Мазмунга өтүү

Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү

Википедия дан
Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүнүн схемасы
1. Бишкек шаары; 2. Баткен облусу‎; 3. Чүй облусу; 4. Жалал-Абад облусу; 5. Нарын облусу; 6. Ош облусу; 7. Талас облусу; 8. Ысык-Көл облусу; 9. Ош шаары

Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү ― бул натыйжалуу мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү башкарууну уюштуруу максаттарында аймактарды административдик-аймактык бирдиктерге бөлүштүрүү.

Административдик-аймактык бирдик ― бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар.

Аймактык бирдиктер ― мамлекеттик бийликтин же жергиликтүү башкаруунун органдары түзүлбөгөн калктуу конуштар жана атайын пайдалануу режиминдеги аймактар (коруктар, улуттук парктар, заказниктер, тарыхый эстеликтердин жана жаратылыш эстеликтеринин аймактары, коргонуу маанисиндеги аймактар жана башкалар).

Калктуу конуш ― жарандардын туруктуу жашоочу орду болуп эсептелген, жарандардын турмуш-тиричилигин камсыздоо үчүн зарыл керектүү турак жайы жана курулуштары, өзүнүн аталышы жана тийиштүү тартипте аныкталган аймактык чектери бар, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынган жана катталган Кыргызстандын аймагынын калк тыгыз отурукташкан бөлүгү. Калктуу конуштар шаардык жана айылдык болуп бөлүнөт.

Кыргызстанда 531 административдик-аймактык бирдик:

  • 7 облус;
  • 40 район;
  • 32 шаар (алардын ичинен 2 республикалык маанидеги шаар, 12 облустук маанидеги шаар, 18 райондук маанидеги шаар);
  • 452 айыл аймагы (бир же бир нече айылдан турат)[1][2].

Калктуу конуштардын категориялары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калктуу конуштардын категориялары ― мыйзамда белгиленген белгилүү макамга ээ болгон административдик-аймактык бирдиктердин жыйындысы.

Республикалык маанидеги шаар категориясына мамлекеттик өзгөчө мааниге ээ же өнүккөн өндүрүштүү жана социалдык инфратүзүмдүү, калкынын саны 250 миң адамдан кем болбогон республикалык маанидеги администрациялык, экономикалык же маданий борбор болуп саналган калктуу конуш киргизилиши мүмкүн. Мындай шаарларда жергиликтүү башкарууну уюштуруунун өзгөчө ыкмасы белгилениши мүмкүн. Жергиликтүү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары башка калктуу конуштардагы жергиликтүү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынан айырмаланышы ыктымал жана алардын мамлекеттик бийлик органдары менен мамилелери өзгөчө мүнөзгө ээ болот.

Республикалык маанидеги шаардын макамы мыйзам менен аныкталат.

Облустук маанидеги шаар категориясына административдик, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өнөржай ишканалары, коммуналдык чарбасы жана турак жай фонду бар, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 20 миңден кем болбогон калктуу конуш киргизилиши мүмкүн.

Райондук маанидеги шаар категориясына административдик, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмгө, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуш киргизилиши мүмкүн.

Шаар тибиндеги посёлоктордун категориясына аймагында экономикалык маанилүү объекттер (өнөржай ишканалары, курулуштар, темиржол станциялары ж.б.) жайгашкан, ошондой эле эгерде бул калктуу конуштар ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишсе, калкынын саны 2 миң адамдан кем болбосо, дарылык мааниге ээ жерлерде жайгашкан калктуу конуштар киргизилиши мүмкүн.

Өзгөчө учурларда калкынын саны азыраак, бирок административдик, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган жана андан аркы экономикалык өсүшү жана калкынын саны көбөйүшү жакынкы келечекте боло турган калктуу конуштар тийиштүү маанидеги шаарлар, шаар тибиндеги посёлоктор категориясына киргизилиши мүмкүн.

Айыл категориясына ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем болбогон, айыл чарба өндүрүшүндө алектенишкен жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрү калктын санынын жарымынан көбүн түзгөн калктуу конуштар киргизилиши мүмкүн. Айылдын курамында кыштактар жана конуштар уюштурулушу мүмкүн.

Өзгөчө учурларда алыс жана баруу кыйын болгон, калкынын саны аз конуштар айыл категориясына киргизилиши мүмкүн[2].

Биринчи деңгээлдеги адмистративдик-аймактык бирдиктер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Аталыш Туу, герб Административдик борбору Райондордун саны Туруктуу калк*

(1.01. 2021 карата)[3]

Аянты,

км²

Жыштыгы,

адам/км²

1 Бишкек шаары - 4** 1 074 075 170 6318
2 Ош шаары - жок 322 164 185 1741
3 Баткен облусу Баткен ш. 3 548 247 17 000 32
4 Жалал-Абад облусу Жалал-Абад ш. 8 1 260 617 33 700 37
5 Нарын облусу Нарын ш. 5 292 140 45 200 6
6 Ош облусу жок Ош ш. 7 1 391 649 29 200 47
7 Талас облусу Талас ш. 4 270 994 11 400 23
8 Чүй облусу Токмок ш. 8 974 984 20 200 48
9 Ысык-Көл облусу Каракол ш. 5 501 933 43 100 11
Жалпы 40 6 636 803 199 988 33
*Туруктуу калк ― каттоо учурунда убактылуу жок болгондорду кошкондо ушул аймакта туруктуу жашаган калк.

**Республикалык маанидеги шаарлардын райондору өз алдынча административдик-аймактык бирдиктер катары эсептелинбейт[2].

Бишкек шаары 4 районго бөлүнөт: Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов. Ленин районуна Чоң-Арык шаар тибиндеги посёлок жана Орто-Сай айылы баш ийет.

Ош шаарына 11 айыл баш ийет: Алмалык, Арек, Жапалак, Керме-Тоо, Кеңеш, Өзгүр, Орке, Пятилетка, Төлөйкөн, Тээке, Гүлбаартөлөйкөн[4].

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги административдик-аймактык бирдиктер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баткен облусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Негизги макала: Баткен облусу
Карта Аталыш Туу, герб Туруктуу калк
2021, адам[3]
Баш ийген
айыл аймактар, шаарлар жана шаар тибиндеги посёлоктор[5]
Айыл аймактарга жана шаарларга кирген айылдар
Баткен району жок 91 983 Ак-Сай айыл аймагы Ак-Сай а., Капчыгай а., Көк-Таш а., Миң-Булак а., Таштумшук а., Үч-Дөбө а.
Ак-Татыр айыл аймагы Ак-Татыр а., Говсувар а., Рават а.
Дарыя айыл аймагы Чек а., Жаңы-Жер а., Жаңырык а., Кайыңды а., Кан а., Коргон-Таш а.,Сары-Талаа а., Табылгы а., Тунук-Суу а.
Кара-Бак айыл аймагы Кара-Бак а., Бай Кара-Бак а., Достук а., Дөбө а., Зардалы а., Кызыл-Бел а., Чет-Кызыл а.,
Кара-Булак айыл аймагы Бужум а., Кара-Булак а.
Кыштут айыл аймагы Таян а., Газ а., Кыштут а., Сай а., Согмент а., Чарбак а.
Самаркандек айыл аймагы Самаркандек а., Жаңы-Бак а., Миң-Өрүк а., Паскы-Арык а.
Суу-Башы айыл аймагы Боз-Адыр а., Айгүл-Таш а., Апкан а., Бөжөй а., Кара-Токой а.
Төрт-Күл айыл аймагы Ак-Өтөк а., Ак-Турпак а., Зар-Таш а., Чоң-Гара а., Чоң-Талаа а.
Кадамжай району жок 201 457 Айдаркен шаары жок
Кадамжай шаары Пүлгөн а., Таш-Кыя а., Чал-Таш а.
Абсамат Масалиев айыл аймагы Кара-Дөбө а., Алыш а., Какыр а., Кожо а., Кон а., Лесхоз а., Олагыш а., Таш-Коргон а.
Ак-Турпак айыл аймагы Жаңы-Жер а., Ак-Турпак а., Жаш-Тилек а., Калача а., Кара-Тумшук а., Келечек а., Кызыл-Коргон а., Миң-Чынар а., Өрүкзар а., Өтүкчү а., Сары-Камыш а., Токой а., Чогорок а., Чоң-Кара а.
Алга айыл аймагы Алга а., Адыр а., Бөксө а., Жаңы-Чек а., Мыргылжек а., Шак-Шак а., Чуңкур-Кыштак а.
Бирлик айыл аймагы Ормош а., Бел а., Жал а., Жаңы-Коргон а., Жаңы-Сырт а., Кичи-Айдаркен а., Моло а., Сур а., Сырт а., Тескей а., Чечме а., Ынтымак а., Эшме а.
Көтөрмө айыл аймагы Кызыл-Булак а., Ак-Кыя а., Гайрат а., Жалгыз-Булак а., Кара-Оот а., Кара-Шоро а., Кескен-Таш а., Көтөрмө а., Тамаша а., Лангар а.
Кыргыз-Кыштак айыл аймагы Кыргыз-Кыштак а., Бүргөндү ОПХ а., Бүргөндү ПМК а., Кайтпас а., Кожо-Корум а.
Майдан айыл аймагы Кара-Жыгач а., Акимбек а., Аустан а., Бак а., Жаңы-Абад а., Исфайрам а., Кара-Дөбө а., Кара-Кыштак а., Кароол а., Кереге-Таш а., Майдан а., Пум а., Сары-Алтын а.
Айрыбаз айыл аймагы Айрыбаз а., Арпа-Сай а., Достук а., Көк-Талаа а., Маяк а., Пылдырак а.
Орозбеков айыл аймагы Орозбеков а., Кош-Дөбө а., Кудук а., Кулду а., Өндүрүш а., Сары-Талаа а., Учкун а.
Совет айыл аймагы Совет а.
Үч-Коргон айыл аймагы Үч-Коргон а., Боз а., Валакиш а., Какыр а., Калача а., Калтак а., Камбарабад а., Разьезд а., Сулайманабад а., Сухана а., Тажик-Кыштак а., Чаувай а.
Исхак-Полотхан айыл аймагы Жеңиш а., Баймаала а., Гүлдүрөмө а., Жаңы-Айыл а., Жошук а., Ирилеш а., Көк-Тал а., Курулуш а., Ак-Өргө а., Таш-Дөбө а., Ынтымак а., Чекелик а., Шады а.
Чаувай айыл аймагы Чаувай а.
Лейлек району
146 020 Раззаков шаары Голбо а., Самат а., Чимген а., Тайлан а., Ак-Босого а., Ак-Булак а.
Ак-Суу айыл аймагы Ак-Суу а., Алга а., Жезкен а., Жеңиш а., Суу-Башы а.
Бешкент айыл аймагы Бешкент а., Кайгарач а., Карл Маркс а., СССРдин 50 жылдыгы а., Эски-Оочу а.
Жаңы-Жер айыл аймагы Центральное а., Арка а., Достук а.
Катраң айыл аймагы Катраң а., Жаңы-Турмуш а., Өзгөрүш а.
Кулунду айыл аймагы Кулунду а., Булак-Башы а., Интернациональное а., Коммунизм а., Ленин а., Максат а.
Лейлек айыл аймагы Коргон а., Ак-Терек а., Кара-Суу а., Лейлек а., Чуянчы а.
Кең-Талаа айыл аймагы Мурас а., Кереге-Таш а., Жети-Таш а., Үч-Булак а.
Сумбула айыл аймагы Андарак а., Искра а., Сары-Дөбө а., Көк-Таш а.
Тогуз-Булак айыл аймагы Тогуз-Булак а., Ай-Көл а., Кара-Булак а., Кыргызстандын 50 жылдыгы а., Маданият а., Чапаев а.
Баткен шаары
19 765

