Латвия

Википедия дан

Латвия Республикасы
латыш. Latvijas Republika

Герб
Туу Герб
Гимн: «Dievs, Svētī Latviju
(Кудай сактасын Латвияга)»
Эгемендүүлүк күнү 4-май 1990-ж.

Кеңештер Бирлигинен)

Расмий тили латыш тили
Борбор шаары Рига
Ири шаарлар Рига, Даугавпилс, Лиепая, Елгава, Юрмала, Вентспилс
Президенти Эгилс Левитс
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
122 - дүйнөдө
64 589 км²
1.5
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

1 893 700[1] адам (154)
29,39 ад./км²
ISO коду LV
ЭОК коду LAT
Latviyanın Mamlekettik Tuusu.
Latviyanın Mamlekettik Gerbi.

Латвия (латыш. Latvija), расмий аталышы — Латвия Республикасы (латыш. Latvijas Republika) – Чыгыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Эстония, чыгышынан Россия, түштүк-чыгышынан Беларуссия, түштүгүнөн Литва менен чектешет. Балтика деңизи жана анын Рига булуңу менен чулганат. Аянты 64,6 миң км2. Калкы 2,26 млн (2009). Борбору – Рига. Расмий тили – латыш тили. Акча бирдиги – евро. Төрт тарыхый облусту (регионду) камтыйт: Видземе (мурдагы Ливониянын түштүк бөлүгү, Лифляндия), Земгале (Земгалия, Семигалия), Курземе (Курляндия, Курония), Латгале (Латгалия). Административдик-аймактык жактан 109 крайга жана республикага баш ийген 9 шаарга бөлүнөт (2007-жылдын 1-июлунан). Латвия – БУУнун (1991), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1991), ЭВФтин (1992), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1992), Балтика өлкөлөрүнүн кеңешинин (1992), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1999), Европа Советинин (2004), НАТОнун (2004) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Латвия – унитардык мамлекет. Конституциясы 1922-ж. 15-февралда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, аны парламент 4 жылга шайлайт. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (сейм). Пропорциялык система (партиялык тизме) менен 4 жылга шайланып, 100 депутаттан турат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген министрлер кабинети ишке ашырат. Латвияда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Элдик партия, «Жаңы мезгил», «Латвиялык жол», «Мекенге жана эркиндикке», «Адам укуктары жана бирдиктүү Латвия үчүн» жана башка.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Латвия.

