Атомдук радиус

Википедия дан

Атомдук радиус – атомдор өлчөмүн, мол-лар жана кристаллдагы атомдор (ядролор) ортосундагы аралыкта болжолдоп, ченөөгө мүмкүндүк берүүчү мүнөздөмө. Ал ангстрем (А0) менен туюнтулат. (1А0=10-8 см). Кристаллдын ички түзүлүшү жана тышкы формасы атомдор жана иондор радиустарына көз каранды. А. р. так аыктоо үчүн атомдор аралык аракет кылган хим. байланыштар өзгөчөлүктөрү эске алынат. А.р. металлдык жана коваленттик болуп бөлүнөт. Металлдык радиус үчүн элементтер кристаллдык түзүлүшүндөгү атомдун эң кыска аралыгынын жарымы алынат. Коваленттик радиус металл эместер мол-дагы бир байланышы узундугунун жарымына барабар (мис., хлор мол-сындагы Cl2 атомдору аралыгынын жарымы). Кристаллдык химияда мааниси өтө чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]