(27 730 ― баш ийген калктуу конуштар менен)

жок Булак-Башы а., Кызыл-Жол а., Базар-Башы а.
Кызыл-Кыя шаары
42 564

(56 819 ― баш ийген калктуу конуштар менен)

жок Караван а., Ак-Булак а., Жин-Жиген а.
Сүлүктү шаары
14 770

(24 238 ― баш ийген калктуу конуштар менен)

Чыгыш шаар тибиндеги посёлок Кольцо а.

Жалал-Абад облусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Негизги макала: Жалал-Абад облусу
Карта Аталыш Туу, герб Туруктуу калк
2021, адам[3]
Баш ийген
айыл аймактар, шаарлар жана шаар тибиндеги посёлоктор[6]
Айыл аймактарга жана шаарларга кирген айылдар
Аксы району
137 103 Кербен шаары Ак-Дөбө а., Жетиген а., Күлүк-Дөбө а., Курулуш а., Мамай а., Устукан а.
Авлетим айыл аймагы Авлетим а., Байкашка-Терек а., Дерес-Сай а., Жаңгактуу-Булак а., Ит-Агар а., Коргон а., Мукур а., Тегирмен-Сай а., Товар-Сай а.
Ак-Жол айыл аймагы Ак-Жол а., Жолборсту а., Кара-Тыт а., Кечүү а., Кызыл-Бейит а., Күрп а., Райкомол а., Разан-Сай а., Тегене а.
Ак-Суу айыл аймагы Ак-Суу а., Ак-Сай а., Коргон-Дөбө а.
Жаңы-Жол айыл аймагы Жаңы-Жол а., Кой-Таш а., Таштак а., Терс а.
Жерге-Тал айыл аймагы Жерге-Тал а., Боспиек а., Кызыл-Капчыгай а.
Кара-Жыгач айыл аймагы Кара-Жыгач а., Дардак-Дөбө а., Кара-Ой а., Сыны а., Тор-Камыш а., Чарба а.
Кара-Суу айыл аймагы Кара-Суу а., Жүзүмжан а., Кезарт а., Кызыл-Көл а., Сай-Булуң а., Топ-Жаңгак а., Түрдүк а., Чалдыбар а., Чат а.
Кашка-Суу айыл аймагы Кашка-Суу а., Жаңы-Айыл а., Кара-Дөбө а., Кара-Башат а., Өлөң-Булак а., Согот а., Тосту а., Туюк-Жар а., Чарбак а.
Кызыл-Туу айыл аймагы Кызыл-Туу а., Аркыт а., Жол-Сай а., Жылгын а.
Мавлянов айыл аймагы Атана а., Жаңгак а., Мундуз а.,Сары-Кашка а., Семет а., Таш-Жар а., Торук а., Улук а., Чие а.
Назаралиев айыл аймагы Жыл-Кол а., Кум а., Кызыл-Жар а., Нарын а.
Ала-Бука району
108 647 Ак-Коргон айыл аймагы Ак-Коргон а., Баястан а., Падек а., Сафедбулан а.
Ак-Там айыл аймагы Ак-Там а., Жапа-Салды а., Кызыл-Ата а.
Ала-Бука айыл аймагы Ала-Бука а., Достук а., Сапалак а., Сары-Талаа а.
Көк-Серек айыл аймагы Ак-Тайлак а., Бирлешкен а., Кош-Болот а., Сары-Кол а., Теңги а., Төлөкө а.
Көк-Таш айыл аймагы Көк-Таш а., Булак-Башы а., Жалгыз-Өрүк а., Күлпөк-Сай а., Орто-Суу а., Чоң-Сай а.
Өрүктү айыл аймагы Өрүктү а., Кеңкол а., Орто-Токой а., Өрүктү-Сай а., Чолок-Тума а.
Биринчи Май айыл аймагы Ажек а., Айры-Там а., Ак-Башат а., Алма-Бел а., Жаңы-Шаар а., Кара-Үңкүр а., Совет-Сай а.
Төрөгелди Балтагулов айыл аймагы Баймак а., Кажар а., Кашкалак а., Келте а., Кош-Алмурут а., Кош-Терек а., Ызар а.
Базар-Коргон району жок 183 908 Базар-Коргон шаары жок
Акман айыл аймагы Жаңы-Акман а., Жараке а., Кайырма а., Колот а., Коргон-Жар а., Кош-Коргон а., Таш-Булак а.
Арстанбап айыл аймагы Арстанбап а., Ак-Терек а., Бел-Терек а., Гава а., Гүмкана а., Дашман а., Жай-Терек а., Жарадар а.
Бешик-Жон айыл аймагы Бешик-Жон а., Баймундуз а., Жон а., Карача а., Көк-Алма а.
Кеңеш айыл аймагы Биринчи Май а., Шыдыр а., Кара-Жыгач а., Кызыл-Октябрь а., Коткор а., Могол-Коргон а., Сейитказы а.,
Кызыл-Үңкүр айыл аймагы Кызыл-Үңкүр а., Ак-Булак а., Жаз-Кечүү а., Катар-Жаңгак а., Көсө-Терек а.
Могол айыл аймагы Бувакол а., Кайнар а., Кара-Ой а., Кызыл-Суу а., Көктоңду а., Чарбак а., Чкалов а.
Сайдыкум айыл аймагы Сайдыкум а., Аркалык а., Дукур а., Жаңы-Абад а., Жаш-Ленин а., Кыргыз-Каба а., Кызыл-Ай а., Тойчубек-Чек а., Төш а., Турпак-Коргон а., Хажир-Абад а., Чек а., Чоң-Курулуш а.
Талдуу-Булак айыл аймагы Ак-Терек а., Ак-Тыт а., Каба а., Катар-Жаңгак а., Көк-Алма а., Кыргоо а., Сары-Жайык а., Үч-Булак а.
Ноокен району
145 187 Кочкор-Ата шаары жок
Арал айыл аймагы Арал а., Интернационал а., Рассвет а., Чертак-Таш а., Черёмушки а.
Бүргөндү айыл аймагы Бүргөндү а., Жаңы-Арык а., Жеңиш а., Кичи-Бүргөндү а., Кокондук а., Курама а., Кызыл-Кыя а., Ноошкен а., Ууру-Жар а.
Достук айыл аймагы Достук а., Шамалды-Сай а., Шынг-Сай а., Кудук а., Кызыл-Туу а., Сары-Камыш а.
Масы айыл аймагы Масы а., Апыртан а., Беш-Жыгач а., Бөгөт а., Кызыл-Туу а.
Момбеков айыл аймагы Момбеков а., Бостон а., Жазгак а., Жаңы-Кыштак а., Көк-Таш а., Кочкор-Ата а., Курулуш а., Чек а.
Ноокат айыл аймагы Курулуш а., Кара-Булак а., Киров а., Коминтерн а., Кызыл-Жылдыз а., Параканда а., Рахманжан а.