Латвия Чыгыш Европа түздүгүнүн түндүк- батыш бөлүгүндө жайгашкан. Жээк сызыгынын узундугу 500 кмдей. Жээги негизинен түздүктүү, дюна, пляждуу, начар тилмеленген, кургактыкка Рига булуңу гана кирип турат. Булуң Курземе (Курск) жарым а.ралы жана Моонзунд архипелагы аркылуу деңиз мейкиндигинен бөлүнүп турат. Латвиянын азыркы рельефи акыркы муз каптоонун мөңгүсүнүн чегинишинен калыптанган. Ага жайпак же күдүрлүү түздүктөр менен дөбө-дөңсөөлөрдүн кезектешип жатышы мүнөздүү. Балтика деңизин жээктей жазылыгы 2–3 км болгон (айрым жерлеринде 50 кмге жеткен) түздүк созулуп жатат. Өлкөнүн батыш бөлүгүндө Курземе дөңсөөсү (бийиктиги 182 мге чейин) жайгашкан. Байыркы муздуктун аракетинен пайда болгон өрөөндөр мүнөздүү, алардын эң тереңи аркылуу – Абава дарыясы агат. Борбордук абалды Видземе дөңсөөсү (эң бийик жери 311 м, Гайзинькалнс чокусу – Латвиянын эң бийик жери), чыгышын Латгале дөңсөөсү (289 м) ээлейт. Курземе жана Видземе дөңсөөлөрүнүн аралыгында морена дөбөлүү Ортонку Латвия, түндүгүндө камдуу, друмлиндүү Түндүк Латвия ойдуңдары, Видземе, Латгале дөңсөөлөрүнүн аралыгында саздуу жайык Чыгыш Латвия ойдуңу жайгашкан. Латвиянын аймагы Чыгыш Европа платформасынын Орус плитасынын түндүк-батыш чет-жакасынан орун алган. Батышы Балтика синеклизасында, чыгышы Латвия кайкысында, түндүгү Балтика калканынын капталында жатат. Платформанын фундаменти түндүгүндө 400–600 м, түштүк-батышында 1800 м тереңдикте. Чым көңгө бай, ошондой эле гипс, курулуш доломити, акиташ теги, айнек жана формага түшүрүлчү кум, бардык жеринде чопо, кум-шагыл кендери бар. Акак, дары баткак, минералдуу суулары менен да белгилүү. Латвия мелүүн, деңиздиктен континенттикке өтмө климаттуу аймакта жайгашкан. Батыштан соккон аба массасы үстөмдүк кылат. Июлдун орточо температурасы 16–18ᵒС, январдыкы Балтика деңизинин жээгинде –2ᵒС, чыгышында –7ᵒС. Жылдык жаан-чачыны 500–800 мм. Эң күнөстүү жана кургакчыл айы – май. Өтө булуттуулук мүнөздүү (жылына 150–180 күн бүркөк болот). Узундугу 10 кмден ашкан, жалпы узундугу 38 миң кмге жеткен 777 дарыясы бар. Алардын бардыгы Балтика деңизинин алабына кирет. Ирилери: Даугава, Лиелупе, Вента, Гауя. Көлдөрү негизинен муздуктун аракетинен пайда болгон; ирилери: Лубанас, Разнас, Буртниеку, Усмас, Лиепаяс. Ар бир адамдын суу менен жылдык камсыз болуусу 14,5 миң м3. Суу ресурстарынын 0,8–0,9%и жыл сайын чарбалык муктаждыкка пайдаланылат; анын 13%и айыл чарбасына, 55%и коммуналдык-тиричилик ишканаларына, 32%и өнөр жайына кетет. Кыртышынын негизин чымдак-күл топурактары түзөт; кеңири таралгандары: чымдак-карбонаттуу, чымдак-глейлүү, оёңчо жерлери – саз топурактуу. Айыл чарба жеринин 70%ке жакыны ашыкча нымдуу. Латвиянын аймагы ийне-жазы жалбырактуу токой зоначасында жайгашкан. Токой өлкөнүн 38% аймагын ээлейт, анын 67%и ийне (кызыл карагай, карагай), 33%и жазы- (кайың, байтерек, ольха) жалбырактуу токой. Токойдун ири массивдери Курземе жарым аралында, Даугаванын жээктеринде, өлкөнүн түндүк-чыгышында жайгашкан. Шалбаа өлкөнүн аймагынын 7,5%ин, саз 4,8%ин ээлейт. Өлкөдө жалпысынан экологиялык кырдаал негизинен канааттандыраарлык. Ага атмосферага кошулган булганыч заттардын азайышы (1990-жылдан 58,2%ке төмөндөгөн), өнөр жай ишканаларынын азайышы, табиятка болгон таасирдин төмөндөшү, тазалоочу курулмалардын технологиясынын жаңыланышы өбөлгө түздү. Коргоого алынган аймак Л-нын аянтынын 11%ин ээлеп, 3 улуттук паркты (Гауя, Кемери, Слитере), 5 табият коругун (Грини, Крусткалны, Морицсала, Тейчи, Энгурес көлү), 22 табият паркын, 211 корукчаны (ихтиол., куну, аңчылык), 1 биосфералык резерватты, 91 бак-даракпарк искусство объектисин, эл аралык маанидеги 6 суу-саздуу жерди камтыйт.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөдө латыштар 59,3% (1989-жылкы эл каттоо боюнча 52,5%), орустар 27,8% (34,0%), беларустар 3,6%, украиндер 2,5%, поляктар 2,4%, литвалыктар 1,3%, еврейлер 0,4%. Төрөлүүнүн азайышынан (2008-ж. 1000 адамга 10,6 бала; 1991-ж. 1000 адамга 13,0 бала) жана өлүм-житимдин бир аз өсүүсүнөн (2008-ж. 13,7, 1991-ж. 13,1 адам) калктын табигый өсүүсү бир аз басаңдады. 1960–90-жылдары СССРдин башка республикаларынан келгендер Латвиянын калкынын жылдык өсүүсүнүн жарымына жакынын түзгөн (миграция сальдосу 1960-ж. 1000 тургунга 9,2 адам, 1985-ж. 4,7 адам). 1990–2000-ж. иммигранттардын ичинен АКШ, Канада, Австралия, Швециядан келген этностук латыштар басымдуулук кылган. Өмүрдүн орточо узактыгы эркектердики 66,7, аялдардыкы 77,4 жаш. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 35,0 адам туура келет. Шаар калкы 68% (2009). Ири шаарлары: Рига, Даугавпилс, Лиепая, Елгава, Юрмала, Вентспилс, Резекне, Валмиера, Екабпилс. Өлкөнүн экономикасында калктын 1,12 млну эмгектенет (2009), анын 63%тен ашыгы тейлөө чөйрөсүнө, 29%ке жакыны өнөр жай менен курулушка, 8%и айыл чарбасына туура келет. Латвиянын калкынын 22,7%и католиктер, 20,3%и протестанттар, 16%тен ашыгы православныйлар.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Латвия аймагында адамдардын пайда болушу жөнүндөгү байыркы археологиялык маалыматтар мезолит дооруна (биздин заманга чейин 9–4-миң жылдык) таандык. 