Курчатовий

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Курчатовий (латынча Kurchatovium), Ku — элементтердин мезгилдик системасынын IV тобундагы жасалма жол менен алынган, радиоактивдүү химиялык элемент. Атомдук номери 104. Туруктуу изотобу жок, массалык саны 255—262 болгон кыска мөөнөт жашаган 10 изотобу белгилүү. Салыштырмалуу узак убакыт туруктуу изотобу Ku261. Окистенүү даражасы+4. Kурчатовийдин изотоптору Pb, Pu, Cm, Cf элементтерин титан, кычкылтек, азот, көмүртек иондору менен узакка нурлантуудан алынат. 1964-жылы орус окумуштуусу Г. Н. Флертов плутонийди ылдамдатылган неон иондору менен нурлантуудан алып, аны И. В. Курчатовдун атынан атаган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]