Сакалды айыл аймагы Сакалды а., Аримжан а., Бөбүй а., Кагазды а., Кызыл-Кыргызстан а., Чек а., Чоң-Багыш а.
Шайдан айыл аймагы Алма а., Бирдик а., Жаңы-Арык а., Жон-Арык а., Көк-Айдар а., Тоскоол а., Эски-Масы а.
Сузак району жок 308 243 Көк-Жаңгак шаары жок
Багыш айыл аймагы Багыш а., Беш-Бала а., Кедей-Арык а., Кызыл-Туу а., Октябрь а., Сары-Булак а., Сафаровка а.
Барпы айыл аймагы Ачы а., Боз-Чычкан а., Беш-Мойнок а., Жаңы-Айыл а., Жар-Кыштак а., Дөбөй а., Канды а., Комсомол а., Миң-Өрүк а., Маркай а., Пригородный а., Сай а., Таштак а., Төөлөс а., Түрк-Маала а., Үлгү а., Чаңгет-Сай а., Чеке-Дөбө а., Чокмор а.
Кара-Алма айыл аймагы Кара-Алма а., Орток а., Туура-Жаңгак а., Урумбаш а.
Кара-Дарыя айыл аймагы Арал а., Төш а., Чаңгыр-Таш а.
Көк-Арт айыл аймагы Комсомол а., Михайловка а., Подгорное а., Үч-Малай а.
Курманбек айыл аймагы Жоон-Күңгөй а., Калмак-Кырчын а., Канжыга а., Кара-Чолок а., Сары-Булак а., Саты а., Таран-Базар а., Урумбаш а.
Кыз-Көл айыл аймагы Кыз-Көл а., Ак-Булак а., Ак-Тоок а., Жаңы-Арык а., Жылан-Темир а., Карамарт а., Каду а., Кара-Булак а., Катыраңкы а., Кашка-Терек а., Кызыл-Кыя а., Сары-Булак а.
Кызыл-Туу айыл аймагы Ак-Баш а., Ак-Булак а., Ак-Терек а., Акчалуу а., Алмалуу-Булак а., Алчалуу а., Бостон а., Жаңы-Ачы а., Жашасын-2 а., Кара-Инген а., Кара-Көл а., Кашка-Суу а., Кызыл-Алма а., Кызыл-Сеңир а., Мундуз а., Орто-Азия а., Соку-Таш а., Талаа-Булак а., Таштак а., Шатрак а.
Ленин айыл аймагы Ленин а., Жыгач-Коргон а., Орто-Сай а.
Сайпидин Атабеков айыл аймагы Балта-Казы а., Бек-Абад а., Бостон а., Бөкөй а., Жаңы-Жер а., Жийде а., Кайнар а., Кара-Жыгач а., Кашкар-Маала а., Кызыл-Багыш а., Кыргыз-Абад а., Мундуз а., Найман а., Таш-Булак а., Түрк-Абад а., Өзбек-Абад а., Чек а., Ширин а.
Сузак айыл аймагы Сузак а., Арал а., Благовещенка а., Достук а., Жаңы-Дыйкан а., Камыш-Башы а., Кыр-Жол а., Садда а.
Таш-Булак айыл аймагы Таш-Булак а., Арал а., Гүлстан а., Димитровка а., Доскана а., Жаңы-Арал а., Ирригатор а., Теплица а., Чолок-Терек а., Ынтымак а., Эшме а.
Ырыс айыл аймагы Ырыс а., Арал-Сай а., Дөмөр а., Жар-Кыштак а., Кайнар а., Кургак-Көл а., Күмүш-Азиз а., Кыр-Жол а., Ладан-Кара а., Масадан а., Сасык-Булак а., Тотуя а., Чымчык-Жар а.
Тогуз-Торо району жок 25 497 Атай айыл аймагы Атай а., Карл Маркс а.
Каргалык айыл аймагы Казарман а., Кызыл-Жылдыз а., Макмал а., Чет-Булак а.
Көк-Ирим айыл аймагы Арал а., Бирдик а.
Сары-Булуң айыл аймагы Кара-Суу а., Табылгыты а.
Тогуз-Торо айыл аймагы Дөдөмөл а., Кош-Булак а., Ленин а., Өрнөк а.
Токтогул району
103 310 Токтогул шаары жок
Абды Сүйөркулов айыл аймагы Кара-Жыгач а., Көтөрмө а., Торкент а.
Аралбаев айыл аймагы Алмалуу а., Толук а., Ноот а., Чаар-Таш а.
Бел-Алды айыл аймагы Бел-Алды а., Коргон а., Сары-Сөгөт а.
Жаңы-Жол айыл аймагы Жаңы-Жол а., Арал а., Кара-Суу а., Комсомол а., Куйбышев а., Кызыл-Туу а.
Кетмен-Дөбө айыл аймагы Беке-Чал а., Терек-Суу а., Чоң-Арык а., Эшсай а.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагы Кызыл-Өзгөрүш а., Ак-Жар а., Аң-Арык а., Бел-Кара-Суу а., Бууракан а., Жар-Таш а., Камыш-Башы а., Коңур-Өгүз а., Кош-Таш а., Орто-Жон а., Чеч-Дөбө а., Шайык а.
Никче-Сай айыл аймагы Ничке-Сай а., Чоргочу а.
Сары-Камыш айыл аймагы Бирлик а., Көтөрмө а.
Үч-Терек айыл аймагы Үч-Терек а., Жетиген а., Кызыл-Ураан а., Саргата а., Такталык а.
Чолпон-Ата айыл аймагы Чолпон-Ата а., Ак-Тектир а., Балыкты а., Кара-Күңгөй а., Кушчу-Суу а., Мазар-Суу а.
Чаткал району
28 625 Каныш-Кыя айыл аймагы Каныш-Кыя а., Айгыр-Жал а., Башкы-Терек а., Коргон-Сай а., Кызыл-Токой а., Чакмак-Суу а., Жер-Капчыгай а., Кайың-Суу а., Кара-Булак а., Кара-Суу а.
Сумсар айыл аймагы Сумсар а., Мончок-Дөбө а., Шекафтар а.
Терек-Сай айыл аймагы Терек-Сай а., Ак-Терек а., Болуш а.
Чаткал айыл аймагы Ак-Таш а., Беш-Арал а., Жаңы-Базар а., Курулуш а., Чандалаш а.
Жалал-Абад шаары
112 997

(123 239 ― баш ийген калктуу конуштар менен)

жок Камандар а., Качкынчы а., Көлмө а., Кызыл-Кыргызстан а., Кызыл-Суу а., Таш-Кутчу а., Тельман а.
Кара-Көл шаары жок 22 963

(26 901 ― баш ийген

калктуу конуштар менен)

Кетмен-Төбө шаар тибиндеги посёлок Жазы-Кечүү а.
Майлуу-Суу шаары
22 441

(25 892 ― баш ийген калктуу

конуштар менен)

Көк-Таш шаар тибиндеги посёлок жок
Таш-Көмүр шаары
24 124

(44 065 ― баш ийген

калктуу конуштар менен)