9-кылымда Латвия аймагын балт уруулары (латгал, сел, земгал, куршей жана башка), ошондой эле финнугор топтору – ливдер, скандинавдар жана славян уруулары мекендеп, мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишкен. 10-кылымда Латвияда феодалдык мамилелер чыңдалган. Соода менен кол өнөрчүлүк өнүгүп, православие дини тараган. Межотне, Тервете, Ерсика, Кулдига, Лудза шаары соода жана кол өнөрчүлүк борборлоруна айланган. 12–13-кылымда Латвиянын алгачкы мамлекеттик түзүлүшү – Талава, Ерсика жана Кокнесе княздыктары пайда болгон. 12-кылымдын 2-жарымында Түндүк Германиядан көпөстөр, католик миссионерлери келип, Икшкилге Рим-католик чиркөөсүн уюштурган. 1202-ж. Кылыччандар ордени түзүлүп, Түндүк Германиядан келген кресттүүлөр менен бирге Чыгыш Прибалтика аймактарын каратып, католик динин киргизген. 13-кылымдын 30-жылдары латыштар менен литвалыктар Кылыччандар орденинин жоокерлерине бир нече жолу сокку урушуп, 1236-ж. Саулдун алдындагы (азыркы Шяуляй) салгылашта Кылыччандар ордени талкаланган. 1237-ж. Кылыччандар орденинин калдыгы Тевтон ордени менен биригип, Балтика боюнда Ливон орденин түзгөндөн кийин немис феодалдары басып алган. Латвия аймагы 13-кылымдын 2-жарымынан 1561-жылга чейин Ливон орденинин курамында калган. Ливон согушундагы (1558–83) орус аскерлеринин ийгиликтери немистердин Ливон орденинин кулашына (1561) алып келген. 1562-ж. ригалык архиепископтордун аймактары Задвин герцогуна, Ливон орденинин жерлери Курляндия герцогуна кошулган. 1600–29-ж. Польша менен Швециянын ортосундагы согуштун натыйжасында Латвиянын Задвин герцогдугу (түндүк бөлүгү) Рига менен кошо Швецияга өткөн. 17-кылымдын 2-жарымынан Латвияга орустар отурукташа баштаган. Түндүк согушунда (1700–21) орус аскерлери Риганы жана Видземди басып алган. 18-кылымдын аягында Латвиянын бүт аймагы Россияга кошулган. Латвиянын деңиз жээгинде жайгашуусу анын Россиянын базары менен тыгыз байланышын чыңдап, экономикасын өркүндөтүүгө оңтойлуу шарт түзгөн. 19-кылымдын ортосунда өнөр жай төңкөрүшү болуп, Латвияда капитализм өнүгө баштаган. 1860-ж. Петербург-Варшава темир жол линиясында биринчи темир жол салынып, Латвия менен Россиянын ортосундагы өнөр жай жана айыл чарба чөйрөсүндөгү байланышты бекемдеген. Рига Латвиянын негизги өнөр жай жана соода борбору болуп, өнөр жай өндүрүшүнүн 70%и жайгашкан. Латвия аймагындагы өнөр жайдын өнүгүшүнө Россиядан тышкары германиялык капитал да негизги ролду ойногон. 1850–60-жылдары шаардык жана айылдык буржуазиянын кызыкчылыктарын коргогон Жаш латыштардын улуттук либералдык кыймылы түзүлгөн. Анын өкүлдөрү К. Вальдемар, К. Биезбардис, Ю. Алунан, К. Барон жана башка крепостнойлук укукту жоюу, Россияга экономикалык жана саясий жактан багыт алуу жана башка маселелерди көтөрүшкөн. Прибалтика провинцияларында социал-демократтардын таасири күчтүү болгон. 1904-ж. Латыш социал-демократиялык жумушчу партиясы түзүлүп, РСДРПге кошулган. Латвиянын жумушчулары 1905–07-жылдардагы революцияга активдүү катышкан. 1-дүйнөлүк согуш (1914–18) мезгилинде Латвия аймагын германиялык аскерлер басып алып, көптөгөн райондорун талкалаган. Натыйжада Курляндия менен Лифляндиядан 800 миң киши, 395 өнөр жай ишканалары Россиянын ички аймактарына көчүрүлгөн. 1915–16-ж. россиялык армиянын курамында улуттук Латыш аскер бөлүкчөлөрү түзүлүп, Прибалтикадагы согушка активдүү катышкан. 1917-жылдагы Февраль революциясында Латвияда кош бийлик орногон. Революциялык кыймылды күч менен басууга мүмкүн болбогондуктан, генерал Л. Г. Корнилов башында турган Убактылуу өкмөттүн аскерлери 1917-ж. 21- августта Риганы немис аскерлерине өткөрүп берген. Петроградда Октябрь революциясы жеңгенден кийин (1917) Латвиянын немистер басып албаган аймактарында Совет бийлиги орноп, помещиктик жерлерди конфискациялоо, 8 сааттык жумуш күнүн киргизүү жана башка жөнүндө мыйзамдар кабыл алынган. 1918-ж. февралда немистер Латвияны бүтүндөй басып алып, бардык революциялык кайра түзүүлөрдү жойгон. 18-ноябрда Антантанын колдоосу менен К. Ульманис башында турган Латвиянын убактылуу улуттук өкмөтү уюшулуп, көз каранды эмес Латвия республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Буга жооп катары 1918-ж. 17-декабрда П. И. Стручка жетектеген Убактылуу совет өкмөтү түзүлүп, Латвиядагы бардык бийликти советке өткөрүп берүү жөнүндө жарыя кылган. 1918-ж. 22-декабрда РСФСР ЭКС Советтик Латвияны көз карандысыз деп тааныган. 1919-ж. январдын аягында Латвиянын дээрлик бүт аймагы баскынчылардан бошотулган. 1919-ж. январда Ригада Советтердин Бүткүл Латвиялык 1-съезди болуп, Латвия Социалистик Советтик Республика (ЛССР) деп жарыяланган. 1920-ж. Ригада РСФСР менен Латвиянын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлуп, РСФСР алгачкылардан болуп Латвия Республикасын өз алдынча мамлекет деп тааныган. Келишимдин негизинде россия-латвиялык чек ара аныкталган. 1922-ж. Улуттар Лигасына кабыл алынган. 1922-ж. 15-февралда Конституциясы кабыл алынып, Латвия демократиялык республика деп жарыяланган.

