Мазмунга өтүү

2024 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Википедия дан

2024 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
англ. 
2024 World Nomad Games'
2024 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Урааны Улуу талаадагы жолугушуу
каз. Ұлы дала дүбірі
Оюн тууралуу маалыматтар
Өткөрүү жайы Казакстан Астана, Казакстан
      Өткөрүү шаарлары Астана
Катышуучу өлкөлөр +89
Спортчулардын саны +2500
Ачылыш аземи 8-сентябрь, 2024
Ачкан Касым-Жоомарт Токоев[1]
Жабылыш аземи 13-сентябрь, 2024
Хронологиясы
 2022 Түркия
Кыргызстан 2026 
Расмий сайты

2024 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдештин 5 жолкусу. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адам цивилизациянын мурасы катарында жана этно-маданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталган.

Көчмөндөр оюндарына көчмөндөр цивилизациясынын мураскерлери – эли жашаган өлкөлөр катыша алышат. Бирок 2016-жылдан кийин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү кызыгуусун билдирип, кийинки мелдештерге дүйнөнүн ар тарабынан, анын ичинде көчмөн болбогон мамлекеттердин командаларынын катышуусуна да уруксат берилген.Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң ири улуттук спорттук мелдеш.

Мелдеш Казакстандын Астана шаарында 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин болуп өткөн[2][3].

Расмий логотип өздүктүн маанилүү элементин камтыйт. Күн атчан адам, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардык логотиптеринде бар. Логотипте кочкул кызыл элементтер колдонулат. Бул түс жарым асыл таштын жөнөкөйлүгүн жана ырайымын чагылдырат. Карнелиан анын кызгылт түсү менен, кан жана отко окшош, ошондой эле маанилүү энергия, жүрөк жана күн менен байланышкан. Турмуш-тиричилик буюмдары — Камчы (камшы), Белбоо (белбеу) жана салттуу зер буюмдар кара тондордо карнелиан менен кооздолгон.

Логотиптин тексттик бөлүгү VIII-X кылымдагы руна түрк жазуусу стилдештирилген шрифт менен жасалган[4].

Оюндардын инфратүзүмү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, инфратүзүмдү түзүү үчүн «сызыктуу» курулуштун эң ыңгайлуу принциби колдонулган, оюндарга тартылган объекттердин максималдуу санын бир сызык боюнча жайгаштыруудан турат.

5-ДКО инфратүзүмүнө 6 борбордук объект кирген: «Астана Арена» стадиону, «Казанат» ат майданы, Ж. Үчкемпиров жекме-жек сарайы, «Алау» муз сарайы, «Qazaqstan» жеңил атлетика спорт комплекси, «Думан» комплекси.

«Казанат» ат майданында жана Этноаул аймагында ат чабыш, салттуу жаа атуу жана канаттууларга аңчылыктын улуттук түрлөрү боюнча мелдештер, ошондой эле ат жарыштары өтөт. Ж.Үшкемпиров жекме-жек сарайында жана «Алау» муз сарайында күрөштүн улуттук түрлөрү, күрөштүн түрлөрү жана элдик оюндар, «Думан» комплексинде салттуу интеллекттуалдык оюндар өткөрүлөт.Аккредитациялоо жана жабдуулар борборлору «Qazaqstan» жеңил атлетика спорт комплексинде жайгашат[5].

Маданий программаны ишке ашыруунун негизги аянтчасы түштүк-батыш тарабында Казанат ат майданына жанаша 10 га аянтта жайгашкан «Көчмөндөр ааламы» этноауылу жана анын алкагындагы иш-чаралар болот. маданий программа кошумча түрдө Астана шаарынын ар кандай объектилеринде (аянттарда, парктарда, скверлерде, башка коомдук жайларда, театрларда, концерттик залдарда, кинотеатрларда, музейлерде, көргөзмө павильондорунда ж.б.) өткөрүлөт.

Оюндардын илимий программасынын иш-чаралары Казакстан Республикасынын Улуттук музейинде өтөт.

Конокторду жайгаштыруу үчүн, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын инфратүзүмүнө кирген спорттук объектилердин жанында жайгашкан 23 мейманкана бар.

Медалдар жыйынтыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

     Мелдеш ээси

Жалпы медалдардын саны
Баардыгы
Оруну Өлкөлөр (ДКО) 1-орун
Алтын
2-орун
Күмүш
3-орун
Коло
1  Казакстан (KAZ) 43 32 37 112
2  Кыргызстан (KGZ) 19 21 25 65
3  Орусия (RUS) 12 12 25 49
4  Өзбекстан (UZB) 11 12 11 34
5  Түркия (TUR) 2 2 2 6
6  Иран (IRI) 1 3 9 13
7  Венгрия (HUN) 1 2 5 8
8  Түркмөнстан (TKM) 1 1 2 4
9  Румыния (ROU) 1 1 1 3
10  Польша (POL) 1 1 0 2
11  Индия (IND) 1 0 5 6
 Кытай (CHN) 1 0 5 6
 Молдова (MDA) 1 0 5 6
12  Франция (FRA) 1 0 1 2
 Индонезия (INA) 1 0 1 2
13  Австралия (AUS) 1 0 0 1
 Италия (ITA) 1 0 0 1
 Нигерия (NGR) 1 0 0 1
14  Моңголстан (MGL) 0 5 9 14
15  Грузия (GEO) 0 3 5 8
16  Азербайжан (AZE) 0 2 5 7
17  Канада (CAN) 0 1 1 2
 Гана (GHA) 0 1 1 2
18  Мексика (MEX) 0 1 0 1
19  Тажикстан (TJK) 0 0 6 6
20  Нидерланддар (NED) 0 0 4 4
21  Пакистан (PAK) 0 0 3 3
22  Беларусь (BLR) 0 0 2 2
23  Того (TOG) 0 0 1 1
 Словакия (SVK) 0 0 1 1
 Эстония (EST) 0 0 1 1
 Таиланд (THA) 0 0 1 1
 Латвия (LAT) 0 0 1 1
Баардыгы 100 100 175 375