Кызыл-Жар шаар тибиндеги посёлок, Шамалды-Сай шаар тибиндеги посёлок Кашкулак а., Кудук-Сай а., Кызыл-Алма а., Теңдик а., Чүйүт-Сай а.
Негизги макала: Нарын облусу
Карта Аталыш Туу, герб Турукттуу калк
2021, адам[3]
Баш ийген айыл аймактар жана шаарлар[7] Айыл аймактарга жана шаарларга кирген айылдар
Ак-Талаа району
33 007 Ак-Тал айыл аймагы Ак-Тал а.
Ак-Чий айыл аймагы Ак-Чий а., Жаңы-Тилек а.
Баетов айыл аймагы Баетов а., Кайыңды-Булак а.
Жаңы-Талап айыл аймагы Жаңы-Талап а.
Жерге-Тал айыл аймагы Жерге-Тал а., Чолок-Кайың а.
Кара-Бүргөн айыл аймагы Кара-Бүргөн а.
Көк-Жар айыл аймагы Көк-Жар а., Ак-Кыя а.
Коңорчок айыл аймагы Коңорчок а.
Кош-Дөбө айыл аймагы Кош-Дөбө а.
Кызыл-Белес айыл аймагы Кадыралы а.
Терек айыл аймагы Терек а., Орто-Сырт а.
Тоголок-Молдо айыл аймагы Кара-Ой а.
Үгүт айыл аймагы Үгүт а., Байгөнчөк а.
Ат-Башы району
55 771 Ак-Жар айыл аймагы Ак-Жар а.
Ак-Талаа айыл аймагы Калинин а., Терек-Суу а.
Ак-Моюн айыл аймагы Ак-Моюн а., Бирдик а.
Ак-Муз айыл аймагы Ак-Муз а.
Ат-Башы айыл аймагы Ат-Башы а.
Ача-Кайыңды айыл аймагы Ача-Кайыңды а.
Баш-Кайыңды айыл аймагы Баш-Кайыңды а., Большевик а.
Казыбек айыл аймагы Казыбек а., Жыңы-Күч а.
Кара-Коюн айыл аймагы Кызыл-Туу а., Кара-Булуң а.
Кара-Суу айыл аймагы Кара-Суу а., Дыйкан а.
Талды-Суу айыл аймагы Талды-Суу а., Биринчи Май а., Өзгөрүш а.
Жумгал району жок 44 866 Байзак айыл аймагы Байзак а.
Баш-Кууганды айыл аймагы Баш-Кууганды а.
Жумгал айыл аймагы Жумгал а., Лама а.
Кабак айыл аймагы Табылгыты а., Арал а., Кең-Суу а., Котур-Суу а., Кызыл-Коргон а., Сары-Булуң а., Табылгы а.
Көк-Ой айыл аймагы Көк-Ой а., Кичи-Арал а.
Куйручук айыл аймагы Куйручук а.
Кызыл-Жылдыз айыл аймагы Кызыл-Жылдыз а.
Миң-Куш айыл аймагы Миң-Куш а., Кызыл-Сөөк а.
Сүйүмбаев айыл аймагы Таш-Дөбө а.
Түгөл-Сай айыл аймагы Түгөл-Сай а., Эпкин а.
Чаек айыл аймагы Чаек а., Ак-Татыр а., Беш-Терек а., Чукур-Аксеки а., Шортон а.
Чоң-Дөбө айыл аймагы Чоң-Дөбө а.
Кочкор району жок 67 363 Ак-Кыя айыл аймагы Кара-Суу а., Жаңы-Жол а.
Кара-Суу айыл аймагы Мантыш а., Ак-Талаа а., Кара-Мойнок а., Кызыл-Дөбө а., Орток а.
Көк-Жар айыл аймагы Көк-Жар а.
Кочкор айыл аймагы Кочкор а., Большевик а., Теңдик а.
Кош-Дөбө айыл аймагы Кара-Саз а., Кара-Күңгөй а.
Кум-Дөбө айыл аймагы Кум-Дөбө а., Ак-Жар а., Бугучу а., Шамшы а.
Сары-Булак айыл аймагы Ак-Кыя а., Сары-Булак а.
Семиз-Бел айыл аймагы Кара-Тоо а., Арсы а., Семиз-Бел а., Чекилдек а.
Соң-Көл айыл аймагы Төлөк а.
Талаа-Булак айыл аймагы Дөң-Алыш а., Комсомол а.
Чолпон айыл аймагы Чолпон а., Ак-Чий а., Ара-Көл а., Оро-Башы а., Осовиахим а., Тармал-Саз а., Туз а., Узун-Булак а., Эпкин а.
Нарын району жок 49 955 Ак-Кудук айыл аймагы Сегизинчи Март а., Ак-Кудук а., Шоро а.
Достук айыл аймагы Достук а.
Дөбөлү айыл аймагы Дөбөлү а., Алыш а., Кеңеш а.
Жан-Булак айыл аймагы Жан-Булак а.
Жерге-Тал айыл аймагы Жерге-Тал а., Жалгыз-Терек а., Кызыл-Жылдыз а.
Казан-Куйган айыл аймагы Казан-Куйган а., Кара-Үңкүр а.
Кара-Кужур айыл аймагы Лакол а., Жер-Көчкү а.
Миң-Булак айыл аймагы Куйбышев а., Миң-Булак а., Өрнөк а.
Он-Арча айыл аймагы Эчки-Башы а., Оттук а.
Орток айыл аймагы Таш-Башат а., Кайыңды а., Өрүк-Там а., Тамды-Суу а., Эки-Нарын а.
Сары-Ой айыл аймагы Сары-Ой а., Жылан-Арык а.
Учкун айыл аймагы Куланак а., Учкун а.
Чет-Нура айыл аймагы Орто-Нура а., Ак-Булуң а., Ак-Кыя а., Ийри-Суу а., Орто-Саз а., Өрүк-Там а., Төш-Булак а., Чет-Нура а.
Эмгек-Талаа айыл аймагы Ак-Талаа а., Тегерек а., Эмгек-Талаа а.
Эмгекчил айыл аймагы Эмгекчил а.
Нарын шаары
41 178 жок жок
Негизги макала: Ош облусу
Карта Аталыш Туу, герб Туруктуу калк
2021, адам[3]
Баш ийген айыл аймактар жана шаарлар[8] Айыл аймактарга жана шаарларга кирген айылдар
Алай району жок 87 398 К. Белебаев атындагы айыл аймагы Аскалы а., Жерге-Тал а., Колдук а., Сопу-Коргон а., Таргалак а., Терек а., Чий-Талаа а.
Будалы айыл аймагы Кара-Суу а., Кайнама а., Тамга-Терек а., Кум-Шоро а., Октябрь а., Оро-Дөбө а.
Бүлөлү айыл аймагы Кошулуш а., Кичи-Бүлөлү а., Көл-Чаты а., Чоң-Бүлөлү а.
Гүлчө айыл аймагы Гүлчө а., Жылы-Суу а., Кара-Булак а., Курманжан Датка а., Таш-Короо а., Чакмак а.
Жаңы-Алай айыл аймагы Жаңы-Алай а., Жаңы-Арык а.
Жошолу айыл аймагы Аюу-Тапан а., Жаңы-Турмуш а., Коммунизм а., Ленин-Жол а., Миязды а., Орто-Суу а., Осоавиахим а.
Коңур-Дөбө айыл аймагы Арпа-Тектир а., Боз-Караган а., Жар-Кыштак а., Кара-Шоро а., Кызыл-Ой а.
Кабылан-Кол айыл аймагы Кабылан-Кол а., Күңгөй а., Кара-Жыгач а., Курулуш а.
Корул айыл аймагы Арал а., Биринчи Май а., Кең-Жылга а., Тогуз-Булак а.
Ленин айыл аймагы Гагарин а., Күң-Элек а., Мурдаш а., Согонду а.
Сары-Могол айыл аймагы Сары-Могол а.
Сары-Таш айыл аймагы Сары-Таш а., Көк-Суу а., Нура а.
Талды-Суу айыл аймагы Талды-Суу а., Арча-Булак а., Көк-Булак а., Кургак а., Сары-Могол а.
Үч-Дөбө айыл аймагы Ак-Босого а., Ак-Жай а., Гежиге а., Кызыл-Алай а., Кичи-Каракол а., Чоң-Каракол а.
Араван району
137 721 Алля-Анаров айыл аймагы Араван а., Аччи а., Жаңы-Араван а., Кара-Булак а., Маданият а., Сасык-Үңкүр а., Пахта-Абад а.
Керме-Тоо айыл аймагы Гүлбахор а., Кичик-Алай а., Күндөлүк а., Майдан-Тал а., Миң-Теке а., Сары-Булак а., Чогом а.
Мангыт айыл аймагы Мангыт а., Жаңы-Арык а., Кесек а., Кызыл-Коргон а., Төлөйкөн а.
Нурабад айыл аймагы Кайгарач-Ачык а., Какыр-Пилтан а., Лангар а.
С. Юсупов айыл аймагы Араван а., Каррак а., Октябрь а., Сүткор а., Эрке-Кашка а.
Төө-Моюн айыл аймагы Ак-Шор а., Жеке-Мисте а., Керкидан а., Найман а., Сары-Таш а., Сырт а., Хауз а.
Тепе-Коргон айыл аймагы Тепе-Коргон а., Арап а., Интернационал а., Кесов а., Уйгур-Абад а., Чертик а., Янги-Абад а., Янги-Юл а.
Чек-Абад айыл аймагы Агроном а., Жакшылык а., Жар-Кыштак а., Көчүбаев а., Кукалапаш а., Максим-Тобу а., Пахтачы а., Төлөйкөн а.
Кара-Кулжа району
100 320 Алайкуу айыл аймагы Ара-Булак а., Бөрү-Токой а., Желе-Төбө а., Кан-Коргон а., Көк-Арт а., Сай-Талаа а.
Капчыгай айыл аймагы Кара-Таш а., Ничке-Суу а., Сары-Бээ а., Терек-Суу а.
Карагуз айыл аймагы Алтын-Күрөк а., Жаңы-Талаа а., Жетим-Дөбө а., Калматай а., Кара-Жыгач а., Насирдин а.
Кара-Кочкор айыл аймагы Кара-Кочкор а., Ак-Кыя а., Кашка-Жол а., Сары-Булак а.
Кара-Кулжа айыл аймагы Кара-Кулжа а., Бий-Мырза а., Биринчи Май а., Сары-Камыш а.
Кашка-Жол айыл аймагы Жаңы-Талап а., Жийде а., Октябрь а., Тоготой а., Ынтымак а.
Кеңеш айыл аймагы Кеңеш а., Пор а.
Кызыл-Жар айыл аймагы Кызыл-Жар а., Кайың-Талаа а., Коо-Чаты а., Күйөташ а., Терек а., Чычырканак а.
