Борбор шаар
Борбор шаар — өлкөнүн негизги расмий шаары. Борбордо бийликтин жогорку органдары жайгашат:
- өлкө башчысынын резиденциясы (монархтын, президенттин);
- парламент
- министрликтер
- Жогорку сот
Булардын ичинен кээ бирлери башка шаарларда орун алышы мүмкүн.
Көбүнчө борбор өлкөнүн эң чоң шаары болот. Бирок ондогон өлкөлөрдө, бир же андан көп шаарлар мааниси жана көлөмү боюнча борбордон ашып кетишет.
Көп өлкөлөр борбор тандоо диллемасы менен жолугушкан. Бирок ал ар кандай чечилиши мүмкүн.
Кээде тең укуктуу эки расмий борбор да болушу мүмкүн — мисалы, империялык Австро-Венгрияда Вена менен Будапешт, Ливия падышалыгында Триполи менен Бенгази ж.б.у.с. Жапонияда Токио префектурасы борбор болуп саналат, ал болжол менен 50 өз алдынча аймактан турат.
Башка учурларда эки борбордук макам үчүн күрөшкөн шаарга эмес, үчүнчү шаарга берилип (керек болсо атайын «нөлдөн» баштап түзүлгөн) — мисалы, АКШдагы Вашингтон (Филадельфия менен Нью-Йорктун ортосунда өткөн шайлоодон кийин), ТАРдагы Претория (Йоханнесбург, Кейптаун), Канададагы Оттава (Торонто жана Монреал), Австралиядагы Канберра (Сидней жана Мельбурн), Бразилиядагы Бразилиа (Сан-Пауло жана Рио-де-Жанейро) жана башка ушул сыяктуу.
Административдик борбор — биринчи, экинчи жана үчүнчү баскычтагы шаар үчүн же башка административдик түзүлүштөрдү (облус, аймак, автономиялуу республика, провинция, штат, департамент) атоо үчүн колдонулат.
Убактылуу борборлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ар кандай учурларда өлкөлөрдө убактылуу борбор жарыялоолор болгон, ошондой эле ар кандай ой-пикир менен боорборду башка шаарга жылдыруулар болгон. Мисалы, акыркы жарым кылымда эле ондогон жаңы борборлор пайда болгон.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Европа борборлорунун рейтинги (2009): кимиси ири, кымбат жана таза Archived 2012-01-20 at the Wayback Machine
- Борборлор салыштырмасы Archived 2016-04-11 at the Wayback Machine
БУУга мүчө өлкөлөр: Амстердам • Андорра-Ла-Вилья • Анкара • Афины • Белград • Берлин • Берн • Братислава • Брюссель • Будапешт • Бухарест • Вадуц • Валлетта • Варшава • Ватикан • Вена • Вильнюс • Дублин • Загреб • Киев • Кишинёв • Копенгаген • Лиссабон • Лондон • Любляна • Люксембург • Мадрид • Минск • Монако • Москва • Нур-Султан • Осло • Париж • Прага • Рейкьявик • Рига • Рим • Сан-Марино • Сараево • Скопье • София • Стокгольм • Таллин • Тирана • Хельсинки • Цетине Башка аймактардын борборлору:
Гибралтар •
Дуглас •
Лонгйир •
Мальта сарайы •
Мариехамн •
Сент-Питер-Порт •
Сент-Хелиер •
Торсхавн •
Эпископи
|
БУУга мүчө өлкөлөр: Абу-Даби |
Амман |
Анкара |
Ашхабад |
Багдад |
Бакы |
Бандар-Сери-Бегаван |
Бангкок |
Бейрут |
Бишкек |
Вьентьян |
Дакка |
Дамаск |
Дили |
Доха |
Душанбе |
Жакарта |
Ереван |
Иерусалим |
Исламабад |
Кабул |
Катманду |
Куала-Лумпур |
Мале |
Манама |
Манила |
Маскат |
Москва |
Найпьидо |
Никосия |
Нур-Султан |
Нү-Дели |
Пекин |
Пномпень |
Путражайя |
Пхеньян |
Сана |
Сеул |
Сингапур |
Ташкен |
Тбилиси |
Тхимпху |
Тегеран |
Токио |
Улан-Баатыр |
Ханой |
Шри-Жаяварденепура-Котте |
Эл-Кувейт |
Эр-Рияд
|
|