Спорт түрлөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кашанын () ичинде расмий түрдө аталышы көрсөтүлгөн

  • Ашык атуу (каз. Асық ату)
  • Ордо
  • Аркан тартыш (каз. Арқан тартыс)
  • Ат чабыш (каз. Бәйге)
  • Көк бөрү/Көкпар
  • Эр эңиш (каз. Аударыспақ)
  • Теңге илүү (каз. Теңге ілу)
  • Казак күрөшү (каз. Қазақ күресі)
  • Ашыртмалы аба гюреши
  • Кураш
  • Алыш
  • Мас-Рестлинг
  • Көчмөндөрдүн уулу күрөшү (Powerful Nomad)
  • Тогуз коргоол (Тогызкумалак)
  • Мангала
  • Овари
  • Атчан жаа атуу (каз. Жамбы ату)
  • Салттуу жаа атуу (каз. Дәстүрлі садақ ату)
  • Салбуурун (каз. Құсбегілік)[6].
 ●  Ачылыш аземи   ● Квалификациялык мелдештер    Финалдык мелдештер  КО  Көргөзмө оюндар  ●  Жабылыш аземи
Сентябрь 8 9 10 11 12 13 14 Өткөрүлүүчү жайы
Аземдер
Ат оюндары Көк бөрү (Көкпар) «Казанат» ат майданы
Эр эңиш Этноайыл
Теңге илүү
Ат чабыш Ат чабыш
(классикалык)
«Казанат» ат майданы
Аламан байге
Жорго салыш
Кунан чабыш
Топ байге
Аркан тартыш «Алау» муз сарайы
Атчан жаа атуу Этноайыл
Жаа атуу «Аргымак»
Салбуурун Бүркүт салуу Этноайыл
Далба
Ителги салуу
Салттуу
интеллектуалдык оюндар
Тогуз коргоол «Думан» мейманканасы
Мангала
Овари
Күрөш Алыш
(кыргыз күрөшү)
Ж.Ушкемпиров атындагы күрөш сарайы
Ашыртмалы аба гюреши «Алау» сарайы
Кураш
Казак күрөшү Ж.Ушкемпиров атындагы күрөш сарайы
Көчмөндөрдүн улуу күрөшү Этноайыл
Медалдар топтому
Сентябрь  8  9  10  11  12  13  14


Катышуучу өлкөлөр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Демөөрчүлөрү жана өнөктөштөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Уюштуруучулар
Өнөктөштөрү
  • Alageum Electric (башкы демөөрчүсү)[12]
  • Халык банк (башкы өнөктөшү)
  • Air Astana
  • Turkish Airlines
  • Kceel 5G
  1. Данира Искакова. Касым-Жомарт Токаев официально объявил V Всемирные игры кочевников открытыми (орусча). Казинформ (8 -сентябрь (аяк оона) 2024). Текшерилген күнү 8 -сентябрь (аяк оона) 2024.
  2. Казак бийлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасын өзгөрттү (кырг.). Super.kg (13 -май (бугу) 2024). Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2024.
  3. Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада өтөт (видео) (кырг.). Serep.kg (18 -январь (үчтүн айы) 2024). Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2024.
  4. Презентованы логотип и слоган V Всемирных игр кочевников (орусча). 24.kz (26 -октябрь (тогуздун айы) 2023). Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2024.
  5. Как и где будут проходить Всемирные игры кочевников в Астане (орусча). Zakon.kz (24 -июль (теке) 2024). Текшерилген күнү 24 -июль (теке) 2024.
  6. ВСТРЕЧА В ВЕЛИКОЙ СТЕПИ! Официальный сайт (февраль, архив) (орусча). Wordnomadgames.kz архив (20 -февраль (бирдин айы) 2024). Текшерилген күнү 20 -май (бугу) 2024. Түп булактан архивделген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2024.
  7. Azərbaycan Dünya Köçəri Oyunlarında dördüncü medalını qazanıb (азерб.). AZƏRTAC (11 -сентябрь (аяк оона) 2024). Текшерилген күнү 11 -сентябрь (аяк оона) 2024.
  8. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн жарымын бириктирди (кырг.). Азаттык Үналгысы (9 -сентябрь (аяк оона) 2024). Текшерилген күнү 10 -сентябрь (аяк оона) 2024.
  9. Монголию на Всемирных играх кочевников представляют 66 спортсменов (орусча). Mongolian national news agency (10 -сентябрь (аяк оона) 2024). Текшерилген күнү 10 -сентябрь (аяк оона) 2024.
  10. 186 атлетов в составе Единой команды России примут участие в V Всемирных играх кочевников (орусча). Советский спорт (6 -сентябрь (аяк оона) 2024). Текшерилген күнү 10 -сентябрь (аяк оона) 2024.
  11. ЮНИСЕФ стал официальным партнером 5-х Всемирных игр кочевников (орусча). Новости ООН (20 -июнь (кулжа) 2024). Текшерилген күнү 6 -июль (теке) 2024.
  12. Какие призы получат победители V Всемирных игр кочевников (орусча). elorda.info (25 -июнь (кулжа) 2024). Текшерилген күнү 6 -июль (теке) 2024.