Ой-Тал айыл аймагы Ой-Тал а., Кондук а.
Сары-Булак айыл аймагы Сары-Булак а., Кара-Булак а., Конокбай-Талаа а., Кызыл-Булак а., Сары-Күңгөй а., Тегерек-Саз а., Тогуз-Булак а.
Чалмин айыл аймагы Беш-Кемпир а., Буйга а., Орто-Талаа а., Токбай-Талаа а.
Ылай-Тал айыл аймагы Ылай-Талаа а., Жылкол а., Шаркыратма а., Сай а., Сары-Таш а.
Кара-Суу району жок 448 608 Кара-Суу шаары жок
Ак-Таш айыл аймагы Ак-Таш а., Барак а., Жылкелди а.
Жаңы-Арык айыл аймагы Жаңы-Арык а., Ак-Терек а., Правда а., Таш-Арык а.
Жоош айыл аймагы Агартуу а., Большевик а., Гайрат а., Зарбалик а., Калинин а., Коммунизм а., Кызыл-Кошчу а., Кызыл-Сарай а., Маданият а., Мамажан а., Питомник а.
Катта-Талдык айыл аймагы Ачы а., Баш-Булак а., Жаңы-Турмуш а., Кара-Сөгөт а., Кичик а., Кызыл-Ордо а., Садырбай а., Талдык а., Торгой-Булак а., Эшме а.
Кашкар-Кыштак айыл аймагы Кашгар-Кыштак а., Алга-Бас а., Анжиян-Махалла а., Бек-Жар а., Кенжекул а., Монок а., Тажик-Махалла а.
Кызыл-Кыштак айыл аймагы Кызыл-Кыштак а., Анжиян а., Бел-Кыштак а., Жаңы-Кыштак а., Карл Маркс а., Коммунист а., Кызыл-Байрак а.
Кызыл-Суу айыл аймагы Ак-Жар а., Алпордо а., Коргон а., Миялы а., Талаа а., Учкун а., Чайчи а.
Мады айыл аймагы Мады а., Асанчек а., Жоош а., Кыргыз-Чек а., Каарман а., Лаглан а., Октябрь а., Социализм а., Тээке а., Учкун а., Чагыр а.
Нариманов айыл аймагы Нариман а., Алим-Тепе а., Бешмойнок а., ВЛКСМ а., Жаңы-Махалла а., Жийдалик а., Жим а., Каратай а., Куранкол а., Кызыл-Мехнат а., Лангар а., Нурдар а., Осмон а., Тажикабад а.
Отуз-Адыр айыл аймагы Отуз-Адыр а., Жаңы-Кызыл-Суу а., Кара-Дөбө а., Кызыл-Абад а., Кыш-Абад а., Савай-Арык а., Тынчтык а., Фуркат а., Ынтымак а.,
Папан айыл аймагы Папан а., Ак-Буура-1 а., Ак-Буура-2 а., Ак-Буура-3 а., Ак-Буура-4 а., Ак-Терек а., Алчалы а., Ата-Мерек а., Андагул а., Бөрү а., Жаны-Турмуш а., Жар-Башы а., Камыр-Суу а., Карагур а., Кожо-Келең а., Кызыл-Туу а., Тогуз-Булак а., Чычкан-Көл а.
Савай айыл аймагы Савай а., Кызыл-Шарк а., Кең-Сай а., Кечкен-Жар а., Курбан-Кара а., Кыдырша а., Октябрь а., Султан- Абад а., Ынтымак а.
Сарай айыл аймагы Ак-Оргоо а., Киров а., Коңурат а., Присавай а., Тельман а., Эркин а.
Сары-Колот айыл аймагы Сары-Колот а., Ак-Колот а., Шерали а., Курбан-Кара а., Присавай а., Тынчтык а.
Төлөйкөн айыл аймагы Төлөйкөн а., Бодур-Таш а., Дыйкан-Кыштак а., Жапалак а., Кыргызстан а., Өзгүр а., Учар а.
Шарк айыл аймагы Шарк а., Имам-Ата а., Маданият а., Таштак а., Топ-Терек а., Фуркат а., Медресе а.
Ноокат району
302 481 Ноокат шаары жок
Бел айыл аймагы Бел а., Борбаш а., Жаш а., Таш-Булак а.
Гүлстан айыл аймагы Гүлстан а., Беш-Коргон а., Бостон а., Чоң-Кыштоо а., Фрунзе а.
Жаңы-Ноокат айыл аймагы Жаңы-Ноокат а., Дөң-Кыштак а., Жандама а., Катта-Тал а., Кызыл-Тейит а., Күнгөй-Хасана а., Мончок-Дөбө а., Темир-Корук а., Тескей а.
Токтомат Зулпуев атындагы айыл аймагы Айбек а., Ак-Чабуу а., Интернационал а., Караке а., Коммунизм а., Өсөр а., Таштак а., Үч-Бай а., Чучук а., Ятан а.
Исанов айыл аймагы Жаңы-Базар а., Жаңы-Коргон а., Кичи-Алай а., Кожоке а., Фёдоров а., Чеч-Дөбө а.
Кара-Таш айыл аймагы Кара-Таш а., Нойгут а.
Кеңеш айыл аймагы Ак-Терек а., Арбын а., Байыш а., Батуу а., Дары-Булак а., Куу-Майдан а., Шанкол а., Чегеден а.
Көк-Бел айыл аймагы Көк-Бел а., Кайыңды а.
Кулатов айыл аймагы Абшыр-Ата а., Акчал а., Арык-Тейит а., Баглан а., Кожо-Арык а., Кош-Дөбө а., Кулуштан а., Кызыл-Булак а.
Кызыл-Октябрь айыл аймагы Алашан а., Борбаш а., Жийде а., Каранай а., Көк-Жар а., Сарыканды а.
Кыргыз-Ата айыл аймагы Кыргыз-Ата а., Ак-Булак а., Борко а., Кара-Ой а., Кара-Таш а., Көтөрмө а., Таш-Булак а.
Мирмахмудов айыл аймагы Арал а., Барын а., Будайлык а., Капчыгай а., Кара-Кокту а., Чапаев а.
Найман айыл аймагы Найман а., Улуу-Тоо а.
Он-Эки-Бел айыл аймагы Он Эки-Бел а., Мырза-Найман а., Нарай а., Он-Эки-Мойнок а., Өрнөк а.
Төөлөс айыл аймагы Ай-Тамга а., Герей-Шорон а., Додон а., Жайылма а., Кеңеш а., Меркит а., Муркут а., Толман а.
Ынтымак айыл аймагы Ынтымак а., Акшар а., Арык-Бою а., Беш-Буркан а., Дон-Маала а., Ничке-Суу а., Таш-Булак а., Челекчи а.
Өзгөн району
282 981 Өзгөн шаары жок
Ак-Жар айыл аймагы Ак-Жар а., Большевик а., Какыр а., Семиз-Көл а.
Алтын-Булак айыл аймагы Алтын-Булак а., Кара-Баткак а., Кандава а., Сасык-Булак а., Таш-Башат а., Чечебай а.
Баш-Дөбө айыл аймагы Жаңы-Жол а., Кашка-Терек а., Кеңеш а., Кош-Корогон а., Кызыл-Кырман а.
Ден-Булак айыл аймагы Ден-Булак а., Бакмал а., Бабашуулу а., Бөксө-Жол а., Жаңы-Абад а., Кара-Дарыя а., Мичурин а., Өзгөрүш а., Төөлөс а., Чимбай а.
Жалпак-Таш айыл аймагы Ак-Терек а., Кара-Тарык а., Карл Маркс а., Киров а., Кысык-Алма а., Курбу-Таш а., Туз-Бел а., Үчкаптал а.
Жыланды айыл аймагы Жыланды а., Ботомойнок а., Калта а., Красный Маяк а., Прогресс а., Яссы а.
Заргер айыл аймагы Заргер а., Аюу а., Жаңы-Айыл а., Кайрат а., Кутурган а., Ничке-Сай а., Токтогул а., Тосой а.
Жазы айыл аймагы Жазы а., Жээренчи а., Кара-Дыйкан а., Кызыл-Дыйкан а.
Ийри-Суу айыл аймагы Ак-Терек а., Жаңгакты а., Жийде а., Кара-Колот а., Корс-Этти а., Кыргызстан а., Орказган а.
Кара-Таш айыл аймагы Ийрек а., Коргон а., Үңкүр а., Ынтымак а., Элчибек а.
Кароол айыл аймагы Кароол а., Жан-Шоро а., Мырза-Арык а., Орто-Арык а., Шералы а.
Көлдүк айыл аймагы Шамал-Терек а., Чалк-Өйдө а.
Курбаш айыл аймагы Курбаш а., Шагым а., Эрдик а.
Кызыл-Октябрь айыл аймагы Кызыл-Октябрь а., Алга а., Беш-Абышка а., Гузар а., Кочкор-Ата а., Кремль а., Курбаш а., Кызыл-Сенгир а., Старая Покровка а., Ынтымак а.
Кызыл-Тоо айыл аймагы Кызыл-Тоо а., Ак-Кыя а., Донуз-Тоо а., Карчабек а., Эркин-Тоо а.
Мырза-Аке айыл аймагы Мырза-Аке а., Адыр а., Бабыр а.
Саламалик айыл аймагы Саламалик а., Ак-Терек а., Ара-Көл а., Кош-Этер а., Кызыл-Байрак а., Кызыл-Чарба а., 15 Жаш а.
Төрт-Көл айыл аймагы Ана-Кызыл а., Бостон а., Шоро-Башат а., Кыймыл а., Макаренко а.
Чангет айыл аймагы Чаңгет а., Өстүрүү а.
Чоң-Алай району
32 140 Жекенди айыл аймагы Жекенди а., Шибээ а., Карамык а., Кара-Тейит а., Чулук а.
Кашка-Суу айыл аймагы Кашка-Суу а., Ачык-Суу а., Бурган-Суу а., Жайылма а., Кабык а., Кара-Кабак а., Кичи-Жайылма а.
Чоң-Алай айыл аймагы Дароот-Коргон а., Жар-Башы а., Жаш-Тилек а., Жаман-Жар а., Кара-Шыбак а., Кочкорчу а., Кулчу а., Кызыл-Туу а., Кызыл-Эшме а., Сары-Булак а., Чак а.
Негизги макала: Талас облусу
Карта Аталыш Туу, герб Туруктуу калк
2021, адам[3]
Баш ийген айыл аймактар