1929–33-ж. дүйнөлүк экономикалык кризистин шарттарында Латвияда ички саясий абал курчуган. Өнөр жай өнүгүшү токтоп, жумушсуздардын саны өскөн. 1934-ж. премьер-министр К. Ульманис аскер бөлүктөрүнө таянып, мамлекеттик төңкөрүш жасаган (1936-ж. ал президенттик орунду ээлеген), өлкөгө аскердик абал киргизилген (1938-ж. чейин сакталган). К. Ульманис конституцияны жоюп, бардык саясий партияларга тыюу салып, спорттук жана маданий коомдорду, жумушчу жана профсоюз уюмдарын талкалаган. Улуттук мектептерди жаап, латгалдарды толугу менен ассимиляциялоо курсу жүргүзүлгөн. Бийликтин саясаты элдин нааразычылыгын күчөткөн. 1939-ж. ЛКП менен Латвия Социалистик жумушчу-дыйкан партиясы Бирдиктүү элдик фронтко биригип, К. Ульманисттин авторитардык режимине каршы күрөшкөн. 1930-жылдары Латвия менен СССР, Литва, Эстония жана башка мамлекеттердин ортосунда достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишимине кол коюлган. 1940-ж. 21-июлда СССРдин күчү менен К. Ульманистин өкмөтү отставкага кеткен. 1940-ж. 21- июлда элдик сейм Латвияда совет бийлигин калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алып, Латвия Социалистик Советтик Республика (ЛССР) деп жарыяланган. 1940-ж. 5-августта ЛССР СССРдин курамына кирген. Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) убагында 1941-ж. германиялык аскерлер Латвияга кол салып, 1-июлда Риганы, 8-июлда бардык аймагын басып алган. Оккупациялык бийлик 1941-ж. 18– 19-августта Латвиянын бардык мамлекеттик ишканаларын жана жерлерин германиялык мамлекеттин менчиги деп эсептеп, немис тилин мамлекеттик тил деп жарыялаган. Латыштардын айрымдары Совет бийлигине каршы чыгып, германиялык күчтөргө кошулса, экинчилери фашисттик күчтөргө каршы партизандык топторду уюштурган. 1945-ж. Латвия германиялык баскынчылардан толук бошотулган. Согуш Латвиянын экономикасына терс таасирин тийгизип, демографиялык абалын начарлаткан. Согуштан кийин советтик элдердин жардамы менен Латвиянын экономикасы калыбына келтирилген. 1950–80-жылдарда Латвия ири экономикалык ийгиликтерге жетишкен. 1970-жылдары латыштар менен орустардын ортосунда улутчулдук карама-каршылыктар пайда болуп, 1987-ж. оппозициянын нааразычылык акциялары башталган. ММКда сталиндик репрессиялар сындалып, латыштардын депортацияланышы жана башка маселелер ачык айтыла баштаган. 1988-ж. 10-июлда Ригада Латвия улуттук көз карандысыздыгы үчүн кыймыл (лидери Э. Берклав) негизделген, анын максаты 1918-жылдагы Латвия Республикасынын үлгүсүн калыбына келтирүү болгон. 1988-ж. 9-октябрда Латвиянын эгемендүүлүгүн жана латыш элинин руханий кайра жаралуусун калыптандыруу үчүн Латвия элдик фронту (төрагасы Д. Иванс, уюмдун 90%ин латыштар түзгөн) түзүлгөн. 1989-ж. Мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндө декларация кабыл алынып, латыш тилине мамлекеттик тил статусу берилген. 1990-ж. 15-февралда мамлекеттик символдору – желек, герб жана гимни кабыл алынган. 1991-ж. 21-августта Латвиянын көз карандысыздыгы жарыяланып, аны РСФСР, ЕСке мүчө болгон өлкөлөр, СССР тааныган. 1991- жылдан ЕККУга, БУУга мүчө. 1993-ж. улуттук валюта – лат киргизилген.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ИДПнин көлөмү 38,9 млрд доллар (2008); аны киши башына бөлүштүргөндө 17,3 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,866 (дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 48-орунда). ИДПде тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 74,3%, өнөр жай менен курулуштуку 22,6%, айыл жана балык чарбаларыныкы 3,1%. Эркин экономикалык зоналары уюшулган, алар: Рига, Вентспилс эркин порттору, Лиепая, Резекне атайын экономикалык зоналары. Тамак-аш, жыгач иштетүү, химия-фармацевтика, ошондой эле экспортко багытталган жеңил өнөр жай өнүккөн. Отун ресурстары (чым көңдөн башка) дээрлик жокко эсе; рапстан биоотун өндүрөт. Отун-энергетика ресурстарын (анын ичинде табигый газ, нефть жана күйүүчү-майлоочу материалдарды) бүт Россиядан алат. 2008-ж. 3,2 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; ал электр энергияга болгон ички муктаждыктын жарымынан ашыгын камсыз кылат. Электр энергиясынын 1/2 инен ашыгы ГЭСтен (Даугава дарысындагы ГЭС каскады: Плявиньск (кубаттуулугу 825 миң кВт.