчүн Чыгыш Европа өлкөлөрүндө акысы бар экенин айтты. Муну батыш коркоктук жана өзүмчүлдүк катары сыпаттаса да, финн эли ажосун туура түшүнүп, аны колдоп турган. 1990-жылдагы эки Германиянын биригиши менен төртүнчү рейх түзүлүшү мүмкүн деген кооптонууларга карабай, бул окуя Европанын да биригүүсүнө алып келди. Европа Кызматташтыгын Европа Биримдигине өзгөртүү сунушталып, 1993-жылы формалдуу болсо да алмаштырылды. Финляндиянын негизги товар алуучулары Батыш Европада жайгашкан эле. Муну менен анын Европага интеграция кылуу аракетин түшүндүрүүгө болот. 1990-жылы күзүндө, ЕЭСАнын 2 нейтралдуу мүчөсү Австрия жана Швеция Евробиримдикке толугу менен мүчө болууга аракет кыла баштады. Финляндияга басым да күчөдү. Евробиримдикке мүчө болгондо Финляндиянын СССР менен түзгөн Достук жөнүндө келишиминдей шарттарды Евробиримдиктин ичинде да аткаруусу керек эле. Финляндия жаңы келишимди СССРге 1990-жылы сунуштап, 1991-жылы анын мураскери Россия менен кол койгон. Ага ылайык Достук жөнүндө келишимдин коопсуздук бөлүгү алынып салынган. 1992-жылы президент Койвисто ЕЭБге кирүүсүн жарыяланган. Өкмөт керектүү документтерди биримдиктин комиссиясына тапшырган. Парламенттин көпчүлүгү бул идеяны колдоп чыккан. Мамлекеттик бийлик ЕБге киргенден кийинки коопсуздук маселелерин айтуудан качып жатты. О.э. Евробиримдикке кирүүсү белгисиз болгондуктан бул нерсени көп жарнамалашкан жок. Алгач ЕЭБ/ЕБ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, андан соң референдумга коюу керек деп эсептешкен. Расмий дебаттар экономикалык натыйжалар үстүндө болуп жатты. Эң көп Ебке кире турган болсо дыйкандарга берилчү субсидиялар токтоп калышы мүмкүн деген кооптонуу болуп жатты. Батышчыл талапкерлер бул маселени айланып өтүп жатышты. Жыйынтыгында сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрүп, Финляндия Евробиримдикке мүчө болгон. Евробиримдик белгилүү мөөнөткө Финляндиянын көп жерлерин жараксыз деп таанууга макул болгон. Бул дыйкандардын жерлерди субсидия алуу менен эркин иштетип турушун камсыз кылган. Түндүктөгү бай өлкөлөрдүн кошулушу Евробиримдикке да пайдалуу болгон. Алардын жардамы менен Европанын түштүгүндөгү жакыр өлкөлөргө колдоо көрсөтө алмак. 1994-жылдын октябрындагы референдумда эл бул чечимди колдоп берди(59,6%). Койвисто ЕБге мүчө болгонун билдирип ошол жылы бийликтен кетти. Ордуна тажрыйбалуу БУУнун дипломаты Мартти Ахтисаари келди. Анын учурунда 1-январь 1995-жылы Финляндия, Швеция, Австрия Евробиримдикке расмий түрдө мүчө болду. Билим берүү системасы Башталгыч билим берүү Финляндияда ар бир бала башталгыч билим алууга укуктуу. Ал жалпысынан милдеттүү билим башталаардан бир жыл мурун, башкача айтканда, бала 6 жашка толгондо башталат. Мектепке чейинки билимди мектептен же бала бакчадан, үй-бүлөлүк бала бакчадан же башка ылайыктуу жерден алса болот. Муну муниципалитет чечет. Бала милдеттүү билим берүү жети жашка толгондо башталып, 16-17 жашка чейин созулат. Мамлекет бекер негизги билимге кепилдик берет. Буга окуу акысы, окуу куралдары, дептерлер, негизги канцелярия, мектептеги тамак кирет. Окуу жылы август айында башталат. 