жана шаарлар[9]

Айыл аймактарга жана шаардарга кирген айылдар
Бакай-Ата району жок 53 359 Ак-Дөбө айыл аймагы Ак-Дөбө а., Кызыл-Сай а., Кызыл-Чарба а.
Акназаров айыл аймагы Кызыл-Октябрь а., Көк-Таш а., Маданият а., Таш-Кудук а., Үр-Малар а.
Боо-Терек айыл аймагы Боо-Терек а.
Кең-Арал айыл аймагы Кең-Арал а.
Ленинполь айыл аймагы Бакай-Ата а., Наматбек а.
Миң-Булак айыл аймагы Миң-Булак а.
Өзгөрүш айыл аймагы Өзгөрүш а.
Орос айыл аймагы Кыргызстан а., Жон-Коргон а., Биринчи Май а.
Шадыкан айыл аймагы Ынтымак а., Түйтө а.
Кара-Буура району жок 69 180 Ак-Чий айыл аймагы Жоон-Дөбө а., Жийде а.
Аманбаев айыл аймагы Аманбаев а., Ак-Жар а., Куру-Маймак а., Суулу-Маймак а.
Бакайыр айыл аймагы Ак-Башат а., Кара-Сай а.
Бакыян айыл аймагы Бакыян а., Тамчы-Булак а., Камаш а.
Бейшеке айыл аймагы Бейшеке а., Кара-Буура а., Кара-Суу а.
Кара-Буура айыл аймагы Кызыл-Адыр а., Чоң-Кара-Буура а., Үч-Булак а.
Көк-Сай айыл аймагы Көк-Сай а., Кайнар а.
Маймак айыл аймагы Маймак а.
Чолпонбай айыл аймагы Чымгент а., Көк-Дөбө а.
Шекер айыл аймагы Шекер а., Арчагул а.
Манас району
37 505 Кайыңды айыл аймагы Арал а., Кайыңды а., Нылды а., Сары-Булак а., Чеч-Дөбө а.
Кыргызстан айыл аймагы Талас а., Көк-Дөбө а., Манас а.
Май айыл аймагы Май а., Новодонецкое а.
Покровка айыл аймагы Покровка а., Бала-Сары а., Жайылган а., Кара-Арча а., Сөгөт а.
Үч-Коргон айыл аймагы Кызыл-Жылдыз а., Ак-Таш а., Жийде а., Кеңеш а., Чоң-Капка а., Таш-Башат а., Үч-Коргон а.
Талас району жок 70 642 Айдаралиев айыл аймагы Көпүрө-Базар а.
Арал айыл аймагы Арал а.
Бекмолдо айыл аймагы Сасык-Булак а., Кара-Ой а., Кеңеш а., Чоң-Токой а.
Бердике Баатыр айыл аймагы Кум-Арык а., Арашан а., Козучак а.
Жерге-Тал айыл аймагы Кызыл-Туу а., Көк-Кашат а., Чыйырчык а.
Долон айыл аймагы Таш-Арык а., Ак-Жар а., Орто-Арык а.
Калба айыл аймагы Калба а., Атай Огонбаев а., Балбал а., Беш-Таш а.
Кара-Суу айыл аймагы Кара-Суу а.
Көк-Ой айыл аймагы Көк-Ой а.
Кууганды айыл аймагы Үч-Эмчек а.
Нуржанов айыл аймагы Жон-Арык а., Көк-Токой а.
Өмүралиев айыл аймагы Манас а., Чат-Базар а.
Осмонкулов айыл аймагы Талды-Булак а., Ак-Коргон а.
Талас шаары
40 308 жок жок
Негизги макала: Чүй облусу
Карта Аталыш Туу, герб Туруктуу калк
2021, адам[3]
Баш йиген айыл аймактар, шаарлар

жана шаар тибиндеги посёлоктор[10]