с), Рига (385 миң кВт.с), Кегумс (68 кВт.с)), калганы ЖЭСтен өндүрүлөт. Шамалдан энергия алуучу курулмалары да бар. Лиепая металлургия заводу импорттук чоюндан жана металл сыныктарынан болот жана прокат даярдайт; машина куруу өнөр жай мурда электр поездин, электржана радиотехникалык продукцияларын чыгарса, алар кескин кыскарып, азыр Рига кеме куруу, Даугавпилс туташтыргыч чынжыр жана Резекне электр аспап заводдору, Ригадагы байланыш техникаларын жана каражаттарын, электр жабдууларын чыгаруучу ишканалар иштейт. Химия өнөр жайынын башкы ишканасы – «Dzintars» парфюмерия-косметика фабрикасы (Рига). Башка өнөр жай ишканалары: дары-дармек өндүрүүчү жана таңуучу (Рига, Олайне), айнек-була заводдору (Валмиера), курулуш материалдары ишканалары (цемент, темир-бетон, кыш, карапа тактасы, черепица), жыгач иштетүү (жыгач даярдоодон даяр продукцияларды – фанера, кагаз, эмерек жана башка чыгарууга чейин). Жеңил өнөр жай продукциясынын 80%ке жакыны (кездеме, кийим, бут кийим) экспортко чыгарылат. Тамак-аш өнөр жай негизинен сүт, эт, балыкты кайра иштетүүгө адистешкен. Алкоголь ичимдиктерин (анын ичинде «Рига бальзамы»), пиво чыгаруу илгертен өнүккөн; ошондой эле шире, лимонад, минералдуу суу, кондитер продуктулары даярдалат. Айыл чарбага жарактуу жери 2,4 млн га (2007), анын 73%и айдоо, 17%и жайыт, 9%и чабынды, 1%и бак-дарак жана огород. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк агр. продукциянын 57,9%ин камсыз кылат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: буудай, арпа. Техникалык өсүмдүктөрдөн рапстын мааниси зор, ошондой эле картөшкө, жашылча, гүл өстүрүлөт. Мал чарбасынын негизги тармактары – сүт багытындагы мал жана чочко чарбалары. Балык уулоо өнүккөн (2008-ж. 156,9 миң тонна балык кармалган). Токой чарбасы өнүгүүдө (токой Латвиянын аймагынын 60%ке жакын аянтын ээлейт); жыгач ресурсунун жалпы көлөмү 546 млн м3. Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүп жаткан сектору. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү: транспорттук тейлөө, банк-финансы иштери, телекоммуникация сектору. Латвияда туризмди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар бар, алар – маданий-таанып билүү (арх-ратарыхый эстеликтер көп), спорттук-ден соолукту чыңдоочу жана рекреациялык (Рига булуңунун жээгиндеги курорттук зонадагы дары баткактар, минералдуу суулар; Латгаленин рекреациялык потенциалы зор) объектилер. 20-кылымдын 2- жарымында рекреациялык жана курорттук ири чарба түзүлгөн (эң белгилүү курорттору: Балдоне, Кемери, Лиепая, Цесис). Латвиянын аймагы аркылуу Россия жана башка КМШ өлкөлөрүн Батыш Европа өлкөлөрү менен байланыштырган транзиттик транспорт коридору өтөт. Темир жолунун узундугу 2230 км, анын 257 кми электрлештирилген. Автомобиль жолунуку 69,7 миң км; Латвиянын маанилүү автомобиль магистралы – эл аралык «Via Baltika» (Варшава – Каунас – Рига – Таллин) трассасынын бир бөлүгү. Куур транспорту өнүккөн. Газ куурунун узундугу 1237 км, нефть куурунун 82 км, нефть продукту кууру 417 км. Сырткы соода жана транзиттик жүктөрдүн басымдуу бөлүгү деңиз транспорту аркылуу ташылат. Деңиз соода флоту 22 кемени камтыйт; 118 кемеси башка өлкөлөрдүн желеги менен жүрөт. Он деңиз порту бар, алардын эң маанилүүлөрү: Рига, Вентспилс, Лиепая, ошондой эле 7 чакан порту иштейт. Ички суу жолунун узундугу 300 км; Лиелупе, Даугава, Вента дарыясы аркылуу кеме жүрөт. Рига менен Юрмаланы байланыштыруучу (Лиелупе дарыясы жана Рига булуңу аркылуу) жүргүнчү ташуучу туруктуу кеме катнашы бар. Эл аралык аэропорттору – Рига менен Лиепаяда. Экспортко жыгач жана андан жасалган продукцияларын (сомо жыгач, таарынды материалдарын, фанера, картон, кагаз), текстиль, металлургия, машина куруу өнөр жай продукцияларын, ошондой эле азык түлүк чыгарып, сырттан машина жана жабдууларды, нефть жана анын продуктуларын, химия, металлургия өнөр жай продукцияларын, транспорт каражаттарын жана башка алат. Сырткы соодасынын жалпы көлөмүнүн 75%ке жакыны Европа союзуна, 15%тен ашыгы КМШ өлкөлөрүнө туура келет (2008). Эң ири соода шериктештери: Литва, Эстония, Россия, Германия, ошондой эле Польша, Швеция, Дания, Финляндия, Улуу Британия.