3-класста англис тилин үйрөнүү башталат, 4-класста бала кошумча чет тилин (француз, немис же орус) тандайт. 7-класста швед тилин милдеттүү түрдө үйрөнүү башталат. Финляндиянын мектептери кеңири өз алдынчалыкка ээ. Өздөрү окутуунун ыкмаларын тандашат, окуу пландарын, программаларын түзүшөт. Тарбиячылар мектептеги саясат жана администрация боюнча чечим кабыл алуу укугуна ээ. Фин мектептеринде дисциплиналар аралык изилдөө киргизилип жатат. Бул сабактарды обочолонуп окутууну жарым-жартылай алмаштырат. Мындай дисциплиналар аралык курс бир нече жумага созулушу мүмкүн. Мисалы кафе кызматтары курсу математика, чет тилдер, жазуу жана баарлашуу көндүмдөрүн камтыйт. Окуу жылында мындай курстардын жок дегенде бирөөсү болушу керек. Бирок мектептер муниципалитеттердин каалоосу боюнча алардын көбүн өткөрө алышат. Негизги мектепте баалар жана экзамендер жок. Жада калса негизги мектеп үчүн акыркы экзамен жок. Орто мектепти аяктагандан кийин гана окуу боюнча экзамен өткөрүлөт. 9-класска чейин күнүмдүк дене тарбия, чыгармачыл сабактар (музыка, көркөм сүрөт) жана практикалык сабактар (кол өнөрчүлүк, үй чарба) сабактарын өтүшөт. 2012-жылы окуу күнүн узартуу жана окутулган сабактардын түзүмүн өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынган. Финляндиянын жалпы билим берүүчү мектептеринин айырмачылыктарынын пайда болгон тенденциясына байланыштуу Билим берүү министри Юкка Густафссон мектептеги билим берүүнүн жалпы төмөндөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Ага карабастан, 2013-жылы Гарварддын профессору Тони Вагнер Финляндиянын мектеп системасын «студенттер мектепти бүтүрүп, жаңычылдыкка даяр болушат» деп мактаган. Экинчи баскыч Негизги билим алгандан кийин студенттерге тандоо мүмкүнчүлүгү берилет: -кесиптик билим алууга. Андан кийин өз адистиги боюнча иштей башташат. Окутуу кесиптик окуу жайларда өтөт: атап айтканда, кесиптик окуу жайы, ошондой эле келишим боюнча өндүрүштө окутууну тандоого болот. -лицейде окуусун улантышат, ал жакта жогорку мектепке кирүүгө олуттуу даярдыктар жүрөт. Лицейге барган окуучулар жетиштүү деңгээлде даярдыгын көрсөтүшү керек. Финляндияда лицейдин бүтүрүүчүлөрү абитуриент болуп саналат. Алар орто мектепте окуп жүргөндө эле жогорку мектепке тапшырышат.

2015-жылы жүргүзүлгөн бир изилдөөдө Финляндиянын лицейлеринде жана мектептеринде окуучулар арасында саясий же диний идеологиянын негизинде жек көрүү же чыдамсыздык түрүндөгү экстремисттик маанай күч алгандыгы байкалган, ал эми зомбулук идеалдары гимназиядагыга караганда кесиптик лицейлерде эки эсе көп кездешет.