Айыл аймактарга жана шаарларга кирген айылдар
Аламүдүн району жок 188 484 Ак-Дөбө айыл аймагы Кайырма а., Молдовановка а.
Ала-Арча айыл аймагы Мраморное а., Рассвет а.
Аламүдүн айыл аймагы Аламүдүн а., Садовое а.
Арашан айыл аймагы Арашан а., Татыр а.
Байтик айыл аймагы Байтик а., Арчалы а., Байгелди а., Баш-Кара-Суу а., Кашка-Суу а.
Васильевка айыл аймагы Васильевка а., Виноградное а., Полевое а., Привольное а.
Гроздь айыл аймагы Гроздь а., Ат-Башы а., Бирдик а., Экинчи Беш Жылдык а., Лесное а.
Кара-Жыгач айыл аймагы Кара-Жыгач а., Бек-Тоо а.
Көк-Жар айыл аймагы Көк-Жар а.
Лебидиновка айыл аймагы Лебидиновка а., Восток а., Дачное а.
Ленин айыл аймагы Ленин а., Константиновка а., Мыкан а.
Маевка айыл аймагы Маевка а.
Октябрь айыл аймагы Октябрь а., Лубяное а., Чүй а.
Пригородное айыл аймагы Пригородное а., Достук а., Озёрное а., Степное а.
Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагы Төмөнкү Ала-Арча а.
Таш-Дөбө айыл аймагы Таш-Дөбө а., Заречное а., Малиновка а., Сүймөнкул Чокморов а.
Таш-Мойнок айыл аймагы Таш-Мойнок а., Кой-Таш а., Беш-Күңгөй а., Горная Маевка а., Кызыл-Бирдик а., Подгорное а., Прохладное а.
Жайыл району жок 112 211 Кара-Балта шаары жок
Ак-Башат айыл аймагы Ак-Башат а., Айдарбек а., Арал а., Новониколаевка а.
Жайыл айыл аймагы Алексеевка а., Жайыл а.
Кара-Суу айыл аймагы Кара-Суу а., Ставрополовка а.
Красновосточный айыл аймагы Калинин а., Калдык а., Кара-Дөбө а.
Кызыл-Дыйкан айыл аймагы Кызыл-Дыйкан а., Петропавловка а.
Полтавка айыл аймагы Полтавка а., Малтабар а., Орто-Суу а.
Сары-Булак айыл аймагы Сары-Булак а., Моңолдор а.
Сары-Коо айыл аймагы Алтын а., Жекен а., Жон-Арык а., Ийри-Суу а., Фёдоровка а., Эриктүү а.
Сосновка айыл аймагы Сосновка а.
Степное айыл аймагы Степное а.
Суусамыр айыл аймагы Суусамыр а., Кайсар а., Бринчи Май а., Тунук а., Кожомкул а., Каракол а., Кызыл-Ой а.
Талды-Булак айыл аймагы Бекитай а., Бөксө-Жол а., Кайырма а.,
Кемин району жок 48 360 Кемин шаары жок
Орловка шаары жок
Борду шаар тибиндеги посёлок жок
Ак-Түз айыл аймагы Ак-Түз а.
Алмалуу айыл аймагы Алмалуу а., Борду а., Кызыл-Суу а.
Боролдой айыл аймагы Боролдой а.
Дүйшеев айыл аймагы Кичи-Кемин а.
Жаңы-Алыш айыл аймагы Жаңы-Алыш а.
Ильич айыл аймагы Ильич а., Жаңы-Жол а., Советское а.
Кара-Булак айыл аймагы Кара-Булак а., Алтымыш а., Бейшеке а., Чуйское а.
Көк-Ойрок айыл аймагы Кайыңды а., Кароол-Дөбө а., Тегирменти а.
Кызыл-Октябрь айыл аймагы Кызыл-Октябрь а., Белый-Пикет а., Жел-Арык а., Дорожное а., Кашкелең а., Кыз-Кыя а., Сасык-Булак а., Ударник а., Чолок а.
Чоң-Кемин айыл аймагы Шабдан а., Калмак-Ашуу а., Кызыл-Байрак а., Тар-Суу а., Төрткүл а.
Чым-Коргон айыл аймагы Чым-Коргон а.,Новомихайловка а., Самансур а.
Москва району жок 103 007 Ак-Суу айыл аймагы Ак-Башат а., Ак-Торпок а., Бала-Айылчы а., Кепер-Арык а., Мураке а., Төмөн-Суу а., Чоң-Арык а.
Александровка айыл аймагы Александровка а., Беш-Өрүк а., Крупское а.
Беш-Терек айыл аймагы Беш-Терек а.
Беловодское айыл аймагы Беловодское а., Кош-Дөбө а.
Биринчи-Май айыл аймагы Ак-Суу а.
Петровка айыл аймагы Петровка а., Заводское а., Кызыл-Туу а.
Предтеченка айыл аймагы Предтеченка а., Аң-Арык а.
Садовый айыл аймагы Садовое а.
Сретенка айыл аймагы Сретенка а., Большевик а., Заря а.
Төлөк айыл аймагы Төлөк а.
Целинный айыл аймагы Кыз-Моло а.
Чапаев айыл аймагы Ак-Сөөк а., Маловодное а., Спартак а.
Панфилов району жок 47 938 Кайыңды шаары жок
Вознесеновка айыл аймагы Вознесеновка а., Орто-Кайырма а., Эркин-Сай а.
Курама айыл аймагы Жайылма а., Панфилов а., Орто-Арык а., Эфиронос а.
Күрпүлдөк айыл аймагы Күрпүлдөк а., Киров а., Ровное а.
Орто айыл аймагы Тельман а., Букара а., Кум-Арык а.
Фрунзе айыл аймагы Чалдыбар а., Чолок-Арык а., Чорголу а.
Чалдыбар айыл аймагы Биринчи Май а., Озёрное а., Октябрь а., Ойронду а.
Сокулук району
194 579 Шопоков шаары жок
Асылбаш айыл аймагы Асылбаш а., Киров а.
Ат-Башы айыл аймагы Ак-Жол а., Манас а., Лесное а., Төрт-Көл а.
Биринчи Май айыл аймагы Бирнчи Май а., Национальное а., Панфилов а.
Военно-Антоновка айыл аймагы Военно-Антоновка а.
Гавриловка айыл аймагы Гавриловка а., Жангарач а., Романовка а., Шалта а.
Жыңы-Жер айыл аймагы Жаңы-Жер а., Верхневосточное а., Западное а., Зелёное а., Нижневосточное а.
Жаңы-Пахта айыл аймагы Жаңы-Пахта а., Ак-Кашат а., Заря а., Май а., Мирный а.
Кайназарова айыл аймагы Белек а., Чат-Көл а., Түз а.
Крупская айыл аймагы Жакынкы Арал а., Алыскы Арал а., Бирнчи Май а., Сокулук а.
Камышановка айыл аймагы Камышановка а.
Күнтуу айыл аймагы Күнтуу а., Достук а., Кичи Шалта а., Шалта а., Чоң-Жар а.
Кызыл-Туу айыл аймагы Кызыл-Туу а., Кара-Сакал а., Маловодное а., Новое а., Токбай а.
Төмөнкү Чүй айыл аймагы Төмөнкү Чүй а., Мирное а., Садовое а., Северное а., Степное а., Талтак а.
Новопавловка айыл аймагы Новопавловка а., Учкун а.
Орок айыл аймагы Жал а., Жогорку Орок а., Калтар а., Кашка-Баш а., Төмөнкү Орок а., Плодовое а., Сарбан а., Селекционное а.
Саз айыл аймагы Саз а., Конуш а.
Сокулук айыл аймагы Сокулук а.
Төш-Булак айыл аймагы Төш-Булак а., Бөрүлү а., Четинди а.
Фрунзе айыл аймагы Фрунзе а., Комсомольское а., Озёрное а., Студенческое а.
Чүй району жок 54 622 Ак-Бешим айыл аймагы Ак-Бешим а., Жаңы-Жол а., Калыгул а.
Бурана айыл аймагы Бурана а., Алга а., Дөң-Арык а., Мээнеткеч а.
Ибраимов айыл аймагы Кошой а., Кара-Ой а., Кызыл-Аскер а., Ленин а., Ленин-Жол а., Талды-Булак а.
Искринск айыл аймагы Искра а., Восточное а., Жаңы-Турмуш а., Железнодорожное а., Кара-Дөбө а.,
Кегети айыл аймагы Кегети а., Арпа-Тектир а., Акматбек а., Советское а., Чапаев а.
Кош-Коргон айыл аймагы Кош-Коргон а.
Он Бир-Жылкы айыл аймагы Онбир-Жылга а., Маданият а., Кайырма а., Прогресс а.
Сайлык айыл аймагы Сайлык а., Жаңы-Чек а., Виноградное а.
Чүй айыл аймагы Чүй а., Арал а., Садовое а.
Шамшы айыл аймагы Шамшы а., Карагул а., Кош-Кашат а., Чоң-Жар а.
Ысык-Ата району
154 340 Кант шаары жок
Ак-Кудук айыл аймагы Ак-Кудук а., Биринчи Май а., Киров а., Котовский а., Хун Чи а.
Бирдик айыл аймагы Бирдик а., Хун Чи а.
Жээк айыл аймагы Жээк а., Дмитриевка а., Гагарин а.
Ивановка айыл аймагы Ивановка а.
Интернационал айыл аймагы Интернационал а., Жар-Башы а.
Ысык-Ата айыл аймагы Алмалуу а., Горная Серафимовка а., Жогорку-Ичке-Суу а., Ичке-Суу а., Карагай-Булак а., Норус а., Таш-Башат а., Тогуз-Булак а., Үч-Эмчек а.
Кең-Булуң айыл аймагы Кең-Булуң а., Гидростроитель а., Дружба а., Чолпон а.
Кочкорбаев айыла аймагы Кеңеш а., Доктурбек Курманалиев а., Будённовка а.
Красная Речка айыл аймагы Красная Речка а.
Логвиненко айыл аймагы Новопокровка а., Чоң-Далы а.
Люксембург айыл аймагы Люксембург а., Киршёлк а.
Милянфан айыл аймагы Милянфан а.
Сын-Таш айыл аймагы Сын-Таш а., Ак-Сай а., Жетиген а., Кызыл-Арык а., Өтөгөн а., Рот-Фронт а., Советское а., Тельман а.
Новопокровка айыл аймагы Новопокровка а., Ленин а., Сары-Жон а.
Нурманбет айыл аймагы Нурманбет а., Алиаскар Токтоналиев а., Биринчи Май а.
Туз айыл аймагы Туз а., Дайырбек а., Жайалма а., Төмөнкү Серафимовка а.
Узун-Кыр айыл аймагы Дружба а., Жер-Казар а., Төмөнкү Норус а.
Юрьевка айыл аймагы Юрьевка а., Ысык-Ата а.
Токмок шаары
71 443 жок жок

Ысык-Көл облусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Негизги макала: Ысык-Көл облусу
Карта Аталыш Туу, герб Туруктуу калк
2021, адам[3]
Баш ийген айыл аймактар, шаарлар

жана шаар тибиндеги посёлоктор[11]