Билим берүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Билим берүү жөнүндө» (1998), «Илимий ишмердик жөнүндө» (2012) жана башка мыйзамдар аркылуу жөнгө салынат. Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто, кесиптик жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 99,8%ти түзөт (2008). Ири ЖОЖдору Рига шаарында жайгашкан. 472 илимий мекеме, 864 китепкана, 127 музей иштейт (2008).

Массалык-маалымат каражаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Latvijas vestnesis», «Diena», «Rigas Вalss», «Latvijas Avise» жана башка гезиттери латыш тилинде, «Телеграф», «Вести сегодня», «Деловые вести», «Наука и жизнь», «Вести» жана башка гезиттери орус тилинде чыгат. Радиоуктуруу 1925-жылдан, телекөрсөтүү 1954-жылдан иштейт, 4 мамлекеттик, 20 мамлекеттик эмес радиостанция, мамлекеттик эки телеканал (LTV-1, LTV-7) жана бир нече менчик телеканалдар, ошондой эле «LETA» улуттук маалымат агенттиги бар.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Латыш адабияты негизинен латыш тилинде өнүгүүдө. Латыш тилиндеги алгачкы жазма тексттер (16-кылым) диний китептердин котормолору болгон. Реформация жана Контрреформация латыш тилиндеги (1525-ж.; латыш тилиндеги сакталып калган биринчи китеп – немис иезуити Петр Канизийдин католиктик катехизиси, 1585) китеп басып чыгаруунун жайылышына түрткү болгон. Биринчи басмакана Ригада 1588-ж. негизделген. Латыш диний прозасынын негиздөөчүсү деп латыш барокко адабиятынын эстелиги – «Латыш үгүттөрүнүн көп күттүргөн жыйнагынын» (1654) автору, ошондой эле биринчи немис-латыш сөздүгүнүн («Lettustun» 1638) түзүүчүсү немец Г. Манцель эсептелет. Акындар Я. Руген менен А. Ливенталдын, жазуучулар Э. Динсбергис менен А. Лейтандын чыглыгы 19-кылымдын 1-жарымындагы адабиятта көрүнүктүү орунга ээ болгон. Улуттук драматургиянын калыптанышы актёр, режиссёр жана драматург А. Алунандын чыгармачылыгы («Олдоксон», 1869; «Челекчи менен челекчи аял», 1872; «Жон Нейланд», 1881, комедиялары) менен байланыштуу. 19–20-кылымдын аралыгында латыш адабият таануусу: адабият теориясы, сыны жана тарыхы (М. Вольтер, Т. Зейферт, В. Плудонис, Я. Янсон-Браун ) пайда болот. 1950–60-жылдары акындар И. Аузиньш, И. Зиедонис, М. Чаклайс; драматургдар Х. Гулбис, П. Петерсон, Г. Приеде жана башка келет. Жанрдык кенен диапазон жана турмушту ар кыл деңгээлде символдоштуруу О. Вациетистин поэзиясына мүнөздүү («Алыскы сапар шамалы», 1956; «Дем», 1966 жыйнактары; «Рояль үчүн концерт» поэмасы, 1971 жана башка). 1970–80-жылдарда Латвия адабиятына акындардын жаңы мууну келип кошулат: А. Айзпуриете, У. Берзиньш, Ю. Гелдс, М. Залите, Ю. Куннос, М. Мелгалвис, А. Нейбартс, Я. Рокпелнис жана башка Проза (М. Зариньштын постмодернисттик романдары) жана драматургия (П. Путниньш, Я. Юрканс, Л. Стумбре, А. Гейкинс жана башка) өнүккөн. Эгемендикти калыбына келтирүү үчүн күрөштүн жана кайра түзүлгөн Латвия Республикасынын алгачкы жылдарында (1980-жылдардын акыры – 1990-жылдардын башы) латыш адабияты «жаңы прозаны» (П. Банковскис, Я. Веверис, М. Зелменис, А. Колманис жана башка) издөө аракети менен белгилүү. 1990-жылдардагы латыш адабиятына латыш эмигрант-жазуучуларынын (Л. Берзиньш, И. Гребзде, И. Губиня, Г. Зариньш, В. Зэпс, А. Иваска, В. Карклиньш, В. Краславиетис, К. Лесиньш, Р. Мукс, Л. Таунс, Э. Фрейманис, Андрей жана Аншлав Эглиттер жана башка) чыгармачылыгы кошулат. 20-кылымдын башында аңгеме (М. Апель, П. Апшиникс, Н. Ранцан, К. Строд-Пленциник), адабий жомок (Наайзмиерстуле), роман (В. Луоцс-Вайдеанс «Жашоо күндөрү», 1939), очерк, новелла жанрлары өз ордун ээлейт; драматургия (К. Даугуленин «Өртү», 1912, биринчи латгаль пьесасы; О. Рупайнистин комедиялары) өнүгөт. Латгаль тилиндеги биринчи ыр жыйнак чыгат – Ю. Паберзанын «Жаз үндөрү» (1913). Согуштан кийин латгаль адабиятынын борбору эмиграцияга – Германияга (акын А. Спогис) жана АКШга (новеллачы Е. Лелис, драматург А. Рубенис жана башка) оогон. Заманбап латгаль адабиятынын жаңы багыттары О. Сейкстс менен В. Лукашевич өңдүү авторлош иштешкен постмодернисттердин чыглыгында («Күнгө кактанган Сэппуку» ырлар жыйнагы, 1995; «Валерьяндын өмүрү жана көз караштары» романы, 1996), Л. Рунданенин, Ю. Рыучанстын, И. Тарауданын поэзиясынан орун алган. 20-кылымдын 2-жарымында – 21-кылымдын башында А. Гаррос, Н. Гуданц, Р. Добровенский, А. Левкин, С. Пичугин жана башка прозасы; Л. Азаровы, В. Ермолаева, О. Ленцой, А. Пунтен, Л. Романенко, Д. Сумароков, С. Тимофеев, Л. Черевичник, С. Ханин жана башка поэзия менен алектенишкен.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта Латвия аймагында бекемделген конуштар (пилскалндар) балт жана финн-угор топторуна байланыштуу кооздуктардын түрлөрү пайда болгон. 12-кылымдын аягы – 13-кылымдын башында жыгачтан православие чиркөөлөрү курулган. 14-кылымда европалык роман стилиндеги коргонуу жана чиркөө имараттары басымдуулук кылган. Орто кылымда көркөм сүрөт искусствосу Батыш Европа искусствосу менен тыгыз өз ара байланышта таш, жыгач скульптура өнүккөн. Латвия шаар архитектурасы поляк жана нидерланд зодчийлигинин таасиринде өнүксө, 17-кылымдын аягында Польша менен Түндүк Европадан барокконун формалары таралган. Прибалтиканын Россияга кошулушу менен Латвия архитектурасынын таасири күчөгөн (Б. Ф. Растрелли). 18- кылымда курулуш өнөрүнө рококо стилинин элементтери кире баштаган. 18-кылымдын 2-жарымында Латвияда классицизм калыптана баштаган. Совет бийлиги орноп, фашисттик баскынчылар куулгандан кийин шаар, кыштактар пландуу түрдө курула баштаган. 1940-жылга чейин эклектикалык кооздоо өнөрү күчөгөн. 1955-жылдан типтүү долбоор боюнча темир-бетон жана кыш имараттар советтик неоклассицизм стилинде (Ригадагы Л. ИАнын бийик имараты, арх. О. Тилманс) курула баштаган. 1970–80-жылдарда Ригадагы конгресс үйү (1982, арх. Ю. Гертманис, В. Кадырков), Вентспилстеги «Юрас варты» (1977, арх. В. Вавулс, О. Домбровскис) маданият үйү курулган. Латвия архитекторлорунун долбоорлору менен Москвада коомдук имараттар (метрополитендин «Рижская» станциясы, 1958, арх. В. Апситис жана башка) жана турак үйлөр салынган. 13–19-кылымда Латвияда көркөм сүрөт искусствосу негизинен Батыш Европанын искусствосу менен эриш-аркак өнүккөн. 13-кылымдан адегенде роман, анан готика искусствосунун нугунда таш скульптуралар пайда болгон. Готикадан бароккого өткөн кезде жасалган рельефтерде маньеризм өкүм сүргөн. 1900–10-ж. графика өнүккөн. Жасалга өнөрүнө негиз салган Я. Куга, Ю. Мадерниек эмгектенишкен. Латыш сүрөтчүлөрүнүн көбү Ригадагы сүрөт академиясынан таалим алган. Совет доорунда реалисттик салты улантылган, 1920–30-жылдарда живописте, лирикалык-романтикалык дүйнө таанымга көңүл бурулуп, пейзаж (В. Пурвитис), натюрморт (Л. Свемпс), жанрдык сүрөт (Я. Лиепиньш) портрет (Я. Тимбергс) тартуу өнүккөн. Согуштан кийинки турмуш К. Мнесниек, Я. Розенталс. Ырчы М. Вигнере-Гринбергдин портрети. 1916. Латвия улуттук көркөм сүрөт музейи. Рига. Г. Элиас, А. Скриде, А. Эгле, П. Упитис, Г. Вилкс жана башка сүрөтчүлөрдүн чыгармаларында чагылдырган. Бир нече скульптуралык монументтер жаралган (Саласпилстеги мемориалдык ансамбль, 1961–67), скульптуралык портрет өнүккөн (Л. Давыдова-Медене, М. Ланге). 20-кылымдын аягындагы искусство жанрынын ар түрдүүлүгү менен мүнөздөлөт: абстракттык живопись (Э. Илтнерс, О. Аболс), гиперреализм (Я. Осис, Л. Пурмале, А. Станкевиц), сюрреализм (М. Табака), акционизм (И. Блумбергс) багыттарында чыгармалар пайда болгон. 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында Иецавадагы костёл (1997–2007), Даугавпилстеги Ыйык Александр Невский чакан чиркөөсү (1999–2002), Саласпилстеги Ыйык Георгий чиркөөсү (2008-ж. курула башталган) жана башка имараттар курулган.

Музыкасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Латыштардын элдик музыкасынын негизги жанрлары – эмгек, мезгилдин салтсанаа, лирика, юмор, бий, ырлар. Элдик музыкалык аспаптары: кокле (сыбызгы сымал), дига, скрипка, стабуле, тауре, ажаргс (үйлөмө); тридексникс эглите (урма) жана башка 16-кылымдын аягында чиркөө ырлары биринчи ирет нотага түшүрүлгөн. 18- кылымда Ригада орган музыкасы кыйла өнүккөн. 1760-ж. Рига музыкалык коому уюшулуп, ал симфониялык концерттер берген. 1782-ж. туруктуу опера труппасы бар шаардык немис театры ачылган (анда 1837–39-ж. Р. Вагнер дирижёрлук кылган). 19-кылымдын 2-жарымында хор музыкасы кеңири тараган. Улуттук композиторлор мектеби хор жана орган музыкасынын негизинде түзүлгөн. Я. Витолс, А. Юрьянс, Э. Вигнерс жана башка алгачкы латыш композиторлору болушкан. 20-кылымдын башында музыкалык маданияттын өнүгүшүнө А. Калниньш, Э. Мелнгайлис, Э. Дарзиньш кыйла таасир тийгизген. Латвиянын музыкалык турмушундагы маанилүү окуя 1917–19-ж. латыш аткычтарынын оркестрлеринин түзүлүшү болгон. 1920-ж. биринчи улуттук опера (А. Калниньш, «Банюта») коюлган. Латвия консерваториясы (1919) латыш улуттук музыкасынын өнүгүшү үчүн зор мааниге ээ болгон. 1940–41-ж. Латвия опера жана балет театры, 1941-ж. мамлекеттик филармония уюшулган. Музыкалык чыгармалар, изилдөөлөр «Латыш музыкасы» жыйнагына (1958-жылдан) жарыяланып турат. Латвия симфониялык музыкасына симфониячы композитор Я. Иванов зор салым кошкон. Опера жанрында көптөгөн чыгармалар жаралган: М. Зариньш, «Жаңы жээкке» (1955), «Жашыл тегирмен» (1958); А. Скулте, «Каныша кыз Гундега» (1971); И. Калниньш, «Ифигения Авлидада» (1982); Я. Лусенс, «Чымчык операсы» (2000) жана башка.

