2018 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Википедия дан

2018 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
англ. 
2018 World Nomad Games'
2018 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Урааны Күч биримдиги!
Рух биримдиги!
Оюн тууралуу маалыматтар
Өткөрүү жайы Кыргызстан Ысык-Көл, Кыргызстан
      Өткөрүү шаарлары Чолпон-Ата
      Стадиондору Чолпон-Ата ат майданы
Катышуучу өлкөлөр 80+
Спортчулардын саны +3,200
Ачылыш аземи 2-сентябрь, 2018
Ачкан Сооронбай Жээнбеков
Жабылыш аземи 8-сентябрь, 2018
Жапкан Мухаммедкалый Абылгазиев
Хронологиясы
Расмий сайты

2018 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (англ. 2018 World Nomad Games, орус. Всемирные игры кочевников 2018) — этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдештин 3-жолкусу.

Оюндардын ачылуу аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев,Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан күбө болушкан.

Логотиби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюндардын күн формасында тартылып, ар түрдүү түстөргө боёлгон жаңы логотиби, дүйнө жүзүндөгү бүткүл көчмөн цивилизациясынын жашоо философиясын чагылдырып турат[1]

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында маштабдуу оюндардан башка да көптөгөн өзгөрүүлөр киргизилген. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын имиджи жаңыланып, көптөгөн жаӊы боёктор менен кооздолгон. Көчмөндөр ондарынын айдентикасы жаӊыланып, анда көчмөн элдеринин баалуулуктарын чагылдыра турчу идея камтылган. Жаӊы айдентика Дүйнөлү Көчмөндөр оюндары жөн гана таймаш талаасы эле эмес ошол элдин маданиятын чагылдыруучу чоӊ арена экенин чагылдыруу. Логотиптеги ар бир түс, ар бир белги көчмөн турмушка тиешелүү болгон маанини камтыйт.


Логотиптин так ортосунда баарына белгилуу болгон “Ат үстүндөгү күн адамы” чагылдырылган. Эмблема ааламды түшүндүргөн айлана менен сызылган, ат болсо көчмөн элдеринин башкы символу болуп эсептелинет, ал эми ат үстүндөгү адам жөн гана адам эмес күн адамы. Борбордук фигуранын башы төрткө бөлүнгөн, ал дүйнө жүзүнүн төрт тарабын жана асман баалуулуктарын билдирет. Эмблеманын борбору болуп-күн саналат. Көчмөн жашоосунда күн абдан чоӊ ролду ойногон. Ал тазалыктын жана теӊдиктин символу. Кыргыз эли үчүн күн өзгөчө маданий мааниге ээ. Бул тууралу Саймалуу-Таштагы сүрөттөрдөн билсек болот. Кыргыз эли көчмөн цивилизациясынын өкүлү ктары жан дүйнө тазалыгын өйдө коюп, сактап келишкен. Алар “кун баарына бирдей тиет” деген идеяны кармашкан. Эмблеманын автору: сүрөтчү Майрамкул Асаналиев

Логотиптин чечмелениши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Логотипте үч бурчтук фигуралар көп кездешет. Себеби, үч бурчтук көчмөн элинин жашоосунда өзгөчө маанини ээлейт. Көпчүлүк көчмөн элдеринде үч бурчтук жогорку күчтөрдү жана аларга жакын болууну, ишенүүнү түшүндүрөт.
  • Кыргыз эли жогорку күчтөргө ишенишет жана тумар колдонушат. Тумар үч бурчтук фигура түрүндө болот.
  • Жаратылыш- көчмөн турмушунун негизи болуп саналат. Ошондуктан жаратылыш көрүнүштөрү, табигый кубулуштар көчмөн турмушунун маанилүү атрибуттары болуп эсептелинет.
  • Ичине тоонун сүрөтүн камтыган тумар “ сактоочу тоолор” деген маанини билдирет.
  • Үч бурчтуктун ичине тартылгын “киши” же “эл” – “ өз маданиятын, ата-бабасын, каада-салтын сактаган эл” деген маанини берет.
  • Сүрөттөрү бар тумарлардын көптүгү кыргыз көчмөн элинин маданиятын чагылдырат. Кыргыз элини маданиятынын башында “жети ата” жана “Манастын осуяты” турат.
  • 12 “Сактоочу тоолор” тартылган тумар- жыл ичиндеги 12 айды билдирет.
  • 24 “Сактоочу эл” тартылган тумар -24 айды же болбосо 2 жылды түшүндүрөт.
  • "40 күн жебеси – Манас баатырдын 40 чоросун билдирет.
  • Бул эмблеманын ичинде эӊ чоӊ идея жашырылган. Ал “Көчмөндүн ааламы” деген идея. Жогоруда айтылгандардын баары ар бир көчмөн эл үчүн абдан чоӊ маанини ойнойт.