Айыл аймактарга жана шаарларга кирген айылдар
Ак-Суу району жок 69 439 Ак-Булуң айыл аймагы Ак-Булуң а., Ак-Булак а., Токтогул а., Түргөн а.
Ак-Чий айыл аймагы Ак-Чий а., Качыбек а., Көк-Жайык а., Кызыл-Жар а., Советское а.
Бөрү-Баш айыл аймагы Бөрү-Баш а., Черик а.
Жыргалаң айыл аймагы Жыргалаң а.
Кара-Жал айыл аймагы Тегизчил а., Жаңы-Арык а., Кара-Жал а., Боз-Булуң а.
Каракол айыл аймагы Каракол а., Чолпон а.
Кереге-Таш айыл аймагы Кереге-Таш а., Кайырма-Арык а., Новоконстантиновка а., Пионер а., Сары-Камыш а.
Боз-Учук айыл аймагы Нововознесеновка а., Боз-Учук а., Ичке-Жергез а.
Октябрь айыл аймагы Октябрьское а., Жол-Колот а., Отуз-Уул а., Үч-Кайнар а.
Отрадное айыл аймагы Отрадное а., Орлиное а., Шапак а.
Тепкен айыл аймагы Тепке а., Жылдыз а., Курбу а.
Теплоключенка айыл аймагы Теплоключенка а., Лесное а.
Челпек айыл аймагы Челпек а., Бурма-Суу а., Таш-Кыя а.
Эңилчек айыл аймагы Эңилчек а., Кең-Суу а., Койлуу а., Кургак а., Май-Саз а., Таш-Короо а., Эчкили-Таш а.
Жети-Өгүз району
93 392 Ак-Дөбө айыл аймагы Мундуз а., Ак-Дөбө а., Аң-Өстөн а., Тилекмат а.
Ак-Шыйрак айыл аймагы Ак-Шыйрак а., Культцентр а., Ыштык а.
Алдашев айыл аймагы Саруу а., Жууку а., Ысык-Көл а.
Барскоон айыл аймагы Барскоон а., Каракол а., Кара-Сай а., Сөөк а.
Даркан айыл аймагы Даркан а.
Жаргылчак айыл аймагы Ак-Терек а., Жеңиш а., Кичи-Жаргылчак а., Чоң-Жаргылчак а.
Жети-Өгүз айыл аймагы Жети-Өгүз а., Ак-Кочкор а., Желе-Дөбө а., Жети-Өгүз (Курорт) а., Кабак а., Талды-Булак а.,Чырак а.
Кызыл-Суу айыл аймагы Кызыл-Суу а., Жалгыз-Өрүк а., Кайнар а., Покровка Пристаны а.
Липенка айыл аймагы Липенка а., Богатыровка а., Зелёный Гай а., Ичке-Булуң а.
Оргочор айыл аймагы Оргочор а., Боз-Бешик а., Кургак-Айрык а., Подгорное а.
Светлая Поляна айыл аймагы Светлая Поляна а., Чоң-Кызыл-Суу а.
Тамга айыл аймагы Тамга а., Тосор а.
Ырдык айыл аймагы Алкым а., Жон-Булак а., Комсомольское а., Конкино а., Ырдык а.
Ысык-Көл району
84 876 Чолпон-Ата шаары жок
Абдрахманов айыл аймагы Жаркынбаев а., Кароол-Дөбө а.
Ананьево айыл аймагы Ананьево а., Көк-Дөбө а., Чет-Байсоорун а.
Бостери айыл аймагы Бостери а., Бактуу-Долоноту а.
Кара-Ой айыл аймагы Кара-Ой а.
Кум-Бел айыл аймагы Корумду а., Булан-Сөгөттү а.
Өрүк айыл аймагы Чоң-Өрүктү а., Орто-Өрүктү а., Өрүктү-Хутор а.
Садыр Аке айыл аймагы Григорьевка а., Григорьев Пристаны а.
Семёновск айыл аймагы Семёновка а., Кожояр а.
Тамчы айыл аймагы Тамчы а., Кош-Көл а., Чырпыкты а.
Темир айыл аймагы Темир а., Кашат а.
Тору-Айгыр айыл аймагы Тору-Айгыр а., Кызыл-Өрүк а., Сары-Камыш а.
Чоң-Сары-Ой айыл аймагы Чоң-Сары-Ой а., Баетов а., Өрнөк а., Сары-Ой а., Чок-Тал а.
Тоң району
53 401 Ак-Терек айыл аймагы Кара-Коо а., Ала-Баш а., Бар-Булак а., Дөң-Талаа а., Комсомол а., Кызыл-Туу а.
Болот Мамбетов айыл аймагы Эшперов а., Ак-Сай а., Жер-Үй а., Көк-Сай а.
Кажы-Сай айыл аймагы Кажы-Сай а.
Көл-Төр айыл аймагы Көл-Төр а., Тогуз-Булак а., Коңур-Өлөң а.
Көк-Мойнок айыл аймагы Ак-Өлөң а., Көк-Мойнок-Биринчи а., Көк-Мойнок-Экинчи а.
Күн-Чыгыш айыл аймагы Бөкөнбаев а., Арчалы а.
Төрт-Күл айыл аймагы Төрт-Күл а., Темир-Канат а., Туура-Суу а.
Тоң айыл аймагы Тоң а., Ак-Сай а., Кажы-Саз а.
Улакол айыл аймагы Оттук а., Кара-Талаа а., Кара-Шаар а., Туура-Суу а., Шор-Булак а.
Түп району
65 169 Ак-Булак айыл аймагы Ак-Булак а.
Ак-Булуң айыл аймагы Ак-Булуң а., Беловодское а., Фрунзенское а.
Арал айыл аймагы Арал а., Миң-Булак а., Долон а., Кош-Дөбө а., Сары-Дөбө а.
Ысык-Көл айыл аймагы Ысык-Көл а., Ынтымак а.
Карасаев айыл аймагы Тасма а., Токтоян а., Чоң-Тогуз-Бай а.
Кутургу айыл аймагы Кутургу а., Кичи-Өрүктү а., Ой-Булак а., Ой-Тал а.
Михайловка айыл аймагы Михайловка а.
Сан-Таш айыл аймагы Сан-Таш а., Байзак а., Каркыра а., Кең-Суу а., Сары-Тологой а.
Сары-Булак айыл аймагы Балбай а., Күрмөнтү а.
Талды-Суу айыл аймагы Талды-Суу а., Ичке-Суу а., Көөчү а., Корумду а.
Тогуз-Булак айыл аймагы Тогуз-Булак а., Сары-Булуң а.
Түп айыл аймагы Түп а., Бирлик а., Шаты а.
Чоң-Таш айыл аймагы Чоң-Таш а., Жылуу-Булак а.
Балыкчы шаары
50 814

(51 305 ― баш ийген

калктуу конуштар менен)

Орто-Токой шаар тибиндеги посёлок жок
Каракол шаары
81 522

(84 351 ― баш ийген

калктуу конуштар менен)

Пржевальск-Пристаны шаар тибиндеги посёлок жок

Кыргыз АО (1924―1926)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1924-жылдын 16-сентябрында Түркстан АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин (БАК) кезексиз сессиясы Орто Азияны улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшү жөнүндө чечим кабыл алган. Чечимдин алкагында ОСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү жарыяланган. Бул чечим 1924-жылы 14-октябрда Бүткүл орусиялык борбордук аткаруу комитетинин (БОБАК) 2-сессиясында бекитилген жана 1925-жылдын 11-майында Бүткүл орусиялык советтердин жыйынында жактырылган. 1925-жылдын май айынан Кара-Кыргыз АО Кыргыз АО аталып баштайт[12].

Автономиялуу облусунда 4 аймак негизделген — Пишпек (21 болуш менен), Каракол-Нарын (16 болуш), Ош (20 болуш) жана Жалал-Абад (19 болуш). Болуштар 269 айыл кеңештерге бөлүнүп 1173 калктуу конуштарды камтыган[13].

Кыргыз АССР (1926―1936)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз АССРдин 1926-1928-жж. болгон кантондорго бөлүнүшү

1-февраль 1926-жылы Кыргыз АО Кыргыз АССРге айланган. Ошол эле учурда анын жаңы административдик-аймактык бөлүнүшү бекитилген. Ага ылайык аймактардын оруна 7 кантон орнолгон: Чүй, Талас, Каракол, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Фрунзе. Кантондор 52 болушка, алар 455 айыл кеңешине бөлүнгөн. Ушул эле жылы Пишпектин аталышы Фрунзеге өзгөргөн.

1928-жылы Чүй кантону Фрунзе кантонуна кошулган, Жалал-Абад менен Ош кантондору Ош аймагына бириккен. Ошол эле учурда болуштарга бөлүнүсүнөн райондорго бөлүнүшүнө өтүү башталган. 1929-жылына Кыргыз АССР 1 аймака, 5 кантонго, 13 районго, 29 болушка жана 441 айыл кеңештерге бөлүнгөн.

1930-жылы Кыргызстанда, ошондой эле бүткүл Советтер Союзунда кантондорго бөлүнүү жоюлган. Кыргыз АССР райондорго, алар айыл кеңештерге бөлүнүп калган.

Кыргыз ССР (1936―1991)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

31-август 1991-жылы Кыргыз Республикасы жаралат.

7-февраль 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Үч-Терек району түптөлгөн, бирок 1998-жылдын 30-сентябрында жоюлган. 1992-жылдын 27-февралында Ош облусунун Чоң-Алай району түзүлгөн.

1992-жылдын 6 мартында кээ бир райондордун аталыштары өзгөргөн: Жаңы-Жол — Аксыга, Киров — Кара-Буурага, Ленинполь — Бакай-Атага, Ленин — Ноокенге, Совет — Кара-Кулжага, Фрунзе — Кадамжайга. Ошол эле учурда Нарын облусунун Суусамыр району түзүлгөн (1994-жылдын 28-майында Чүй облусуна өткөрүлүп берилген, 1995-жылдын августунда жоюлган.

1993-жылдын 8-майында Калинин районун аталышы Жайыл районуна өзгөргөн.

1994-жылдын 16-апрелинде Чүй району жоюлган.

1998-жылдын 3-сентябрында Кант району Ысык-Ата районуна кошулган.

1999-жылдын 13-октябрында Ош облусунун Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун чек арасында Баткен облусу түзүлгөн.

  1. А. Осмоналиевдин редакциясында: Кыргыз Республикасынын статистикалык жылдыгы 474 б. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2016).
  2. 2.0 2.1 2.2 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги. Текшерилген күнү 21 -январь (үчтүн айы) 2018.
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 3.4 3.5 3.6 3.7 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
  4. Мамлекеттик классификатор, 11.05.2021, к. 78—79
  5. Мамлекеттик классификатор, 11.05.2021, к. 38—45
  6. Мамлекеттик классификатор, 11.05.2021, к. 16—31
  7. Мамлекеттик классификатор, 11.05.2021, к. 31—38
  8. Мамлекеттик классификатор, 11.05.2021, к. 45—60
  9. Мамлекеттик классификатор, 11.05.2021, к. 60—64
  10. Мамлекеттик классификатор, 11.05.2021, к. 64—78
  11. Мамлекеттик классификатор, 11.05.2021, к. 9—16
  12. Калып:Книга
  13. Калып:Книга