Театры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Латвия алгачкы театр 18-кылымдын 2-жарымында пайда болуп, 19-кылымда немис жана орус театр өнөрүнүн таасиринде өнүккөн. 1930-ж. Ригада жана башка шаарларда театрлар, Мамлекеттик Куурчак театры (1944) ачылган. 1960-жылдары жаңы муундагы режиссёрлор (А. Яунушанс, А. Я. Шапиро жана башка), 1990-жылдары постмодернизмге таянган режиссёрлор (Ж. Ж. Жилинжер, Г. Шмите) жана башка чыккан. 1995-жылдан Рига жана Даугавпилсте эл аралык «Ноmо Novus», 1998-жылдан «Homo Alibi» фестивалдары өткөрүлөт (2 жылда бир жолу).

Балети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи балеттик труппа 1782-ж. пайда болгон. Артисттер менен балетмейстерлер чет өлкөдөн чакырылып турган. Улуттук балеттин келип чыгышы 1912-ж. Ригада ачылган «Латыш операсы» театры менен байланыштуу. 1919-ж. анын базасында опера жана балет театры түзүлгөн. Балет труппасын В. Комисарс жетектеген. 1935-ж. биринчи латыш балети Я. Мединьштин «Сүйүүнүн жеңиши» коюлган. 1932- жылдан театрда балет мектеби (1948-жылдан Рига хореография окуу жайы) иштеген. Е. Чанги койгон спектаклдер Латвия хореографиясынын алтын фондусунан орун алган. Балет искусствосуна салым кошкон өнөрпоздор: хореографтар – И. Строде, А. Лембергс; артисттер – В. Вильциня, И. Гинтере, И. Каруле, И. Думпе, В. Янсонс жана башка.

Киносу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Латвия киносу 1910-ж. башталган. Адеп хроникалык, документ кинофильмдер тартылып, Лиепая шаары жөнүндөгү репортажды оператор Э. К. Тиссе тарткан (1913). Эң алгачкы тартылган көркөм фильми «Чындык кайда?» (1913). 1939-ж. В. Лацистин романы боюнча тартылган «Балыкчынын уулу» фильми кино чеберлеринин ири табылгасы болгон. 1940-ж. Ригада көркөм жана документ фильмдер киностудиялары уюшулуп, 1948-ж. Рига киностудиясына бириккен. «Каугур көтөрүлүшү» деген биринчи советтик латыш фильми тартылган (1941). 1970–80- жылдарда көптөгөн олуттуу фильмдер пайда болгон: «Оюн», 1981, «Дан куурай талаасы», 1984 – А. Криевс; «Менин үй-бүлөм», 1982 – П. Криловс жана башка Стрейчтин «Театр» жана Бренчтин «Дөбөлөрдөгү узак жол» («Долгая дорога в дюнах», 1980–81, СССРдин мамлекеттик сыйлыгы 1983), «Закым» (1983) жана башка фильмдери СССРде өзгөчө белгилүү болгон. 1990-ж. кино өндүрүшүн кескин кыскарса да, Стрейчтин «Адам баласы» (1991) жана «Тагдыр тегирмени» (1997); Фрейманистин «Уя» (1995) фильмдери тартылган. 2000- жылдардагы эң жакшы кинофильмдери: В. Кайриштин «Жолдо кетип баратып» (2001), У. Цельманын «Алакандагы патрон» (2002), Ю. Пошкустун «Монотондуулук» (2007). Латвиянын кино искусствосунун өнүгүшүнө реж. – П. Н. Арманд, У. Браун, А. Фреманис, Л. Лейманис, И. В. Масс, К. Пиесис; актёрлор – В. Артмане, Я. Грантинь, В. Зандбергс, Х. Лиепинь, Э. Павулс, Д. Ритенберг, Г. Цилинский жана башка чоң салым кошушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7


  1. База данных Центрального статистического бюро Латвии (англ.) Архивированная копия(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 25 -декабрь (бештин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 28 -июнь (кулжа) 2013.