ЖОЖдор Азыр Финляндияда эки параллелдүү жогорку билим берүү тутуму бар – университеттер жана политехникалык институттар. Политехтер ар кандай тармактарда иштөө үчүн практикалык билимди жана көндүмдөрдү берет. Политехниканын эң популярдуу адистиктери бул: технология жана транспорт, бизнес жана менеджмент, саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү, маданият, туризм, кызмат көрсөтүү, билим берүү, жаратылыш ресурстары. Окутуу 3,5-4 жылга созулат жана милдеттүү практиканы камтыйт. Финляндияда 10 чыныгы университет, дагы он атайын институт (технология, бизнес жана экономика, искусство) болгон. Ошондой эле аскер академиясы университеттердин катарына кирген. 2010-жылдары 15 университет калган (5,5 миллион калкка). Бардык университеттер мамлекеттин карамагында. Изилдөөнүн эң популярдуу жана престиждүү багыттары болуп технология, гуманитардык жана табигый илимдер саналат. Финляндиянын университеттери бакалавр, магистр жана доктор даражаларынан тышкары, магистратура менен докторлуктун ортосунда лицензият ортоңку даражасын берет. Аны магистратурадан эки жыл өткөндөн кийин алууга болот. Андан 2 жыл өткөндөн кийин гана доктор гапмын алууга болот. Финляндиянын университеттеринде окутуу негизинен фин жана швед тилдеринде жүргүзүлөт. Бирок англис тилиндеги эл аралык программалар жыл сайын көбөйүп баратат. Финляндияда көптөгөн адистиктер боюнча англис тилинде окууга болот. Англис тилинде окутууга дүйнөнүн төрт бурчунан студенттер жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген мугалимдер катышат. Университеттеги англис тилинде өтүүчү сабактарга кирүү үчүн, талапкер англис тилин мыкты өздөштүрүп, TOEFL же IELTS тил сынагынан жакшы жыйынтык көргөзүшү зарыл. Окуу акысыз. Бирок студенттен окуу материалдары жана студенттик профсоюздарга милдеттүү мүчөлүк үчүн жылдык төлөмдөр алынат (орто эсеп менен 45-90 евро). Студенттердин минималдык бюджети, тамак-аш жана жатакана менен кошо 500-900 еврого бааланат. Студенттик виза алуу үчүн, банктан жок дегенде 6 720 евро бар экендиги жөнүндө күбөлүк беришиңиз керек. Абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алууну жөнгө салуучу бирдиктүү эрежелер жок: бардыгы билим берүү мекемелеринин сотторуна берилет. Чет элдиктерден орто билимди (жана орточо балл талап кылынат), фин, швед же англис тилин жакшы билүүсү (эл аралык программаларга катышууда), финансылык ресурстардын бар экендигин тастыктоосу жана кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшыруусу талап кылынат. Экинчиси Финляндиянын университеттеринин өзгөчөлүгү: экзамендердин көпчүлүгү факультеттерде өткөрүлөт. Сынактарга документтик сынактан өткөндөр гана катыша алышат. Айрым факультеттер чет өлкөлүктөргө квота беришет. 2012-жылы кээ бир жогорку окуу жайлары бир катар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн (Непал, Пакистан, Бангладеш, Нигерия жана Кения) абитуриенттери үчүн кирүү сынактарын өткөрүүдөн баш тартышкан. Муну бул өлкөлөрдүн студенттеринин Финляндияда жашоого каражаты жетишсиздиги менен түшүндүрүшкөн. Финляндиянын университеттеринде жылына 1800гө жакын доктордук диссертация корголот. Бирок Билим берүү жана маданият министрлигинин регламенти боюнча алардын саны 1600дөн ашпашы керек. 2023-жылдын 4-апрелинде өлкө НАТОго кошулган.

  1. В Финляндии отношения между церковью и государством регулируются особыми соглашениями. Деятельность церкви регулируется особым законодательством. Церковь имеет право на особый церковный налог (собирается при помощи государственных структур на добровольной основе). Однако юридически Церковь Финляндии не является государственной.
  2. Калып:YLE-N
  3. Human Development Report 2013(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). United Nations (2013). Текшерилген күнү 14 -март (жалган куран) 2013. Түп булактан архивделген күнү 6 -октябрь (тогуздун айы) 2014.