Медалдар жыйынтыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыя түстөгү, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөн өлкө (үй ээси)

Жалпы медалдардын саны
Баардыгы
Оруну Өлкөлөр (ДКО) 1-орун
Алтын
2-орун
Күмүш
3-орун
Коло
1  Кыргызстан (KGZ) 40 32 31 103
2  Казакстан (KAZ) 18 24 30 72
3  Орусия (RUS) 17 12 27 56
4  Түркмөнстан (TKM) 10 5 12 27
5  Өзбекстан (UZB) 7 8 18 33
6  Венгрия (HUN) 4 4 4 12
7  Иран (IRI) 4 3 5 12
8  Украина (UKR) 3 3 3 9
9  Моңголстан (MGL) 2 4 11 17
10  Түркия (TUR) 2 1 3 6
11  Антигуа жана Барбуда (ANT) 2 0 1 3
12  Азербайжан (AZE) 1 6 8 15
13  Тажикстан (TJK) 1 2 2 5
14  Кытай (CHN) 1 1 4 6
15  БАЭ (UAE) 1 0 1 2
 Болгария (BUL) 1 0 1 2
 Германия (GER) 1 0 1 2
 Сербия (SRB) 1 0 1 2
16  Латвия (LAT) 1 0 0 1
 Литва (LTU) 1 0 0 1
17  Грузия (GEO) 0 2 3 5
18  Гана (GHA) 0 2 0 2
19  АКШ (USA) 0 1 2 3
20  Эстония (EST) 0 1 1 2
21  Аргентина (ARG) 0 1 0 1
 Польша (POL) 0 1 0 1
22  Молдавия (MDA) 0 0 2 2
23  Армения (ARM) 0 0 1 1
 Жапония (JPN) 0 0 1 1
 Индия (IND) 0 0 1 1
 Нидерланддар (NED) 0 0 1 1
 Сингапур (SIN) 0 0 1 1
Баардыгы 118 113 176 407

Спорттун түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алыска таамай атуу
  • Алыскы аралыкка ат чабыш
  • Алыш
  • Аркан тартыш
  • Армрестлинг
  • Ат чабыш
  • Атчан жаа атуу
  • Ашыртмалы аба гюреши
  • Бышты жорго
  • Бүркүт салуу
  • Гореш
  • Гуштини милли камарбанди
  • Гюлеш
  • Далба
  • Жорго салыш
  • Казаx куресы
  • Кунан чабыш
  • Кураш
  • Кыргыз күрөш
  • Кыска аралыкка ат чабыш
  • Көк бөрү
  • Көчмөндөрдүн улуу күрөшү
  • Мангала
  • Мас-рестлинг
  • Монгол бох
  • Овари
  • Ордо
  • Пахлавани
  • Салттуу жаа атуу (Кыргызстан)
  • Салттуу жаа атуу (Түркия)
  • Салттуу жаа атуу (Түштүк Корея)
  • Самбо
  • Ссирым
  • Сумо
  • Тайган жарыш
  • Тогуз коргоол
  • Эр эӊиш

Ыраатамалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

 ●  Ачылыш аземи   ● Квалификациялык мелдештер    Финалдык мелдештер  КО  Көргөзмө оюндар  ●  Жабылыш аземи
Сентябрь 2 3 4 5 6 7 8 Өткөрүлүүчү жайы
Аземдер Ат майдан
Ат оюндары Көк бөрү Ат майдан
Эр эңиш
Ат чабыш Ат чабыш Ат майдан
Алыскы аралыкка ат чабыш
Бышты жорго
Жорго салыш
Кунан чабыш
Кыска аралыкка ат чабыш
Аркан тартыш ДДК
Армрестлинг
Атчан жаа атуу Кырчын
Жаа атуу Салттуу жаа атуу (Кыргызстан)
Салттуу жаа атуу (Түркия)
Салттуу жаа атуу (Түштүк Корея)
Алыска таамай атуу
Салбуурун Бүркүт салуу
Далба
Тайган жарыш
Салттуу
интеллектуалдык оюндар
Тогуз коргоол ДДК
Мангала
Овари
Күрөш Алыш ДДК
Ашыртмалы аба гюреши
Гуштини милли камарбанди
Гореш
Гюлеш
Казак күрөшү
Кыргыз күрөшү
Кураш
Көчмөндөрдүн улуу күрөшү
Пахлавни
Медалдар топтому
Сентябрь  2  3  4  5  6  7  8



Катышуучу өлкөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түз ободон берүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байге фонду[түзөтүү | булагын түзөтүү]

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 26 миллион сомдон жогору болгон. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирген. спорттун 37 түрүнүн жалпы байге фонду 26 миллион 615 миң сомду түзгөн. Бул каражат ат чабыш, ат үстүндө мелдештер, улуттук күрөштүн түрлөрү, күрөштүн түрлөрү, салттуу интеллектуалдык оюндар, салттуу жаа атуу, салбуурун мелдештерине бөлүнгөн. Ошондой эле көк бөрү боюнча мелдештин байге фонду 6 миллион сомду түзүп, 1-орунду ээлеген курама 3 миллион, экинчи орунду ээлеген 1 миллион 500 миң сом, 3-орун 1 миллион сомго жана 4-орунду ээлеген команда 500 миң сомго ээ болгон. Мындан тышкары мелдештин жүрүшүндө “Көк бөрү боюнча улуу оюнчу” аныкталып, ал 100 миң сомго жана "Көк бөрүнүн улуу аргымагы" дагы 100 миң сом акчалай байгеге ээ болушкан. Күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеште 1-орунду ээлегендер 70 миң сом, 2-орунду ээлегендер 35 миң сом жана 17 миң 500 сомдон 3-орунду ээлеген эки спортчуга берилген. Ал эми "Көчмөндөрдүн улуу күрөшү" мелдешинин жеңүүчүсү 1 миллион сомго ээ болгон. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы эсепте 594 медаль, алардын 174ү алтын, 173ү күмүш жана 247си коло медалдар ойнотулган.

Демөөрчүлөрү жана өнөктөштөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башкы демөөрчүлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Расмий демөөрчүлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Расмий өнөктөштөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өнөктөштөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык өнөктөштөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Медиа өнөктөштөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Геомаалымат өнөктөшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2GIS

Уюштуруучу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • World Ethno Sport Confederation

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]